БУХАРА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary

No edit summary

(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БУХАРА́ ''' – Өзбекстан Респ-ндагы шаар. Заравшан д-нын өрөөнүндө жайгашкан. Бухара вилайетинин адм. борбору. Калкы 274,7 миӊ (2016). Темир жол бекети. Жолдор тоолу.
'''БУХАРА́ ''' – Өзбекстан Республикасындагы шаар. Заравшан дарыясынын өрөөнүндө жайгашкан. Бухара вилайетинин административдик борбору. Калкы 274,7 миӊ (2016). Темир жол бекети. Жолдор тоому.
Археологиялык маалыматтар боюнча б. з. 1-кылымынан мурда негизделген. Жазуу эстеликтеринде 5-кылымдан эскерилет. 709-жылы аны арабдар басып алган. Бухара байыртадан эле Орто Азиядагы соода, кол өнөрчүлүк, маданияты өнүккөн шаар болгон. Анын калкы Иран, Индия, Кытай ж. б. өлкөлөр менен соода кылган. 9–10-кылымдарда Бухараны Саманиддер каратып, өздөрүнүн зор мамлекетинин борборуна айландырган. Шаарды 1220-жылы Чыӊгызхан, 1370-жылы Тимур басып алган. 16-кылымдын башында Бухара көчмөн өзбек урууларынын ээлигине өтүп, Шейбаниддер мамлекетинин баш калаасы болгон. 16-кылымдын ортосунан 1920-жылга чейин Бухара

Археол. маалыматтар б-ча б. з. 1-к-нан мурда негизделген. Жазуу эстеликтеринде 5-к-дан эскерилет. 709-ж. аны арабдар басып алган. Б. байыртадан эле О. Азиядагы соода, кол өнөрчүлүк, мад-ты өнүккөн шаар болгон. Анын калкы Иран, Индия, Кытай ж. б. өлкөлөр м-н соода кылган. 9–10-к-да Б-ны Саманиддер каратып, өздөрүнүн зор мамлекетинин борборуна айландырган. Шаарды 1220-ж. Чыӊгызхан, 1370-ж. Тимур басып алган. 16-к-дын башында Б. көчмөн өзбек урууларынын ээлигине өтүп, Шейбаниддер мамлекетинин баш калаасы болгон. 16-к-дын ортосунан 1920-жылга чейин Бухара

[[File:БУХАРА46.png | thumb | Пои-Калян ансамблинен фрагмент.]]
[[File:БУХАРА46.png | thumb | Пои-Калян ансамблинен фрагмент.]]
хандыгынын, Бухара эмирлигинин, 1920–24-ж. Бухара Респ-нын борбору. 17–18-к-да Б-га перс шахтары бир нече жолу басып кирген.
хандыгынын, Бухара эмирлигинин, 1920–24-жылдары Бухара Республикасынын борбору. 17–18-кылымдарда Бухарага перс шахтары бир нече жолу басып кирген.
Каракөл терисин иштетүү, пахта тазалоо заводдору, кебез-кездеме, текстиль комбинаты, шарап, тамак-аш ж. б. ишканалары иштейт. Илгертен көркөм промысели (алтын жип менен тигүү, жибек токуу, металлга чегелөө ж. б.) өнүккөн. Эки ЖОЖ, бир катар атайын орто окуу жайлары, мамлекеттик архитектура, көркөм сүрөт музей-коругу, театр, тарых, край таануу музейи бар. Анда 140ка жакын архитектура эстеликтери сакталып калган. Орто Азия зодчийлигинин шедеврлери – борбордук чамгарактуу Саманиддердин күмбөздөрү (Исмаил Саманинин күмбөзү, 9-кылымдын аягы – 10-кылымдын башы) салынып, ичи-сырты бышкан кыштан оймо-чиймеленген. Пои-Калян ансамблине кирген Калян мунарасы (1127) тегерете кыш менен оймолонгон. Ортоӊку Чыгыштын көрүнүктүү архитектуралык эстелиги Калян мечити (12-кылым, 15–16-кылымдар) жана 2 чамгарактуу Сейфад-Дин Бохарзи күмбөзү (13-кылым, 14–15-кылымдар кайра курулган). Буян-Кулихандын чакан күмбөзүнүн (14-кылым) сырты бышырылган сары, кызыл чопо менен кооздолгон; Улугбектин медресесинин (1417) жанында кооздолуп курулган Абдулазис хандын медресеси (1652) орун алган. 16-кылымдын архитектуралык курулуштарына жасалгаланган Балянд мечити жана Кожо Зайнуддиндин ханагы, Орто Азияда эӊ чоӊ Кукельташ медресеси, чамгарактуу соода курулуштары – Заргаран, Тельпак-Фурушан жана Саррафан, үстү жабык (тим), Абдулла-хандын базары, Чар-Бакр мемориалдык ансамбли (1560–63), Файзабад ханагы (1598–99); 18–19-кылымдагы курулушка Арк (цитадель), 4 мунаралуу эшиги бар Чар-Минар медресеси (1807) кирет. Советтик мезгилде шаар көрктөндүрүлүп, көптөгөн жаӊы курулуштар салынган. 1964-жылы кайра куруу планы бекитилип (архитекторлор В. П. Чунихин, В. Н. Слонимский, Т. Н. Калиновская), байланыш үйү (1966, архитектор М. Чернов), облустук менчик китепкана (1969, типтүү долбоор менен) ж. б. көптөгөн имараттар курулган. 1993-жылы Бухаранын тарыхый бөлүгү ''Бүткүл дүйнөлүк мурастын'' тизмесине киргизилген. 13–18-кылымдарда Бухара Орто Азиядагы музыка маданиятынын көрүнүктүү борбору болгон. Өзгөчө оозеки чыгармачылык өнүккөн. Белгилүү музыка теоретиктери – Нажмиддин Кавлаби Бухари (16-жыл), Дервеш Али Чанги (16–17-кылымдар) жашашкан. С. Айни атындагы музыкалуу драма жана комедия, куурчак театрлары бар.
Ад.: ''Пугаченкова Г. А.'' Самарканд. Бухара. М., 1968. ''Н. Жылдызова,''
''Р. Карачалова.''

Каракөл терисин иштетүү, пахта тазалоо з-ддору, кебез-кездеме, текстиль комбинаты, шарап, тамак-аш ж. б. ишканалары иштейт. Илгертен көркөм промысели (алтын жип м-н тигүү, жибек токуу, металлга чегелөө ж. б.) өнүккөн. Эки ЖОЖ, бир катар атайын орто окуу жайлары, мамл. арх-ра, көркөм сүрөт музей-коругу, театр, тарых, край таануу музейи бар. Анда 140ка жакын арх-ра эстеликтери сакталып калган. О. Азия зодчийлигинин шедеврлери – борб. чамгарактуу Саманиддердин күмбөздөрү (Исмаил Саманинин күмбөзү, 9-к-дын аягы – 10-к-дын башы) салынып, ичи-сырты бышкан кыштан оймо-чиймеленген. Пои-Калян ансамблине кирген Калян мунарасы (1127) тегерете кыш м-н оймолонгон. Ортоӊку Чыгыштын көрүнүктүү арх-ралык эстелиги Калян мечити (12-к., 15–16-к.) ж-а 2 чамгарактуу Сейфад-Дин Бохарзи күмбөзү (13-к., 14–15-к. кайра курулган). Буян-Кулихандын чакан күмбөзүнүн (14-к.) сырты бышырылган сары, кызыл чопо м-н кооздолгон; Улугбектин медресесинин (1417) жанында кооздолуп курулган Абдулазис хандын медресеси (1652) орун алган. 16-к-дын арх-ралык курулуштарына жасалгаланган Балянд мечити ж-а Кожо Зайнуддиндин ханагы, О. Азияда эӊ чоӊ Кукельташ медресеси, чамгарактуу соода курулуштары – Заргаран, Тельпак-Фурушан ж-а Саррафан, үстү жабык (тим), Абдулла-хандын базары, Чар-Бакр мемориалдык ансамбли (1560–63), Файзабад ханагы (1598–99); 18–19-к-дагы курулушка Арк (цитадель), 4 мунаралуу эшиги бар Чар-Минар медресеси (1807) кирет. Сов. Мезгилде шаар көрктөндүрүлүп, көптөгөн жаӊы курулуштар салынган. 1964-ж. кайра куруу планы бекитилип (арх. В. П. Чунихин, В. Н. Слонимский, Т. Н. Калиновская), байланыш үйү (1966, арх. М. Чернов), обл. менчик китепкана (1969, типтүү долбоор м-н) ж. б. көптөгөн имараттар курулган. 1993-ж. Б-нын тарыхый бөлүгү ''Бүткүл дүйнөлүк мурастын'' тизмесине киргизилген. 13–18-к-да Б. О. Азиядагы музыка мад-тынын көрүнүктүү борбору болгон. Өзгөчө оозеки чыг-лык өнүккөн. Белгилүү музыка теоретиктери – Нажмиддин Кавлаби Бухари (16-ж.), Дервеш Али Чанги (16–17-к.) жашашкан. С. Айни атн. муз. драма ж-а комедия, куурчак театрлары бар.

Ад.: ''Пугаченкова Г. А.'' Самарканд. Бухара. М., 1968. ''Н. Жылдызова,''

''Р. Карачалова.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

08:15, 16 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

БУХАРА́ – Өзбекстан Республикасындагы шаар. Заравшан дарыясынын өрөөнүндө жайгашкан. Бухара вилайетинин административдик борбору. Калкы 274,7 миӊ (2016). Темир жол бекети. Жолдор тоому.
Археологиялык маалыматтар боюнча б. з. 1-кылымынан мурда негизделген. Жазуу эстеликтеринде 5-кылымдан эскерилет. 709-жылы аны арабдар басып алган. Бухара байыртадан эле Орто Азиядагы соода, кол өнөрчүлүк, маданияты өнүккөн шаар болгон. Анын калкы Иран, Индия, Кытай ж. б. өлкөлөр менен соода кылган. 9–10-кылымдарда Бухараны Саманиддер каратып, өздөрүнүн зор мамлекетинин борборуна айландырган. Шаарды 1220-жылы Чыӊгызхан, 1370-жылы Тимур басып алган. 16-кылымдын башында Бухара көчмөн өзбек урууларынын ээлигине өтүп, Шейбаниддер мамлекетинин баш калаасы болгон. 16-кылымдын ортосунан 1920-жылга чейин Бухара

Пои-Калян ансамблинен фрагмент.

хандыгынын, Бухара эмирлигинин, 1920–24-жылдары Бухара Республикасынын борбору. 17–18-кылымдарда Бухарага перс шахтары бир нече жолу басып кирген.
Каракөл терисин иштетүү, пахта тазалоо заводдору, кебез-кездеме, текстиль комбинаты, шарап, тамак-аш ж. б. ишканалары иштейт. Илгертен көркөм промысели (алтын жип менен тигүү, жибек токуу, металлга чегелөө ж. б.) өнүккөн. Эки ЖОЖ, бир катар атайын орто окуу жайлары, мамлекеттик архитектура, көркөм сүрөт музей-коругу, театр, тарых, край таануу музейи бар. Анда 140ка жакын архитектура эстеликтери сакталып калган. Орто Азия зодчийлигинин шедеврлери – борбордук чамгарактуу Саманиддердин күмбөздөрү (Исмаил Саманинин күмбөзү, 9-кылымдын аягы – 10-кылымдын башы) салынып, ичи-сырты бышкан кыштан оймо-чиймеленген. Пои-Калян ансамблине кирген Калян мунарасы (1127) тегерете кыш менен оймолонгон. Ортоӊку Чыгыштын көрүнүктүү архитектуралык эстелиги Калян мечити (12-кылым, 15–16-кылымдар) жана 2 чамгарактуу Сейфад-Дин Бохарзи күмбөзү (13-кылым, 14–15-кылымдар кайра курулган). Буян-Кулихандын чакан күмбөзүнүн (14-кылым) сырты бышырылган сары, кызыл чопо менен кооздолгон; Улугбектин медресесинин (1417) жанында кооздолуп курулган Абдулазис хандын медресеси (1652) орун алган. 16-кылымдын архитектуралык курулуштарына жасалгаланган Балянд мечити жана Кожо Зайнуддиндин ханагы, Орто Азияда эӊ чоӊ Кукельташ медресеси, чамгарактуу соода курулуштары – Заргаран, Тельпак-Фурушан жана Саррафан, үстү жабык (тим), Абдулла-хандын базары, Чар-Бакр мемориалдык ансамбли (1560–63), Файзабад ханагы (1598–99); 18–19-кылымдагы курулушка Арк (цитадель), 4 мунаралуу эшиги бар Чар-Минар медресеси (1807) кирет. Советтик мезгилде шаар көрктөндүрүлүп, көптөгөн жаӊы курулуштар салынган. 1964-жылы кайра куруу планы бекитилип (архитекторлор В. П. Чунихин, В. Н. Слонимский, Т. Н. Калиновская), байланыш үйү (1966, архитектор М. Чернов), облустук менчик китепкана (1969, типтүү долбоор менен) ж. б. көптөгөн имараттар курулган. 1993-жылы Бухаранын тарыхый бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. 13–18-кылымдарда Бухара Орто Азиядагы музыка маданиятынын көрүнүктүү борбору болгон. Өзгөчө оозеки чыгармачылык өнүккөн. Белгилүү музыка теоретиктери – Нажмиддин Кавлаби Бухари (16-жыл), Дервеш Али Чанги (16–17-кылымдар) жашашкан. С. Айни атындагы музыкалуу драма жана комедия, куурчак театрлары бар.
Ад.: Пугаченкова Г. А. Самарканд. Бухара. М., 1968. Н. Жылдызова,
Р. Карачалова.