БРЮГГЕ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БРЮ́ГГЕ ''' (фламандча Brugge, французча Bruges) – Бельгиянын | '''БРЮ́ГГЕ ''' (фламандча Brugge, французча Bruges) – Бельгиянын түндүк-батышындагы шаар. Францияда, Батыш Фландрия провинциясынын административдик борбору. Калкы 117,2 миӊ (2011). Деӊиз порту. Зебрюгге аванпорту (2004-жылы 32 млн т жүк ташылган) Түндүк деӊизи менен канал аркылуу байланышат. Брюгге – Остенде, Брюгге – Гент каналдарындагы кеме жол тоому. Алгач 7-кылымдан эскерилет. 10-кылымдан шаар. 1093-жылдан Фландрия графтыгынын борбору. 12–15-кылымдарда европалык кол өнөрчүлүктүн (нооту токуу) маанилүү борбору жана 1200-жылдан эл аралык соода ярмаркалары болот. 15-кылымда Европадагы эӊ ири деӊиз портуна айланган. Шаарда орто кылымдын архитектуралык өзгөчөлүгү болгон энсиз үйлөр, чиркөө, мунаралар жана кооз каналдар тармагы (80ге жакын, үйлөрдүн дубалдары каналдардын жээгинен көтөрүлгөн) көпүрөлөрү менен сакталган. Шаардын эски бөлүгүнүн борборунда аянттар, ратуша, базилика, соборлор, Синт-Якобскерк (1180–15-кылым), Кудай Эне (1210–1549, анда «Мадонна ымыркай бала менен» скульптурасы, Микеланжело, 1503–05, Мария Бургундская менен Карл Смелыйдын коло күмбөзү, 16-к.), Иерусалим (1428), Ыйык Вальпургия чиркөөлөрү ж. б. бар. Шаардын тарыхый борбору ''Бүткүл дүйнөлүк мурастын'' тизмесине кирген. Жогорку католик мектеби (1994), музейлер, фландриялык акын Гвидо Гезелленин үй музейи, театрлар иштейт. 1964-жылдан жыл сайын жайында көөнө музыка фестивалы өткөрүлөт. Аз тонналуу кемелерди куруу жана ремонттоочу, металл иштетүүчү, машина куруу, химиялык, текстиль, тигүү, тамак-аш (анын ичинен балык консервалары) өнөр жайы бар. Европадагы алмазды кырдоонун байыркы борборлорунун бири (бриллиант музейи бар). Салт болуп калган тор токуп сатуу, туризм өнүккөн. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
05:40, 8 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы
БРЮ́ГГЕ (фламандча Brugge, французча Bruges) – Бельгиянын түндүк-батышындагы шаар. Францияда, Батыш Фландрия провинциясынын административдик борбору. Калкы 117,2 миӊ (2011). Деӊиз порту. Зебрюгге аванпорту (2004-жылы 32 млн т жүк ташылган) Түндүк деӊизи менен канал аркылуу байланышат. Брюгге – Остенде, Брюгге – Гент каналдарындагы кеме жол тоому. Алгач 7-кылымдан эскерилет. 10-кылымдан шаар. 1093-жылдан Фландрия графтыгынын борбору. 12–15-кылымдарда европалык кол өнөрчүлүктүн (нооту токуу) маанилүү борбору жана 1200-жылдан эл аралык соода ярмаркалары болот. 15-кылымда Европадагы эӊ ири деӊиз портуна айланган. Шаарда орто кылымдын архитектуралык өзгөчөлүгү болгон энсиз үйлөр, чиркөө, мунаралар жана кооз каналдар тармагы (80ге жакын, үйлөрдүн дубалдары каналдардын жээгинен көтөрүлгөн) көпүрөлөрү менен сакталган. Шаардын эски бөлүгүнүн борборунда аянттар, ратуша, базилика, соборлор, Синт-Якобскерк (1180–15-кылым), Кудай Эне (1210–1549, анда «Мадонна ымыркай бала менен» скульптурасы, Микеланжело, 1503–05, Мария Бургундская менен Карл Смелыйдын коло күмбөзү, 16-к.), Иерусалим (1428), Ыйык Вальпургия чиркөөлөрү ж. б. бар. Шаардын тарыхый борбору Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Жогорку католик мектеби (1994), музейлер, фландриялык акын Гвидо Гезелленин үй музейи, театрлар иштейт. 1964-жылдан жыл сайын жайында көөнө музыка фестивалы өткөрүлөт. Аз тонналуу кемелерди куруу жана ремонттоочу, металл иштетүүчү, машина куруу, химиялык, текстиль, тигүү, тамак-аш (анын ичинен балык консервалары) өнөр жайы бар. Европадагы алмазды кырдоонун байыркы борборлорунун бири (бриллиант музейи бар). Салт болуп калган тор токуп сатуу, туризм өнүккөн.