БУРСА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БУ́РСА ''' (мурда Бруса, Brusa, байыркы Пруса) – Түркиянын | '''БУ́РСА ''' (мурда Бруса, Brusa, байыркы Пруса) – Түркиянын түндүк-батышындагы шаар. Бурса илинин (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Калкы 2,2 млн (2020). Мрамор деӊизиндеги Гемлик булуӊунун жээгинде жайгашкан. Жолдор тоому. Аэропорту бар. Б. з. ч. 2-кылымда негизделип, Рим империясынын, андан соӊ Византиянын курамына кирген. 1326-жылы Орхан басып алып, Осмон мамлекетинин борбору болгон. 15–17-кылымдарда жибек токуп сатуунун, 1960-жылдан эл аралык туризмдин ири борбору. 14–16-кылымдарга таандык ысык булактарда мончонун салынган калдыктары, ислам зодчийлигинин эстеликтери (Орхан-бей, Баязид I, Улуу-Жами, Ешиль-Жами мечиттери ж. б.), мечиттер да бар. Бүткүл дүйнөлүк мурасынын тизмесине киргизилген. Университет, музейлер, машина куруу, текстиль, тамак-аш, жыгаччылык өнөр жайлары иштейт. Цитрус өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн борбору. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
04:10, 15 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы
БУ́РСА (мурда Бруса, Brusa, байыркы Пруса) – Түркиянын түндүк-батышындагы шаар. Бурса илинин (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Калкы 2,2 млн (2020). Мрамор деӊизиндеги Гемлик булуӊунун жээгинде жайгашкан. Жолдор тоому. Аэропорту бар. Б. з. ч. 2-кылымда негизделип, Рим империясынын, андан соӊ Византиянын курамына кирген. 1326-жылы Орхан басып алып, Осмон мамлекетинин борбору болгон. 15–17-кылымдарда жибек токуп сатуунун, 1960-жылдан эл аралык туризмдин ири борбору. 14–16-кылымдарга таандык ысык булактарда мончонун салынган калдыктары, ислам зодчийлигинин эстеликтери (Орхан-бей, Баязид I, Улуу-Жами, Ешиль-Жами мечиттери ж. б.), мечиттер да бар. Бүткүл дүйнөлүк мурасынын тизмесине киргизилген. Университет, музейлер, машина куруу, текстиль, тамак-аш, жыгаччылык өнөр жайлары иштейт. Цитрус өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн борбору.