БУРАНА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary

1 сап: 1 сап:
'''БУРАНА ''' – орто кылымдагы Караханиддер дооруна таандык (11-к.) тарыхый-арх-ралык эстелик, мунара. Чүй өрөөнүндөгү Токмок ш-нан 12 ''км'' түш. тарапта, Дөӊ-Арык айылынын чыгышында жайгашкан. Мунара ж-дөгү алгачкы маалымат 16-к-да тарыхчы Мухаммед Хайдардын
'''БУРАНА ''' – орто кылымдагы Караханиддер дооруна таандык (11-кылым) тарыхый-архитектуралык эстелик, мунара. Чүй өрөөнүндөгү Токмок шаарынан 12 ''км'' түштүк тарапта, Дөӊ-Арык айылынын чыгышында жайгашкан. Мунара жөнүндөгү алгачкы маалымат 16-кылымда тарыхчы Мухаммед Хайдардын

[[File:БУРАНА22.png | thumb | none]]
[[File:БУРАНА22.png | thumb | none]]
«Тарихи-и Рашиди» деген эмгегинде кездешет. Бул байыркы эстеликти алгач 1851-ж. археологдор Воронин ж-а Нифантьев, 1861-ж. М. И. Венюков, 1886-ж. В. Д. Городецкий, 1890-ж. В. В. Бартольд, Н. Ф. Петровский, В. М. Флоринский, токмоктук край таануучу В. П. Ровнягин ж. б. изилдеген. Кийин 1937-ж. Б. М. Зима, 1938-ж. А. Н. Бернштам, 1970–71-ж. П. Н. Кожемяко, Д. Ф. Винник жетектеген археол. экспедициялар изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Бышкан кыш м-н төрт бурчтуу пайдубалга (жактарынын уз. 12,312,3 ''м'', бийикт. 5,6 ''м'') сегиз кырдуу пайтүбү (цоколунун калыӊдыгы 40 ''см'', бийикт. 70 ''см'') түптөлүп, цилиндр түрүндө (түбүнүн диаметри 9 ''м'', төбөсүнүкү 6 ''м''ге жакын) тургузулган мунара чептин ичине жайгашып, сырткы бети оймо-чийме м-н кооздолгон, ичинде жогору карай буралып чыгуучу тепкичтер (бузулбас үчүн үстүнө тактай төшөлгөн) орнотулган. Адегенде мунаранын бийикт. 40 ''м'' болгон, азыркы мезгилде 22 ''м''. Анын төбөсү жер титирөөдөн кулаган, батыш жак бөлүгү аба ырайынын таасиринен бир топ жапа чеккен, ал эми гидроизоляциянын болбогондугу сегиз кырдуу пайтүптүн жок болуп кетишине алып келген. 1927–28-ж. Н. М. Бачинский ж-а М. М. Логинов тарабынан биринчи жолу эстеликти оӊдоо иштери жүргүзүлгөн, ошонун натыйжасында Б. биздин күнгө чейин сакталып калды. Б.Борб. Азиядагы мунара-арх-ра эстеликтеринин эӊ байыркысы. Мунара Кырг-ндын аймагындагы курулуш өнөрүнүн жогорку деӊгээлде өнүккөндүгүн далилдейт. Б-нын айланасындагы курулуштун калдыктары, чеп-дубалдар бул жерде бир мезгилде Баласагун ш. өкүм сүргөндүгүн ырастайт. 1971–75-ж. В. В. Помаскин ж-а П. С. Факторович жетектеген топ тарабынан оӊдолуп, калыбына келтирилген.
«Тарихи-и Рашиди» деген эмгегинде кездешет. Бул байыркы эстеликти алгач 1851-жылы археологдор Воронин жана Нифантьев, 1861-жылы М. И. Венюков, 1886-жылы В. Д. Городецкий, 1890-жылы В. В. Бартольд, Н. Ф. Петровский, В. М. Флоринский, токмоктук край таануучу В. П. Ровнягин ж. б. изилдеген. Кийин 1937-жылы Б. М. Зима, 1938-жылы А. Н. Бернштам, 1970–71-жылдары П. Н. Кожемяко, Д. Ф. Винник жетектеген археологиялык экспедициялар изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Бышкан кыш менен төрт бурчтуу пайдубалга (жактарынын уз. 12,312,3 ''м'', бийиктиги 5,6 ''м'') сегиз кырдуу пайтүбү (цоколунун калыӊдыгы 40 ''см'', бийиктиги 70 ''см'') түптөлүп, цилиндр түрүндө (түбүнүн диаметри 9 ''м'', төбөсүнүкү 6 ''м''ге жакын) тургузулган мунара чептин ичине жайгашып, сырткы бети оймо-чийме менен кооздолгон, ичинде жогору карай буралып чыгуучу тепкичтер (бузулбас үчүн үстүнө тактай төшөлгөн) орнотулган. Адегенде мунаранын бийиктиги 40 ''м'' болгон, азыркы мезгилде 22 ''м''. Анын төбөсү жер титирөөдөн кулаган, батыш жак бөлүгү аба ырайынын таасиринен бир топ жапа чеккен, ал эми гидроизоляциянын болбогондугу сегиз кырдуу пайтүптүн жок болуп кетишине алып келген. 1927–28-жылдары Н. М. Бачинский жана М. М. Логинов тарабынан биринчи жолу эстеликти оӊдоо иштери жүргүзүлгөн, ошонун натыйжасында Бурана биздин күнгө чейин сакталып калды. Бурана Борбордук Азиядагы мунара-архитектура эстеликтеринин эӊ байыркысы. Мунара Кыргызстандын аймагындагы курулуш өнөрүнүн жогорку деӊгээлде өнүккөндүгүн далилдейт. Бурананын айланасындагы курулуштун калдыктары, чеп-дубалдар бул жерде бир мезгилде Баласагун шаары өкүм сүргөндүгүн ырастайт. 1971–75-жылдары В. В. Помаскин жана П. С. Факторович жетектеген топ тарабынан оӊдолуп, калыбына келтирилген.
Ад.: ''Кожемяко П. Н''. Раннесредневековые города и поселения Чуйской долины. Ф., 1959.
''Ш. Керимова.''

Ад.: ''Кожемяко П. Н''. Раннесредневековые города и поселения Чуйской долины. Ф., 1959.

''Ш. Керимова.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

02:58, 14 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

БУРАНА – орто кылымдагы Караханиддер дооруна таандык (11-кылым) тарыхый-архитектуралык эстелик, мунара. Чүй өрөөнүндөгү Токмок шаарынан 12 км түштүк тарапта, Дөӊ-Арык айылынын чыгышында жайгашкан. Мунара жөнүндөгү алгачкы маалымат 16-кылымда тарыхчы Мухаммед Хайдардын

«Тарихи-и Рашиди» деген эмгегинде кездешет. Бул байыркы эстеликти алгач 1851-жылы археологдор Воронин жана Нифантьев, 1861-жылы М. И. Венюков, 1886-жылы В. Д. Городецкий, 1890-жылы В. В. Бартольд, Н. Ф. Петровский, В. М. Флоринский, токмоктук край таануучу В. П. Ровнягин ж. б. изилдеген. Кийин 1937-жылы Б. М. Зима, 1938-жылы А. Н. Бернштам, 1970–71-жылдары П. Н. Кожемяко, Д. Ф. Винник жетектеген археологиялык экспедициялар изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Бышкан кыш менен төрт бурчтуу пайдубалга (жактарынын уз. 12,312,3 м, бийиктиги 5,6 м) сегиз кырдуу пайтүбү (цоколунун калыӊдыгы 40 см, бийиктиги 70 см) түптөлүп, цилиндр түрүндө (түбүнүн диаметри 9 м, төбөсүнүкү 6 мге жакын) тургузулган мунара чептин ичине жайгашып, сырткы бети оймо-чийме менен кооздолгон, ичинде жогору карай буралып чыгуучу тепкичтер (бузулбас үчүн үстүнө тактай төшөлгөн) орнотулган. Адегенде мунаранын бийиктиги 40 м болгон, азыркы мезгилде 22 м. Анын төбөсү жер титирөөдөн кулаган, батыш жак бөлүгү аба ырайынын таасиринен бир топ жапа чеккен, ал эми гидроизоляциянын болбогондугу сегиз кырдуу пайтүптүн жок болуп кетишине алып келген. 1927–28-жылдары Н. М. Бачинский жана М. М. Логинов тарабынан биринчи жолу эстеликти оӊдоо иштери жүргүзүлгөн, ошонун натыйжасында Бурана биздин күнгө чейин сакталып калды. Бурана – Борбордук Азиядагы мунара-архитектура эстеликтеринин эӊ байыркысы. Мунара Кыргызстандын аймагындагы курулуш өнөрүнүн жогорку деӊгээлде өнүккөндүгүн далилдейт. Бурананын айланасындагы курулуштун калдыктары, чеп-дубалдар бул жерде бир мезгилде Баласагун шаары өкүм сүргөндүгүн ырастайт. 1971–75-жылдары В. В. Помаскин жана П. С. Факторович жетектеген топ тарабынан оӊдолуп, калыбына келтирилген.
Ад.: Кожемяко П. Н. Раннесредневековые города и поселения Чуйской долины. Ф., 1959.
Ш. Керимова.