БРИТАН ИМПЕРИЯСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''БРИТА́Н ИМПЕРИЯСЫ ''' – Улуу Британиянын ж-а анын колониялык ээликтеринин жалпысынан аталышы. Англия 12-к-да Ирландияны, 1583-ж. Ньюфаундленд а-н каратып, 1607-ж. Түн. Америкада (Виргиния) алгачкы колониясын негиздеген. 16-к-дын аягы – 17-к-дын башындагы согуштарда өзүнүн башкы атаандашы Испанияга бир нече жолу катуу сокку урган. Англиянын Ост-Индия ири соода монополия компаниясы соода жүргүзүү м-н гана чектелбестен, Азия м-н Африкадагы мерчемдүү жерлерди ээлеп ала баштаган. 17-к-да ошол кездеги күчтүү колониялык державалар – Испанияга, Голландияга, Францияга каршы күрөштө англ. колониячылар жеӊип чыгып, Азия, Африка ж-а Америкада зор аймактарга ээ болушкан. 1775–83-ж. Түн. Америкада көз каранды эместик үчүн жүргүзүлгөн согуштун натыйжасында Англия андагы 13 колониясынан ажыраган. Бирок буга карабастан, Англия 19-к-дын 1-жарымында Австралия, Жаӊы Зеландия ж-а Түш. Африканы колониялаштырууга өтөт. Соода жүргүзүү үчүн Кытайдын бир катар портторун зордук м-н пайдаланып, басып алган Сянган (Гонконг) а-н, кийин Кытайдагы экспансиясынын таяныч пунктуна айландырган. 19-к-дын ортосунан баштап Улуу Британия зор аймактуу колонияларга ээ болуп, дүйнөлүк рынокто монополиялык абалга жетишкен. Б. и-нда экон. байланыш системасы түзүлүп, колониялар сырьё берүүчү булакка ж-а товарларды сатып өткөрүүчү рынокко айланган. Англиянын колониялык эзүүсүнүн күчөшүнөн бир катар көтөрүлүштөр чыккан. Алардын эӊ ириси – Индиядагы элдик көтөрүлүш (1857–59) колониячыларды Индиядагы башкаруу системасын өзгөртүүгө мажбур кылып, 1858-ж. Ост-Индия компаниясы жоюлган. 20-к-да колониялык системанын бузулушу м-н Б. и. деген түшүнүктүн ордуна Улуттардын Британ шериктештиги түшүнүгү киргизилген, 1947-жылдан Шериктештик деп аталат. Ага Улуу Британия ж-а анын мурдагы көпчүлүк доминиондору ж-а колониялары кирген.
'''БРИТА́Н ИМПЕРИЯСЫ ''' – Улуу Британиянын жана анын колониялык ээликтеринин жалпысынан аталышы. Англия 12-кылымда Ирландияны, 1583-жылы Ньюфаундленд аралын каратып, 1607-жылы Түндүк Америкада (Виргиния) алгачкы колониясын негиздеген. 16-кылымдын аягы – 17-кылымдын башындагы согуштарда өзүнүн башкы атаандашы Испанияга бир нече жолу катуу сокку урган. Англиянын Ост-Индия ири соода монополия компаниясы соода жүргүзүү менен гана чектелбестен, Азия менен Африкадагы мерчемдүү жерлерди ээлеп ала баштаган. 17-кылымда ошол кездеги күчтүү колониялык державалар – Испанияга, Голландияга, Францияга каршы күрөштө англиялык колониячылар жеӊип чыгып, Азия, Африка жана Америкада зор аймактарга ээ болушкан. 1775–83-жылдары Түндүк Америкада көз каранды эместик үчүн жүргүзүлгөн согуштун натыйжасында Англия андагы 13 колониясынан ажыраган. Бирок буга карабастан, Англия 19-кылымдын 1-жарымында Австралия, Жаӊы Зеландия жана Түштүк Африканы колониялаштырууга өтөт. Соода жүргүзүү үчүн Кытайдын бир катар портторун зордук менен пайдаланып, басып алган Сянган (Гонконг) аралын, кийин Кытайдагы экспансиясынын таяныч пунктуна айландырган. 19-кылымдын ортосунан баштап Улуу Британия зор аймактуу колонияларга ээ болуп, дүйнөлүк рынокто монополиялык абалга жетишкен. Британия империясында экономикалык байланыш системасы түзүлүп, колониялар сырьё берүүчү булакка жана товарларды сатып өткөрүүчү рынокко айланган. Англиянын колониялык эзүүсүнүн күчөшүнөн бир катар көтөрүлүштөр чыккан. Алардын эӊ ириси – Индиядагы элдик көтөрүлүш (1857–59) колониячыларды Индиядагы башкаруу системасын өзгөртүүгө мажбур кылып, 1858-жылы Ост-Индия компаниясы жоюлган. 20-кылымда колониялык системанын бузулушу менен Британия империясы деген түшүнүктүн ордуна Улуттардын Британ шериктештиги түшүнүгү киргизилген, 1947-жылдан Шериктештик деп аталат. Ага Улуу Британия жана анын мурдагы көпчүлүк доминиондору жана колониялары кирген.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:42, 7 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

БРИТА́Н ИМПЕРИЯСЫ – Улуу Британиянын жана анын колониялык ээликтеринин жалпысынан аталышы. Англия 12-кылымда Ирландияны, 1583-жылы Ньюфаундленд аралын каратып, 1607-жылы Түндүк Америкада (Виргиния) алгачкы колониясын негиздеген. 16-кылымдын аягы – 17-кылымдын башындагы согуштарда өзүнүн башкы атаандашы Испанияга бир нече жолу катуу сокку урган. Англиянын Ост-Индия ири соода монополия компаниясы соода жүргүзүү менен гана чектелбестен, Азия менен Африкадагы мерчемдүү жерлерди ээлеп ала баштаган. 17-кылымда ошол кездеги күчтүү колониялык державалар – Испанияга, Голландияга, Францияга каршы күрөштө англиялык колониячылар жеӊип чыгып, Азия, Африка жана Америкада зор аймактарга ээ болушкан. 1775–83-жылдары Түндүк Америкада көз каранды эместик үчүн жүргүзүлгөн согуштун натыйжасында Англия андагы 13 колониясынан ажыраган. Бирок буга карабастан, Англия 19-кылымдын 1-жарымында Австралия, Жаӊы Зеландия жана Түштүк Африканы колониялаштырууга өтөт. Соода жүргүзүү үчүн Кытайдын бир катар портторун зордук менен пайдаланып, басып алган Сянган (Гонконг) аралын, кийин Кытайдагы экспансиясынын таяныч пунктуна айландырган. 19-кылымдын ортосунан баштап Улуу Британия зор аймактуу колонияларга ээ болуп, дүйнөлүк рынокто монополиялык абалга жетишкен. Британия империясында экономикалык байланыш системасы түзүлүп, колониялар сырьё берүүчү булакка жана товарларды сатып өткөрүүчү рынокко айланган. Англиянын колониялык эзүүсүнүн күчөшүнөн бир катар көтөрүлүштөр чыккан. Алардын эӊ ириси – Индиядагы элдик көтөрүлүш (1857–59) колониячыларды Индиядагы башкаруу системасын өзгөртүүгө мажбур кылып, 1858-жылы Ост-Индия компаниясы жоюлган. 20-кылымда колониялык системанын бузулушу менен Британия империясы деген түшүнүктүн ордуна Улуттардын Британ шериктештиги түшүнүгү киргизилген, 1947-жылдан Шериктештик деп аталат. Ага Улуу Британия жана анын мурдагы көпчүлүк доминиондору жана колониялары кирген.