БРЮСОВ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БРЮ́СОВ ''' Валерий Яковлевич [1 (13). 12. 1873, Москва – 9. 10. 1924, ошол эле жер] – орус акыны, адабиятчы, сынчы, тарыхчы. Москва ун-тинин тарых-филология ф-тин бүтүргөн (1899). 1894–95-ж. жарыяланган ырлары француз символисттери П. Верлен, С. Малларменин поэзиясынын таасиринде жазылган. «Шедеврлер» (1895), «Бул – мен» (1897), «Үчүнчү күзөт» (1900) жыйнактары жарык көргөн. 1905-жылдагы рев-яны кубаттаса да, анын милдетин анархисттерче түшүнгөн. Акын, теоретик, драматург, прозачы, тарыхчы, котормочу катары орус ад-тынын өсүшүнө салым кошкон. Анын поэзиясына тарыхый, маданий маселелер, рационализм, декламациялык түзүлүш мүнөздүү. «Шаарга жана жер жүзүнө» (1903), «Гүлчамбар» (1906) деген ыр китептери, «Жалындуу периште» (1908), «Жеӊиш курмандыгы» (1913) тарыхый романдары бар. Өмүрүнүн акырында «Акыркы үмүттөр» (1920), «Көз ирмем» (1922) ж. б. ыр китептери жарык көргөн. Аны М. Горький: «Россиядагы эӊ маданияттуу жазуучу» деп атаган.
'''БРЮ́СОВ ''' '''Валерий Яковлевич''' [1 (13). 12. 1873, Москва – 9. 10. 1924, ошол эле жер] – орус акыны, адабиятчы, сынчы, тарыхчы. Москва университетинин тарых-филология факультетин бүтүргөн (1899). 1894–95-жылдарда жарыяланган ырлары француз символисттери П. Верлен, С. Малларменин поэзиясынын таасиринде жазылган. «Шедеврлер» (1895), «Бул – мен» (1897), «Үчүнчү күзөт» (1900) жыйнактары жарык көргөн. 1905-жылдагы революцияны кубаттаса да, анын милдетин анархисттерче түшүнгөн. Акын, теоретик, драматург, прозачы, тарыхчы, котормочу катары орус адабиятынын өсүшүнө салым кошкон. Анын поэзиясына тарыхый, маданий маселелер, рационализм, декламациялык түзүлүш мүнөздүү. «Шаарга жана жер жүзүнө» (1903), «Гүлчамбар» (1906) деген ыр китептери, «Жалындуу периште» (1908), «Жеӊиш курмандыгы» (1913) тарыхый романдары бар. Өмүрүнүн акырында «Акыркы үмүттөр» (1920), «Көз ирмем» (1922) ж. б. ыр китептери жарык көргөн. Аны М. Горький: «Россиядагы эӊ маданияттуу жазуучу» деп атаган.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:50, 8 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

БРЮ́СОВ Валерий Яковлевич [1 (13). 12. 1873, Москва – 9. 10. 1924, ошол эле жер] – орус акыны, адабиятчы, сынчы, тарыхчы. Москва университетинин тарых-филология факультетин бүтүргөн (1899). 1894–95-жылдарда жарыяланган ырлары француз символисттери П. Верлен, С. Малларменин поэзиясынын таасиринде жазылган. «Шедеврлер» (1895), «Бул – мен» (1897), «Үчүнчү күзөт» (1900) жыйнактары жарык көргөн. 1905-жылдагы революцияны кубаттаса да, анын милдетин анархисттерче түшүнгөн. Акын, теоретик, драматург, прозачы, тарыхчы, котормочу катары орус адабиятынын өсүшүнө салым кошкон. Анын поэзиясына тарыхый, маданий маселелер, рационализм, декламациялык түзүлүш мүнөздүү. «Шаарга жана жер жүзүнө» (1903), «Гүлчамбар» (1906) деген ыр китептери, «Жалындуу периште» (1908), «Жеӊиш курмандыгы» (1913) тарыхый романдары бар. Өмүрүнүн акырында «Акыркы үмүттөр» (1920), «Көз ирмем» (1922) ж. б. ыр китептери жарык көргөн. Аны М. Горький: «Россиядагы эӊ маданияттуу жазуучу» деп атаган.