БУХАРЕСТ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БУХАРЕ́СТ''' , Б у к у р е ш т и – Румыния | '''БУХАРЕ́СТ''' , Б у к у р е ш т и – Румыния Республикасынын борбор шаары. Төмөнкү Дунай ойдуӊунун борбордук бөлүгүндөгү Дымбовица дарыясынын боюнда (45 ''км'' аралыкта) жайгашкан. Өз алдынча административдик<br/> | ||
<br/> | |||
[[File:БУХАРЕСТ47.png | thumb | Парламент ак сарайы.]] | [[File:БУХАРЕСТ47.png | thumb | Парламент ак сарайы.]] | ||
бирдик. | бирдик. Экономикалык жана илимий-маданий борбор. Калкы 1,9 млн (2021). Бухарест – Дунайдын алабындагы өлкөлөрдү, Борбордук Европаны Кара деӊиз, КМШ жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен байланыштыруучу Трансевропа жолунун кесилишиндеги ири жолдор (7 темир жана бир нече автомобиль жолдор) тоому. Отопени эл аралык аэропорту бар. Башкы өнөр жай тармактары: машина куруу (транспорт жана айыл чарба машиналары, электр-техника, радиоэлектроника өнөр жай жабдыктары), химия (пластмасса, шина, лак-боёк, фармацевтика ж. б.), текстиль, булгаары-бут кийим, тамак-аш, айнек, фарфор-фаянс, полиграфия, түстүү жана кара металлургия, жыгаччылык. Метрополитен, Румыния ИА, тармактык академиялар, университет ж. б. ЖОЖдор, музей, театр, «Антенеум» (19-кылым; учурда филармония) бар. Азыркы аталышы менен 14-кылымдан белгилүү. Дымбовица дарыясынын сол жээгинде эски шаар, монастырь, чиркөөлөр (Михай-Водэ, Патриаршая, Крецулеску; 16–18-кылымдар), Республика Ак сарайы сакталган. «Скынтейя» үйү (1948–53), опера-балет театры, Чишмиджиу, Эркиндик, 23-август парктары жана эс алуу жайлары бар. Борбордук Трансильвания аймагынан куур аркылуу газ жана нефть алат. 1977-жылкы жер титирөөдөн жапа чеккен. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
09:35, 16 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы
БУХАРЕ́СТ , Б у к у р е ш т и – Румыния Республикасынын борбор шаары. Төмөнкү Дунай ойдуӊунун борбордук бөлүгүндөгү Дымбовица дарыясынын боюнда (45 км аралыкта) жайгашкан. Өз алдынча административдик

бирдик. Экономикалык жана илимий-маданий борбор. Калкы 1,9 млн (2021). Бухарест – Дунайдын алабындагы өлкөлөрдү, Борбордук Европаны Кара деӊиз, КМШ жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен байланыштыруучу Трансевропа жолунун кесилишиндеги ири жолдор (7 темир жана бир нече автомобиль жолдор) тоому. Отопени эл аралык аэропорту бар. Башкы өнөр жай тармактары: машина куруу (транспорт жана айыл чарба машиналары, электр-техника, радиоэлектроника өнөр жай жабдыктары), химия (пластмасса, шина, лак-боёк, фармацевтика ж. б.), текстиль, булгаары-бут кийим, тамак-аш, айнек, фарфор-фаянс, полиграфия, түстүү жана кара металлургия, жыгаччылык. Метрополитен, Румыния ИА, тармактык академиялар, университет ж. б. ЖОЖдор, музей, театр, «Антенеум» (19-кылым; учурда филармония) бар. Азыркы аталышы менен 14-кылымдан белгилүү. Дымбовица дарыясынын сол жээгинде эски шаар, монастырь, чиркөөлөр (Михай-Водэ, Патриаршая, Крецулеску; 16–18-кылымдар), Республика Ак сарайы сакталган. «Скынтейя» үйү (1948–53), опера-балет театры, Чишмиджиу, Эркиндик, 23-август парктары жана эс алуу жайлары бар. Борбордук Трансильвания аймагынан куур аркылуу газ жана нефть алат. 1977-жылкы жер титирөөдөн жапа чеккен.