БУЙ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БУЙ ''' (голл. boei) – деӊиз, көл | '''БУЙ ''' (голл. boei) – деӊиз, көл жана дарыяларда кеме өтүүчү жерлердеги кооптуу (тайыздыкты, суу алдындагы чоӊ таштарды ж. б.) жерлерди белгилөөдө коюлган, белгилүү формадагы жана түстөгү калкыма белги. Жарык берүүчү, үн же радиосигнал берүүчү түзүлүштө болушу мүмкүн. Радиогидро акустикалык Буй (радиобуй) – маалыматты автоматтык түрдө чогултуп, аны кабыл алуучу станцияга берүүчү калкыма каражат. Океанографиялык жана навигациялык байкоо жүргүзүүдө, суу алдындагы кемени табууда да колдонулат. Алгачкы радиобуй 1945-жылдан, башкача айтканда суу алдындагы атомдук кеме жасалгандан тартып пайда болгон. Радиобуй самолёт, вертолёттон жана кемеден топ-тобу менен түшүрүлүп, туюкталган тоскоолдуктар түзүлөт же орнотулат. Ал пассивдүү жана активдүү, багытталган жана багытталбаган болуп айырмаланат. Анын суу алдындагы кемени табуу аралыгы Буйдун гидро акустикалык түзүлүшүнө, суу чөйрөсүнө, суу алдындагы кеменин түзүлүшүнө жараша болуп, бир нече жүз ''м''ден бир нече ''км''ге жетет. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
10:45, 10 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы
БУЙ (голл. boei) – деӊиз, көл жана дарыяларда кеме өтүүчү жерлердеги кооптуу (тайыздыкты, суу алдындагы чоӊ таштарды ж. б.) жерлерди белгилөөдө коюлган, белгилүү формадагы жана түстөгү калкыма белги. Жарык берүүчү, үн же радиосигнал берүүчү түзүлүштө болушу мүмкүн. Радиогидро акустикалык Буй (радиобуй) – маалыматты автоматтык түрдө чогултуп, аны кабыл алуучу станцияга берүүчү калкыма каражат. Океанографиялык жана навигациялык байкоо жүргүзүүдө, суу алдындагы кемени табууда да колдонулат. Алгачкы радиобуй 1945-жылдан, башкача айтканда суу алдындагы атомдук кеме жасалгандан тартып пайда болгон. Радиобуй самолёт, вертолёттон жана кемеден топ-тобу менен түшүрүлүп, туюкталган тоскоолдуктар түзүлөт же орнотулат. Ал пассивдүү жана активдүү, багытталган жана багытталбаган болуп айырмаланат. Анын суу алдындагы кемени табуу аралыгы Буйдун гидро акустикалык түзүлүшүнө, суу чөйрөсүнө, суу алдындагы кеменин түзүлүшүнө жараша болуп, бир нече жүз мден бир нече кмге жетет.