БРЕХТ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БРЕХТ ''' Бертольт (10. 2. 1898, Аугсбург – 14. 8. 1956, Берлин) – немец жазуучусу, режиссёр, коомдук ишмер. Мюнхен | '''БРЕХТ ''' '''Бертольт''' (10. 2. 1898, Аугсбург – 14. 8. 1956, Берлин) – немец жазуучусу, режиссёр, коомдук ишмер. Мюнхен университетинин медицина факультетинде окуган. Ал «Курман болгон солдат жөнүндө легенда» (1918) аттуу согушка каршы жазылган сатиралык балладасы менен элге кеӊири таанылган. Экспрессионизмге полемика катары жазган «Ваал» (1918), «Шаар уюктарында» (1924) пьесаларын жарыялаган. Анын көз карашындагы коомдук, философиялык, саясий өзгөрүштөр «Ал солдат менен бул солдатта эмне айырма» (1927) пьесасы мн «Махагони» музыкалык комедиясында ачык көрүнөт.<br/> | ||
<br/> | [[File:БРЕХТ62.png | thumb | none]]Фашисттер өкмөт башына келгенден кийин (1933) ал Германиядан кетип, эмиграцияда жүргөн жылдары «Сезуандык мээримдүү киши» (1938–40), «Кураж эне жана анын балдары» (1939), «Галилейдин турмушу» (1938–39) жана «Швейк экинчи дүйнөлүк согушта» (1944) аттуу ж. б. жаӊычыл чыгармаларын жазган. Эмиграциядан келип, 1949-жылы атактуу «Берлин ансамбли» театрын уюштурган. ГДРдин 1-даражадагы улуттук сыйлыгын (1951), Элдердин ортосундагы тынчтыкты чыӊдагандыгы үчүн эл аралык Лениндик сыйлыктын лауреаты (1954) болгон. | ||
[[File:БРЕХТ62.png | thumb | none]] | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
04:58, 7 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы
БРЕХТ Бертольт (10. 2. 1898, Аугсбург – 14. 8. 1956, Берлин) – немец жазуучусу, режиссёр, коомдук ишмер. Мюнхен университетинин медицина факультетинде окуган. Ал «Курман болгон солдат жөнүндө легенда» (1918) аттуу согушка каршы жазылган сатиралык балладасы менен элге кеӊири таанылган. Экспрессионизмге полемика катары жазган «Ваал» (1918), «Шаар уюктарында» (1924) пьесаларын жарыялаган. Анын көз карашындагы коомдук, философиялык, саясий өзгөрүштөр «Ал солдат менен бул солдатта эмне айырма» (1927) пьесасы мн «Махагони» музыкалык комедиясында ачык көрүнөт.

Фашисттер өкмөт башына келгенден кийин (1933) ал Германиядан кетип, эмиграцияда жүргөн жылдары «Сезуандык мээримдүү киши» (1938–40), «Кураж эне жана анын балдары» (1939), «Галилейдин турмушу» (1938–39) жана «Швейк экинчи дүйнөлүк согушта» (1944) аттуу ж. б. жаӊычыл чыгармаларын жазган. Эмиграциядан келип, 1949-жылы атактуу «Берлин ансамбли» театрын уюштурган. ГДРдин 1-даражадагы улуттук сыйлыгын (1951), Элдердин ортосундагы тынчтыкты чыӊдагандыгы үчүн эл аралык Лениндик сыйлыктын лауреаты (1954) болгон.