БУДАПЕШТ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''БУДАПЕ́ШТ ''' – Венгрия Респ-нын борбору. Пешт медьесинин (адм-айм. бирдик) адм. борбору. Дунай д-нын өйүз-бүйүзүндө жайгашкан. Өзүнчө адм.-айм. бирдик. Калкы 1,7 млн (2016). Ири жолдор тоому. 1148-жылдан белгилүү болуп, ал тарыхый 3 бөлүктөн (Пешт, Буда, Обуда) турат. 1872-ж. алар Б. болуп бир шаарга бириктирилген. 1241-ж. Буда, Обуда, Пешт монгол баскынчылары тарабынан талкаланган. 1242-жылдан Буда – венгр королдорунун туруктуу резиденциясы, 1350-жылдан Венгр королду-
'''БУДАПЕ&#769;ШТ ''' – Венгрия Республикасынын борбору. Пешт медьесинин (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Дунай дарыясынын өйүз-бүйүзүндө жайгашкан. Өзүнчө административдик-аймактык бирдик. Калкы 1,7 млн (2016). Ири жолдор тоому. 1148-жылдан белгилүү болуп, ал тарыхый 3 бөлүктөн (Пешт, Буда, Обуда) турат. 1872-жылы алар Будапешт болуп бир шаарга бириктирилген. 1241-жылы Буда, Обуда, Пешт монгол баскынчылары тарабынан талкаланган. 1242-жылдан Буда – венгр королдорунун туруктуу резиденциясы, 1350-жылдан Венгр королду-<br/>
<br/>
[[File:БУДАПЕШТ7.png | thumb | Шаардын жалпы көрүнүшү.]]
[[File:БУДАПЕШТ7.png | thumb | Шаардын жалпы көрүнүшү.]]
гунун борбору. Буда, Обуда ж-а Пешт 1541–1686-ж. Осмон империясынын, 18-к-дын башында Габсбургдардын бийлиги астында болгон. 1867-жылдан Венгрия королдугунун, 1918-ж. көз каранды эмес Венгр мамлекетинин борборуна айланган. 1944-ж. мартта немис аскерлери тарабынан оккупацияланып, 1945-ж. февралда сов. аскерлер бошоткон. 1918-жылдан Венгрия Респ-нын борбору.  
гунун борбору. Буда, Обуда жана Пешт 1541–1686-жылдары Осмон империясынын, 18-кылымдын башында Габсбургдардын бийлиги астында болгон. 1867-жылдан Венгрия королдугунун, 1918-жылы көз каранды эмес Венгр мамлекетинин борборуна айланган. 1944-жылы мартта немис аскерлери тарабынан оккупацияланып, 1945-жылы февралда советтик аскерлер бошоткон. 1918-жылдан Венгрия Респликасынын борбору. <br/>Өлкөнүн башкы саясий, илимий, экономикалык жана маданий борбору. Эл аралык аэропорту бар. Будапештте Венгриянын өнөр жайынын 30% жайгашкан. Машина куруу (прибор, трактор кураштыруу, транспорт, электр-техника), текстиль жана химим өнөр жайы өнүккөн. Тамак-аш, фармацевтика, резина, кийим тигүү, полиграфия ишканалары иштейт. Венгрия ИА, университет, Ф. Лист атындагы музыкалык академия, Улуттук галерея, Сүрөт искусство музейи, Улуттук искусство, этнография жана тарых, Чыгыш-Азия музейлери, театрлар бар. Будапешттин негизги бөлүгү – тоолуу Буда (оӊ жээк) жана түзөӊдүү Пештте (сол жээк) жайгашкан. Буда Будапешттин тарыхый очогу, анда 13–19-кылымдардын архитектура эстеликтери басымдуу келип, алар ''Бүткүл дүйнөлүк мурастын'' тизмесине кирген. Шаарды бошоткон советтик жоокерлерге Боштондук эстелиги тургузулган (1947). Пештте соӊку жана азыркы курулмалар бар. Негизги өнөр жайлуу райондору Дунайга жанаша жайгашкан (Чепель, Уйпешт ж. б.). Метрополитен иштейт.
<br/>Өлкөнүн башкы саясий, ил., экон. ж-а маданий борбору. Эл аралык аэропорту бар. Б-те Венгриянын өнөр жайынын 30% жайгашкан. Машина куруу (прибор, трактор кураштыруу, трансп., электр-тех.), текстиль ж-а хим. өнөр жайы өнүккөн. Тамак-аш, фармацевтика, резина, кийим тигүү, полиграфия ишканалары иштейт. Венгрия ИА, ун-т, Ф. Лист атн. муз. академия, Улуттук гал., Сүрөт иск-во музейи, Улуттук иск-во, этногр. ж-а тарых, Чыгыш-Азия музейлери, театрлар бар. Б-тин негизги бөлүгү – тоолуу Буда (оӊ жээк) ж-а түзөӊдүү Пештте (сол жээк) жайгашкан. Буда Б-тин тарыхый очогу, анда 13–19-к-дын арх-ра эстеликтери басымдуу келип, алар ''Бүткүл дүйнөлүк мурастын'' тизмесине кирген. Шаарды бошоткон Сов. Жоокерлерге Боштондук эстелиги тургузулган (1947). Пештте соӊку ж-а азыркы курулмалар бар. Негизги өнөр жайлуу райондору Дунайга жанаша жайгашкан (Чепель, Уйпешт ж. б.). Метрополитен иштейт.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

09:44, 10 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

БУДАПЕ́ШТ – Венгрия Республикасынын борбору. Пешт медьесинин (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Дунай дарыясынын өйүз-бүйүзүндө жайгашкан. Өзүнчө административдик-аймактык бирдик. Калкы 1,7 млн (2016). Ири жолдор тоому. 1148-жылдан белгилүү болуп, ал тарыхый 3 бөлүктөн (Пешт, Буда, Обуда) турат. 1872-жылы алар Будапешт болуп бир шаарга бириктирилген. 1241-жылы Буда, Обуда, Пешт монгол баскынчылары тарабынан талкаланган. 1242-жылдан Буда – венгр королдорунун туруктуу резиденциясы, 1350-жылдан Венгр королду-

Шаардын жалпы көрүнүшү.

гунун борбору. Буда, Обуда жана Пешт 1541–1686-жылдары Осмон империясынын, 18-кылымдын башында Габсбургдардын бийлиги астында болгон. 1867-жылдан Венгрия королдугунун, 1918-жылы көз каранды эмес Венгр мамлекетинин борборуна айланган. 1944-жылы мартта немис аскерлери тарабынан оккупацияланып, 1945-жылы февралда советтик аскерлер бошоткон. 1918-жылдан Венгрия Респликасынын борбору.
Өлкөнүн башкы саясий, илимий, экономикалык жана маданий борбору. Эл аралык аэропорту бар. Будапештте Венгриянын өнөр жайынын 30% жайгашкан. Машина куруу (прибор, трактор кураштыруу, транспорт, электр-техника), текстиль жана химим өнөр жайы өнүккөн. Тамак-аш, фармацевтика, резина, кийим тигүү, полиграфия ишканалары иштейт. Венгрия ИА, университет, Ф. Лист атындагы музыкалык академия, Улуттук галерея, Сүрөт искусство музейи, Улуттук искусство, этнография жана тарых, Чыгыш-Азия музейлери, театрлар бар. Будапешттин негизги бөлүгү – тоолуу Буда (оӊ жээк) жана түзөӊдүү Пештте (сол жээк) жайгашкан. Буда Будапешттин тарыхый очогу, анда 13–19-кылымдардын архитектура эстеликтери басымдуу келип, алар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Шаарды бошоткон советтик жоокерлерге Боштондук эстелиги тургузулган (1947). Пештте соӊку жана азыркы курулмалар бар. Негизги өнөр жайлуу райондору Дунайга жанаша жайгашкан (Чепель, Уйпешт ж. б.). Метрополитен иштейт.