БУРГАВЕ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БУ́РГАВЕ''' , Б у р х а в е (Boerhaave) Герман (31.12.1668, Ворхаут, Лейденге жакын – 23.9. 1738, Лейден) – голл. врач, химик, ботаник, клиникалык медицинаны негиздөөчүлөрдүн бири, биринчи клиникалык ил. мектепти негиздөөчү. Лейден ун-тинде теология, философия, математика ж-а химияны изилдеген; философия (1690) ж-а медицина (1693) илимд. доктору, Лейден ун-тинде медицина, ботаника (1709) ж-а химия (1718) б-ча проф. Практикалык медицинага термометрди, лупаны ж-а оорунун майда-чүйдөсүнө чейин толук жазууну киргизген. Анын «Химия негиздери» (1–2-т., 1732) деген эмгеги белгилүү, ал китебинде алхимиктердин көз карашына каршы болуп, от, аба, суу ж-дө окууну толук изилдеген. Ботаника б-ча көптөгөн эмгектери жарык көргөн, а. и. Лейден ботан. багынын каталогунда (1709) өсүмдүк түрлөрү сыпатталган ж-а классификациясы (1709) берилген.
'''БУ́РГАВЕ''' , Б у р х а в е (Boerhaave) '''Герман''' (31.12.1668, Ворхаут, Лейденге жакын – 23.9. 1738, Лейден) – голландиялык врач, химик, ботаник, клиникалык медицинаны негиздөөчүлөрдүн бири, биринчи клиникалык илимий мектепти негиздөөчү. Лейден университетинде теология, философия, математика жана химияны изилдеген; философия (1690) жана медицина (1693) илимдеринин доктору, Лейден университетинде медицина, ботаника (1709) жана химия (1718) боюнча профессор. Практикалык медицинага термометрди, лупаны жана оорунун майда-чүйдөсүнө чейин толук жазууну киргизген. Анын «Химия негиздери» (1–2-т., 1732) деген эмгеги белгилүү, ал китебинде алхимиктердин көз карашына каршы болуп, от, аба, суу жөнүндө окууну толук изилдеген. Ботаника боюнча көптөгөн эмгектери жарык көргөн, анын ичинен Лейден ботаника багынын каталогунда (1709) өсүмдүк түрлөрү сыпатталган жана классификациясы (1709) берилген.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

03:16, 14 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

БУ́РГАВЕ , Б у р х а в е (Boerhaave) Герман (31.12.1668, Ворхаут, Лейденге жакын – 23.9. 1738, Лейден) – голландиялык врач, химик, ботаник, клиникалык медицинаны негиздөөчүлөрдүн бири, биринчи клиникалык илимий мектепти негиздөөчү. Лейден университетинде теология, философия, математика жана химияны изилдеген; философия (1690) жана медицина (1693) илимдеринин доктору, Лейден университетинде медицина, ботаника (1709) жана химия (1718) боюнча профессор. Практикалык медицинага термометрди, лупаны жана оорунун майда-чүйдөсүнө чейин толук жазууну киргизген. Анын «Химия негиздери» (1–2-т., 1732) деген эмгеги белгилүү, ал китебинде алхимиктердин көз карашына каршы болуп, от, аба, суу жөнүндө окууну толук изилдеген. Ботаника боюнча көптөгөн эмгектери жарык көргөн, анын ичинен Лейден ботаника багынын каталогунда (1709) өсүмдүк түрлөрү сыпатталган жана классификациясы (1709) берилген.