БОСОГО КАПЧЫГАЙЫ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БОСОГО КАПЧЫГАЙЫ ''' Ат-Башы өрөөнүнүн чыгышында. Ат-Башы кырка тоосунун чыгыш бөлүгү | '''БОСОГО КАПЧЫГАЙЫ ''' Ат-Башы өрөөнүнүн чыгышында. Ат-Башы кырка тоосунун чыгыш бөлүгү менен Нарын кырка тоосунун кошулган жериндеги кууш жана кооз капчыгай. Узундугу 4 ''км''. Деӊиз деӊгээлинен бийиктиги 2600 ''м''. Таманы кууш, 100–150 ''м'', айрым жерлерде 30–50 ''м''. Капчыгай тек-<br/> | ||
<br/> | |||
[[File:БОСОГО КАПЧЫГАЙЫ26.png | thumb | none]] | [[File:БОСОГО КАПЧЫГАЙЫ26.png | thumb | none]] | ||
тоникалык тереӊ жаракадан жана суу эрозиясынан пайда болгон. Капталдары көбүнчө тик. Суу бойлой эни 50 ''м''ге жеткен кууш тектирлер созулуп жатат. Суудан 50 ''м'' бийиктикте капчыгайдын кырлары үстү тегиз тектирге айланат. Өрөөндүн туурасы Босого кыштагы тушта 400 ''м''ге чейин кеӊейет. Ичке-Камандын чатынан жогорураак Ат-Башы өрөөнү башталат. Капчыгай аркылуу ''Ат-Башы'' суусу агат. Босого капчыгайы токой-шалбаалуу талаа зонасында жатат. Капчыгай ичи карагай токойлуу (айрыкча сол капталы). Карагайга аралаш арча, четин, шилби, ит мурун, жапайы кызыл карагат, бөрү карагат, ыргай ж. б. бадалдар кезигет. Капчыгайдын этеги кылканактуу түркүн чөптүү талаа ландшафттуу. Босого капчыгайы аркылуу Ат-Башы өрөөнүн Ак-Сай сырттары менен байланыштырган автомобиль жолу өтөт. Капчыгайда токой чарбасы бар. | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
10:39, 29 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы
БОСОГО КАПЧЫГАЙЫ Ат-Башы өрөөнүнүн чыгышында. Ат-Башы кырка тоосунун чыгыш бөлүгү менен Нарын кырка тоосунун кошулган жериндеги кууш жана кооз капчыгай. Узундугу 4 км. Деӊиз деӊгээлинен бийиктиги 2600 м. Таманы кууш, 100–150 м, айрым жерлерде 30–50 м. Капчыгай тек-

тоникалык тереӊ жаракадан жана суу эрозиясынан пайда болгон. Капталдары көбүнчө тик. Суу бойлой эни 50 мге жеткен кууш тектирлер созулуп жатат. Суудан 50 м бийиктикте капчыгайдын кырлары үстү тегиз тектирге айланат. Өрөөндүн туурасы Босого кыштагы тушта 400 мге чейин кеӊейет. Ичке-Камандын чатынан жогорураак Ат-Башы өрөөнү башталат. Капчыгай аркылуу Ат-Башы суусу агат. Босого капчыгайы токой-шалбаалуу талаа зонасында жатат. Капчыгай ичи карагай токойлуу (айрыкча сол капталы). Карагайга аралаш арча, четин, шилби, ит мурун, жапайы кызыл карагат, бөрү карагат, ыргай ж. б. бадалдар кезигет. Капчыгайдын этеги кылканактуу түркүн чөптүү талаа ландшафттуу. Босого капчыгайы аркылуу Ат-Башы өрөөнүн Ак-Сай сырттары менен байланыштырган автомобиль жолу өтөт. Капчыгайда токой чарбасы бар.