БУГУ ТАШТАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''БУГУ ТАШТАР ''' – соӊку коло доорунан эрте темир доорунун башталыш мезгилине таандык бугу келбеттери чегилген таш мамылары. Алар Монголияда, Тывада, Алтайда, Казакстанда, Чыгыш Түркстанда, Волга боюнда, Уралда, Түн. Кавказда, Болгарияда, Эльбада кеӊири тараган. Мон-голия ж-а Түш. Сибирде кездешкен таш мамылардын жогору
'''БУГУ ТАШТАР ''' – соӊку коло доорунан эрте темир доорунун башталыш мезгилине таандык бугу келбеттери чегилген таш мамылары. Алар Монголияда, Тывада, Алтайда, Казакстанда, Чыгыш Түркстанда, Волга боюнда, Уралда, Түндүк Кавказда, Болгарияда, Эльбада кеӊири тараган. Монголия жана Түштүк Сибирде кездешкен таш мамылардын жогору<br/>
<br/>
[[File:БУГУ ТАШТАР6.png | thumb | none]]
[[File:БУГУ ТАШТАР6.png | thumb | none]]
жагында тегерек шакекче – күн, борб. бөлүгүндө бугу ж-а ача туяктуу жаныбарлардын сүрөттөрү тартылган. Кырг-ндын да айрым жерлеринде: Ысык-Көлдө, Чүйдө, Соӊ-Көлдө (Ак-Куланын мамысы, Манастын таш тулгасынын биринде – Мамыташ, Кыла жергесинде) таш мамылар сейрек кездешет, бирок аларда бугунун сүрөттөрү эмес, канжар, окчонтой ж-а тегерекчелер түшүрүлгөн. Соӊ-Көлдөгү Б. т. мезгили жагынан эрте темир дооруна туура келет. Буранадагы ачык асман астындагы археол. комплексте да айкел катары колдонулган уникалдуу бугу ташы бар.  
жагында тегерек шакекче – күн, борбордук бөлүгүндө бугу жана ача туяктуу жаныбарлардын сүрөттөрү тартылган. Кыргызстандын да айрым жерлеринде: Ысык-Көлдө, Чүйдө, Соӊ-Көлдө (Ак-Куланын мамысы, Манастын таш тулгасынын биринде – Мамыташ, Кыла жергесинде) таш мамылар сейрек кездешет, бирок аларда бугунун сүрөттөрү эмес, канжар, окчонтой жана тегерекчелер түшүрүлгөн. Соӊ-Көлдөгү Бугу таштар мезгили жагынан эрте темир дооруна туура келет. Буранадагы ачык асман астындагы археологиялык комплексте да айкел катары колдонулган уникалдуу бугу ташы бар. <br/>''К. Табалдиев.''
<br/>''К. Табалдиев.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

09:05, 10 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

БУГУ ТАШТАР – соӊку коло доорунан эрте темир доорунун башталыш мезгилине таандык бугу келбеттери чегилген таш мамылары. Алар Монголияда, Тывада, Алтайда, Казакстанда, Чыгыш Түркстанда, Волга боюнда, Уралда, Түндүк Кавказда, Болгарияда, Эльбада кеӊири тараган. Монголия жана Түштүк Сибирде кездешкен таш мамылардын жогору

жагында тегерек шакекче – күн, борбордук бөлүгүндө бугу жана ача туяктуу жаныбарлардын сүрөттөрү тартылган. Кыргызстандын да айрым жерлеринде: Ысык-Көлдө, Чүйдө, Соӊ-Көлдө (Ак-Куланын мамысы, Манастын таш тулгасынын биринде – Мамыташ, Кыла жергесинде) таш мамылар сейрек кездешет, бирок аларда бугунун сүрөттөрү эмес, канжар, окчонтой жана тегерекчелер түшүрүлгөн. Соӊ-Көлдөгү Бугу таштар мезгили жагынан эрте темир дооруна туура келет. Буранадагы ачык асман астындагы археологиялык комплексте да айкел катары колдонулган уникалдуу бугу ташы бар.
К. Табалдиев.