БРЮЛЬ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БРЮЛЬ ''' – Германиядагы шаар. Түн. Рейн-Вестфалия жеринде (адм.-айм. бирдик). Калкы 44,2 миӊ (2006). Рейн д-нын өрөөнүндө, Кёльн м-н Бонн ш-нын ортосунда жайгашкан. 1285-ж. шаар статусун алган. 1469-жылдан Кёльн курфюрлугунун борбору, 1597-жылдан жайкы резиденциясы. Чептин ордуна кооз салтанат тепкичтүү Аугустусбург сарайы курулган. 1740-ж. Франциялык кенен парк (Жирардын долбоору м-н), англ. парк (П. Ж. Лене) уюшулган; паркта Фалькенлуст (1729–40, Кювилье) аӊчылык замогу бар. Сарай ж-а аӊчылык замогу ''Бүткүл дүйнөлүк мурастын'' тизмесине кирген. Франциск монастырынын бир аз бөлүгү, Ыйык Мария чиркөөсү сакталган. Федерация финансы, коомдук башкаруу академиялары, европ. ин-т, музейлер бар. Металл иштетүү, кагаз өнөр жайы иштейт. Пиво кайнатылат. Жыл сайын «Брюль замок концерттери» муз. аптасы, өспүрүмдөрдүн теннис б-ча турнирлери, «Фантазия өлкөсү» парк аттракциону өткөрүлөт. Туризмдин борбору.
'''БРЮЛЬ ''' – Германиядагы шаар. Түндүк Рейн-Вестфалия жеринде (административдик-аймактык бирдик). Калкы 44,2 миӊ (2006). Рейн дарыясынын өрөөнүндө, Кёльн менен Бонн шаарларынын ортосунда жайгашкан. 1285-жылы шаар статусун алган. 1469-жылдан Кёльн курфюрлугунун борбору, 1597-жылдан жайкы резиденциясы. Чептин ордуна кооз салтанат тепкичтүү Аугустусбург сарайы курулган. 1740-жылы Франциялык кенен парк (Жирардын долбоору менен), англиялык парк (П. Ж. Лене) уюшулган; паркта Фалькенлуст (1729–40, Кювилье) аӊчылык замогу бар. Сарай жана аӊчылык замогу ''Бүткүл дүйнөлүк мурастын'' тизмесине кирген. Франциск монастырынын бир аз бөлүгү, Ыйык Мария чиркөөсү сакталган. Федерация финансы, коомдук башкаруу академиялары, европалык  институт, музейлер бар. Металл иштетүү, кагаз өнөр жайы иштейт. Пиво кайнатылат. Жыл сайын «Брюль замок концерттери» музыкалык аптасы, өспүрүмдөрдүн теннис боюнча турнирлери, «Фантазия өлкөсү» парк аттракциону өткөрүлөт. Туризмдин борбору.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:48, 8 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

БРЮЛЬ – Германиядагы шаар. Түндүк Рейн-Вестфалия жеринде (административдик-аймактык бирдик). Калкы 44,2 миӊ (2006). Рейн дарыясынын өрөөнүндө, Кёльн менен Бонн шаарларынын ортосунда жайгашкан. 1285-жылы шаар статусун алган. 1469-жылдан Кёльн курфюрлугунун борбору, 1597-жылдан жайкы резиденциясы. Чептин ордуна кооз салтанат тепкичтүү Аугустусбург сарайы курулган. 1740-жылы Франциялык кенен парк (Жирардын долбоору менен), англиялык парк (П. Ж. Лене) уюшулган; паркта Фалькенлуст (1729–40, Кювилье) аӊчылык замогу бар. Сарай жана аӊчылык замогу Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Франциск монастырынын бир аз бөлүгү, Ыйык Мария чиркөөсү сакталган. Федерация финансы, коомдук башкаруу академиялары, европалык институт, музейлер бар. Металл иштетүү, кагаз өнөр жайы иштейт. Пиво кайнатылат. Жыл сайын «Брюль замок концерттери» музыкалык аптасы, өспүрүмдөрдүн теннис боюнча турнирлери, «Фантазия өлкөсү» парк аттракциону өткөрүлөт. Туризмдин борбору.