БОШНЯКТАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БОШНЯКТАР''' , б о с н и я л ы к т а р, б о с н и я л ы к м у с у л м а н д а р (өздөрүн bosnjaci, muslimane деп аташат) – түштүк-славян эли, Босния ж-а Герцеговинада жашаган ири этникалык топ. Сербиянын Санжак обл-нда, Черногория, Македония, Хорватия, Австрия, Түркияда да жашашат. Жалпы саны 3 млн киши (2013). Босния (босан) тилинде сүйлөшөт. Дини – мусулман-сунниттер; христиандар, иудейлер да бар. Б-дын этностук негизин осмон-түрк басып алууларынын (1463–82) мезгилинде ислам динине өткөн Босния ж-а Герцеговинадагы славян калкы, о. эле мусулман топтору (түрк, араб, курд ж. б.) түзгөн. «Б.» деген аталыш расмий түрдө 1993-ж. (буга чейин мусулмандар деп аталган) кабыл алынган. Мал чарбачылык, дыйканчылык ж-а бакчачылык м-н кесиптенишип, шаардыктар кабаттуу үйлөрдө, айылдыктар квартал-махалаларга бөлүнүп жашашат. Улуттук кийими – кенен көйнөк, шым (дими), желет (антерия), башына кызыл топу (конус тибинде) кийишип, эркектер белине жазы кур байлашат. Аялдардын жүздөрүн жабуу салты негизинен шаарларда сакталып, 1950-ж. расмий түрдө жокко чыгарылган. Тамак-ашы – негизинен ун, эт, дан азыктары.
'''БОШНЯКТАР''' , б о с н и я л ы к т а р, б о с н и я л ы к м у с у л м а н д а р (өздөрүн bosnjaci, muslimane деп аташат) – түштүк-славян эли, Босния жана Герцеговинада жашаган ири этникалык топ. Сербиянын Санжак облусунда, Черногория, Македония, Хорватия, Австрия, Түркияда да жашашат. Жалпы саны 3 млн киши (2013). Босния (босан) тилинде сүйлөшөт. Дини – мусулман-сунниттер; христиандар, иудейлер да бар. Бошняктардын этностук негизин осмон-түрк басып алууларынын (1463–82) мезгилинде ислам динине өткөн Босния жана Герцеговинадагы славян калкы, ошондой эле мусулман топтору (түрк, араб, курд ж. б.) түзгөн. «Бошняктар» деген аталыш расмий түрдө 1993-жылы (буга чейин мусулмандар деп аталган) кабыл алынган. Мал чарбачылык, дыйканчылык жана бакчачылык менен кесиптенишип, шаардыктар кабаттуу үйлөрдө, айылдыктар квартал-махалаларга бөлүнүп жашашат. Улуттук кийими – кенен көйнөк, шым (дими), желет (антерия), башына кызыл топу (конус тибинде) кийишип, эркектер белине жазы кур байлашат. Аялдардын жүздөрүн жабуу салты негизинен шаарларда сакталып, 1950-жылы  расмий түрдө жокко чыгарылган. Тамак-ашы – негизинен ун, эт, дан азыктары.<br/>''Ш. Керимова.''<br/>
<br/>''Ш. Керимова.''
<br/>
[[File:БОШНЯКТАР41.png | thumb | none]]
[[File:БОШНЯКТАР41.png | thumb | none]]
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:33, 6 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

БОШНЯКТАР , б о с н и я л ы к т а р, б о с н и я л ы к м у с у л м а н д а р (өздөрүн bosnjaci, muslimane деп аташат) – түштүк-славян эли, Босния жана Герцеговинада жашаган ири этникалык топ. Сербиянын Санжак облусунда, Черногория, Македония, Хорватия, Австрия, Түркияда да жашашат. Жалпы саны 3 млн киши (2013). Босния (босан) тилинде сүйлөшөт. Дини – мусулман-сунниттер; христиандар, иудейлер да бар. Бошняктардын этностук негизин осмон-түрк басып алууларынын (1463–82) мезгилинде ислам динине өткөн Босния жана Герцеговинадагы славян калкы, ошондой эле мусулман топтору (түрк, араб, курд ж. б.) түзгөн. «Бошняктар» деген аталыш расмий түрдө 1993-жылы (буга чейин мусулмандар деп аталган) кабыл алынган. Мал чарбачылык, дыйканчылык жана бакчачылык менен кесиптенишип, шаардыктар кабаттуу үйлөрдө, айылдыктар квартал-махалаларга бөлүнүп жашашат. Улуттук кийими – кенен көйнөк, шым (дими), желет (антерия), башына кызыл топу (конус тибинде) кийишип, эркектер белине жазы кур байлашат. Аялдардын жүздөрүн жабуу салты негизинен шаарларда сакталып, 1950-жылы расмий түрдө жокко чыгарылган. Тамак-ашы – негизинен ун, эт, дан азыктары.
Ш. Керимова.