БРАНДТ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БРАНДТ ''' Вилли [өз аты жөнү Герберт Эрнст Карл Фрам (18. 12. 1913, Любек – 8. 10. 1992, Рейнланд-Гиральц жери, Ункель)] – германиялык | '''БРАНДТ ''' '''Вилли''' [өз аты жөнү Герберт Эрнст Карл Фрам (18. 12. 1913, Любек – 8. 10. 1992, Рейнланд-Гиральц жери, Ункель)] – германиялык мамлекеттик ишмер; ГФРдин федералдык канцлери (1969–74). Жаш чагынан эле жаштардын социал-демократиялык кыймылына активдүү катышып, Германиянын социал-демократиялык партиясына мүчө болгон. 1932-жылы ал гестаподон Вилли Брандт деген ат менен жашырынып Норвегияга, 1933-жылы Германия Норвегияны басып алгандан кийин Швецияга кеткен. 1945-жылы Германияга кайтып келет. 1949-жылдан ГФР бундестагынын депутаты. 1957–66-жылдары Батыш Берлиндин бургомистри, 1964–87-жылдары Германиянын социал-демократиялык партиясынын төрагасы, 1987-жылдан ардактуу төрагасы. 1966–69-жылдары түзүлгөн христиан демократтардын жана социал-демократтардын коалициялык өкмөтүнүн вице-канцлери, тышкы иштер министри, 1969–74-жылдары ГФРдин федералдык канцлери болгон. Брандттын өкмөтү тышкы саясатта СССР ж. б. социалисттик өлкөлөр менен мамилелерди жакшыртууга шарт түзгөн (Брандттын «жаӊы чыгыш саясаты»), ГФР БУУга мүчө болуп кирген. 1976-жылдан БУУнун дүйнөлүк экономиканын маселелери боюнча комиссиясынын төрагасы болгон. Европада оор саясий абалды жеӊилдетүүгө салым кошкондугу үчүн Брандт Нобель сыйлыгын алган (1971). 1974-жылы апрелде отставкага чыккан.<br/> | ||
<br/> | |||
[[File:БРАНДТ58.png | thumb | none]] | [[File:БРАНДТ58.png | thumb | none]] | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
09:54, 6 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы
БРАНДТ Вилли [өз аты жөнү Герберт Эрнст Карл Фрам (18. 12. 1913, Любек – 8. 10. 1992, Рейнланд-Гиральц жери, Ункель)] – германиялык мамлекеттик ишмер; ГФРдин федералдык канцлери (1969–74). Жаш чагынан эле жаштардын социал-демократиялык кыймылына активдүү катышып, Германиянын социал-демократиялык партиясына мүчө болгон. 1932-жылы ал гестаподон Вилли Брандт деген ат менен жашырынып Норвегияга, 1933-жылы Германия Норвегияны басып алгандан кийин Швецияга кеткен. 1945-жылы Германияга кайтып келет. 1949-жылдан ГФР бундестагынын депутаты. 1957–66-жылдары Батыш Берлиндин бургомистри, 1964–87-жылдары Германиянын социал-демократиялык партиясынын төрагасы, 1987-жылдан ардактуу төрагасы. 1966–69-жылдары түзүлгөн христиан демократтардын жана социал-демократтардын коалициялык өкмөтүнүн вице-канцлери, тышкы иштер министри, 1969–74-жылдары ГФРдин федералдык канцлери болгон. Брандттын өкмөтү тышкы саясатта СССР ж. б. социалисттик өлкөлөр менен мамилелерди жакшыртууга шарт түзгөн (Брандттын «жаӊы чыгыш саясаты»), ГФР БУУга мүчө болуп кирген. 1976-жылдан БУУнун дүйнөлүк экономиканын маселелери боюнча комиссиясынын төрагасы болгон. Европада оор саясий абалды жеӊилдетүүгө салым кошкондугу үчүн Брандт Нобель сыйлыгын алган (1971). 1974-жылы апрелде отставкага чыккан.
