БРУНО: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БРУ́НО ''' Жордано, Филиппо (1548, Неаполго жакын жерде –17. 2. 1600, Рим) — итал. философ, акын, астроном. Ал 1575-ж. Монахтыктан баш тартат. Динчилер куугунтукка алганда, Италиядан качып, Францияда, Англияда, Германияда жашайт. Схоластикалык философияга, католиктер чиркөөсүнө каршы чыгармаларын жазат. 1592-ж. динчилер аны Венецияга алдап чакырып, кайрыдин болду деп айыптап, 8 жылга камакка алат. Ал өз ой-пикиринен танбагандыктан, инквизаторлор тарабынан өрттөлөт. Николай Кузанскийдин идеяларын ж-а Н. Коперниктин гелиоборб. космологиясын өнүктүрүп, Ааламдын чексиздиги ж-а дүйнөнүн сансыз көптүгү ж-дөгү концепцияны киргизген. Ал гелиоборб. теорияны андан ары өөрчүтүп, тирүү организмдер жашоочу Күн системасынан тышкары да Аалам бар деген маанилүү ил. божомол айткан; Аалам чексиз, бардык нерсе кыймылдап, тынымсыз өнүгүп, жерде да, асманда да жаратылыштын мыйзамдары бирдей эле аракеттенет деп эсептеген. Б. илимдин таламын жактап, католиктер дининин позициясына ж-а догматтарына доо кетирген.
'''БРУ́НО ''' '''Жордано''' (өз аты Филиппо) (1548, Неаполго жакын жерде –17. 2. 1600, Рим) — италиялык философ, акын, астроном. Ал 1575-жылы монахтыктан баш тартат. Динчилер куугунтукка алганда, Италиядан качып, Францияда, Англияда, Германияда жашайт. Схоластикалык философияга, католиктер чиркөөсүнө каршы чыгармаларын жазат. 1592-жылы динчилер аны Венецияга алдап чакырып, кайрыдин болду деп айыптап, 8 жылга камакка алат. Ал өз ой-пикиринен танбагандыктан, инквизаторлор тарабынан өрттөлөт. Николай Кузанскийдин идеяларын жана Н. Коперниктин гелиоборбордук космологиясын өнүктүрүп, Ааламдын чексиздиги жана дүйнөнүн сансыз көптүгү жөнүндөгү концепцияны киргизген. Ал гелиоборбордук теорияны андан ары өөрчүтүп, тирүү организмдер жашоочу Күн системасынан тышкары да Аалам бар деген маанилүү илимий божомол айткан; Аалам чексиз, бардык нерсе кыймылдап, тынымсыз өнүгүп, жерде да, асманда да жаратылыштын мыйзамдары бирдей эле аракеттенет деп эсептеген. Бруно илимдин таламын жактап, католиктер дининин позициясына жана догматтарына доо кетирген.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:13, 8 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

БРУ́НО Жордано (өз аты Филиппо) (1548, Неаполго жакын жерде –17. 2. 1600, Рим) — италиялык философ, акын, астроном. Ал 1575-жылы монахтыктан баш тартат. Динчилер куугунтукка алганда, Италиядан качып, Францияда, Англияда, Германияда жашайт. Схоластикалык философияга, католиктер чиркөөсүнө каршы чыгармаларын жазат. 1592-жылы динчилер аны Венецияга алдап чакырып, кайрыдин болду деп айыптап, 8 жылга камакка алат. Ал өз ой-пикиринен танбагандыктан, инквизаторлор тарабынан өрттөлөт. Николай Кузанскийдин идеяларын жана Н. Коперниктин гелиоборбордук космологиясын өнүктүрүп, Ааламдын чексиздиги жана дүйнөнүн сансыз көптүгү жөнүндөгү концепцияны киргизген. Ал гелиоборбордук теорияны андан ары өөрчүтүп, тирүү организмдер жашоочу Күн системасынан тышкары да Аалам бар деген маанилүү илимий божомол айткан; Аалам чексиз, бардык нерсе кыймылдап, тынымсыз өнүгүп, жерде да, асманда да жаратылыштын мыйзамдары бирдей эле аракеттенет деп эсептеген. Бруно илимдин таламын жактап, католиктер дининин позициясына жана догматтарына доо кетирген.