БУРБОНДОР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''БУРБОНДОР ''' – европ. бир нече өлкөдөгү королдор династиясы, ''Капетингдердин'' бир бутагы. Б. Франциянын королу Людовик IXнун (1226–70) уулу Роберт Клермон-Бурбондон таралат. 1555–89-ж. Б. Наварра королдугун башкарышкан. Католиктер м-н ''гугеноттордун'' ортосундагы гражд. согуштун жыйынтыгында Наварра королу Генрих Бурбон 1589-ж. француз тактысына отурат (1610-ж. чейин Генрих IV деген ат м-н башкарган). Б-дун туӊгуч өкүлү Генрих IVнүн бийлигинин тушунда Францияда ''абсолютизм'' күч алып, Людовик XIVнүн убагында өзүнүн гүлдөгөн чегине жеткен. Француз рев-ясынын жүрүшүндө 1792-ж. Б. бийлиги кулатылып, король Людовик XVI өлтүрүлгөн. Б. Францияны (1589–1792, 1814–15, 1815–30), Испанияны (1700–1808, 1814–68, 1874–1931, Б-дун испаниялык бутагы Людовик XIVнүн небереси Филипп Vден таралат), Сицилиянын эки королдугун (Неополитанда, 1735–1805, 1814–60, Б-дун бул бутагы Филипп Vнин уулу Карл IVдөн таралат), Парма ж-а Пьяченца герцогдуктарын (1748–1802, 1847–59) бийлешкен. 1931-ж. испан королу Альфонс XIII тактыдан баш тартып, Испания республика деп жарыяланган.
'''БУРБОНДОР ''' – европалык бир нече өлкөдөгү королдор династиясы, ''Капетингдердин'' бир бутагы. Бурбондор Франциянын королу Людовик IXнун (1226–70) уулу Роберт Клермон-Бурбондон таралат. 1555–89-жылдары Бурбондор Наварра королдугун башкарышкан. Католиктер менен ''гугеноттордун'' ортосундагы граждандык согуштун жыйынтыгында Наварра королу Генрих Бурбон 1589-жылы француз тактысына отурат (1610-жылга чейин Генрих IV деген ат менен башкарган). Бурбондордун туӊгуч өкүлү Генрих IVнүн бийлигинин тушунда Францияда ''абсолютизм'' күч алып, Людовик XIVнүн убагында өзүнүн гүлдөгөн чегине жеткен. Француз революциясынын жүрүшүндө 1792-жылы Бурбондор бийлиги кулатылып, король Людовик XVI өлтүрүлгөн. Бурбондор Францияны (1589–1792, 1814–15, 1815–30), Испанияны (1700–1808, 1814–68, 1874–1931, Бурбондордун испаниялык бутагы Людовик XIVнүн небереси Филипп Vден таралат), Сицилиянын эки королдугун (Неополитанда, 1735–1805, 1814–60, Бурбондордун бул бутагы Филипп Vнин уулу Карл IVдөн таралат), Парма жана Пьяченца герцогдуктарын (1748–1802, 1847–59) бийлешкен. 1931-жылы испан королу Альфонс XIII тактыдан баш тартып, Испания республика деп жарыяланган.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

03:11, 14 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

БУРБОНДОР – европалык бир нече өлкөдөгү королдор династиясы, Капетингдердин бир бутагы. Бурбондор Франциянын королу Людовик IXнун (1226–70) уулу Роберт Клермон-Бурбондон таралат. 1555–89-жылдары Бурбондор Наварра королдугун башкарышкан. Католиктер менен гугеноттордун ортосундагы граждандык согуштун жыйынтыгында Наварра королу Генрих Бурбон 1589-жылы француз тактысына отурат (1610-жылга чейин Генрих IV деген ат менен башкарган). Бурбондордун туӊгуч өкүлү Генрих IVнүн бийлигинин тушунда Францияда абсолютизм күч алып, Людовик XIVнүн убагында өзүнүн гүлдөгөн чегине жеткен. Француз революциясынын жүрүшүндө 1792-жылы Бурбондор бийлиги кулатылып, король Людовик XVI өлтүрүлгөн. Бурбондор Францияны (1589–1792, 1814–15, 1815–30), Испанияны (1700–1808, 1814–68, 1874–1931, Бурбондордун испаниялык бутагы Людовик XIVнүн небереси Филипп Vден таралат), Сицилиянын эки королдугун (Неополитанда, 1735–1805, 1814–60, Бурбондордун бул бутагы Филипп Vнин уулу Карл IVдөн таралат), Парма жана Пьяченца герцогдуктарын (1748–1802, 1847–59) бийлешкен. 1931-жылы испан королу Альфонс XIII тактыдан баш тартып, Испания республика деп жарыяланган.