БОСОГО: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БОСОГО ''' г е о г р а ф и я д а – 1) эки тоонун аралыгындагы же бир эле тоону кесип өткөн кененирээк ''капчыгай'' же өндүр. | '''БОСОГО ''' г е о г р а ф и я д а – 1) эки тоонун аралыгындагы же бир эле тоону кесип өткөн кененирээк ''капчыгай'' же өндүр. «Босого» адатта тектоникалык жол менен пайда болот: туурасынан жаткан грабен же кырка тоонун антиклиналдык жонунун жерге чөккөн кайкысы. Мындай жерлерге – Жонгор Босогосу (же дарбазасы; Жонгор Ала-Тоосу менен Бирлик-Тоо, Майлы-Тоо кырка тоолорунун аралыгында), Темирлан Босогосу (же дарбазасы; Малгузар тоосу менен Нура-Тоонун аралыгында), Кыргызстандагы ''Босого капчыгайы'' (Ат-Башы кырка тоосу менен Нарын кырка тоосунун аралыгында) ж. б. кирет. 2) Дарыя нугундагы аска таштуу тайыз жерлер, бөгөттөр. Адатта Босоголор жер бетине чыгып жаткан чулу тоо тектерден же алардын аскалуу кырларын суу жеп, кырып кете албагандыгынан пайда болот. Босогодон кийин нук эӊкейиштеп, суу шар агат (3–5 ''м/сек''). Кээде ''шаркыратмалар'' да Босоголорго айланат. Босоголор көбүнчө тоо дарыяларына мүнөздүү; түздүктөрдөгү айрым дарыяларда да болот. Кеме каттоого көп тоскоолдук кылат. Кыргызстандын дээрлик бардык дарыяларында Босоголор бар. Босоголуу нуктарга ГЭСтер курулат. Босого топоним же анын бир бөлүгү катары Кыргызстандын аймагында арбын кездешет: Кара-Кулжа районундагы кыштак, тоо чокусу – Босого, Босого – Ак-Таш, Ат-Башы районундагы капчыгай – Босого, Кайыӊды суусунун сол куймасы – Босого-Таш (Токтогул району) аталат. 3) Эшиктин каалга бекитилген жыгачы, кашеги. 4) Үйдүн кире бериши, ирегеси. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
10:29, 29 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы
БОСОГО г е о г р а ф и я д а – 1) эки тоонун аралыгындагы же бир эле тоону кесип өткөн кененирээк капчыгай же өндүр. «Босого» адатта тектоникалык жол менен пайда болот: туурасынан жаткан грабен же кырка тоонун антиклиналдык жонунун жерге чөккөн кайкысы. Мындай жерлерге – Жонгор Босогосу (же дарбазасы; Жонгор Ала-Тоосу менен Бирлик-Тоо, Майлы-Тоо кырка тоолорунун аралыгында), Темирлан Босогосу (же дарбазасы; Малгузар тоосу менен Нура-Тоонун аралыгында), Кыргызстандагы Босого капчыгайы (Ат-Башы кырка тоосу менен Нарын кырка тоосунун аралыгында) ж. б. кирет. 2) Дарыя нугундагы аска таштуу тайыз жерлер, бөгөттөр. Адатта Босоголор жер бетине чыгып жаткан чулу тоо тектерден же алардын аскалуу кырларын суу жеп, кырып кете албагандыгынан пайда болот. Босогодон кийин нук эӊкейиштеп, суу шар агат (3–5 м/сек). Кээде шаркыратмалар да Босоголорго айланат. Босоголор көбүнчө тоо дарыяларына мүнөздүү; түздүктөрдөгү айрым дарыяларда да болот. Кеме каттоого көп тоскоолдук кылат. Кыргызстандын дээрлик бардык дарыяларында Босоголор бар. Босоголуу нуктарга ГЭСтер курулат. Босого топоним же анын бир бөлүгү катары Кыргызстандын аймагында арбын кездешет: Кара-Кулжа районундагы кыштак, тоо чокусу – Босого, Босого – Ак-Таш, Ат-Башы районундагы капчыгай – Босого, Кайыӊды суусунун сол куймасы – Босого-Таш (Токтогул району) аталат. 3) Эшиктин каалга бекитилген жыгачы, кашеги. 4) Үйдүн кире бериши, ирегеси.