БУХГАЛТЕРИЯЛЫК БАЛАНС: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БУХГАЛТЕРИЯЛЫК БАЛА́НС ''' – ''ишканалардын,'' бирикмелердин, чарбалык уюмдардын | '''БУХГАЛТЕРИЯЛЫК БАЛА́НС ''' – ''ишканалардын,'' бирикмелердин, чарбалык уюмдардын жана мекемелердин абалын, жайгаштырылышын, каражаттардын пайдаланылышын жана булактарын чагылдыруучу бухгалтериялык отчёттун бир түрү. Бухгалтериялык баланс ишкана, уюм пайдалануучу ''ресурстар'' жөнүндө толук маалыматты камтыйт. Бухгалтериялык баланстын сол бөлүгүндө (актив) ресурстардын экономикалык маӊызын, жайгашкан ордун, пайдаланылышын чагылдыруучу тобу берилет. Активде ''негизги фонддор,'' материалдар запасы, отун, бүтө элек ''өндүрүштүн'' көлөмү, даяр ''продукция'', түшүрүлгөн товарлар, кассадагы жана эсеп счётундагы акча каражаттарынын калдыгы, дебитордук карыз тууралуу маалымат камтылат. Активде чагылдырылган ресурстарды калыптандырууда пайдаланылган финансы булактары, ''банкка'' (алган ссудалары боюнча), жумушчуларга жана кызматкерлерге (эмгек акысы боюнча), профсоюзга (социалдык камсыздандырууга чегерүү боюнча), башка ишканаларга карыздары көрсөтүлөт. Пассивде ишкананын өздүк каражаттары (уставдык фонд), пайда, амортизациялык фонд ж. б. берилет. Позицияларынын ар түрдүүлүгүнө карабастан активде жа пассивде бирдей эле ресурстар каралат, ошондуктан Бухгалтериялык баланстагы активдүү жана пассивдүү бөлүктөрдүн жыйынтыгы сөзсүз дал келет. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
09:50, 16 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы
БУХГАЛТЕРИЯЛЫК БАЛА́НС – ишканалардын, бирикмелердин, чарбалык уюмдардын жана мекемелердин абалын, жайгаштырылышын, каражаттардын пайдаланылышын жана булактарын чагылдыруучу бухгалтериялык отчёттун бир түрү. Бухгалтериялык баланс ишкана, уюм пайдалануучу ресурстар жөнүндө толук маалыматты камтыйт. Бухгалтериялык баланстын сол бөлүгүндө (актив) ресурстардын экономикалык маӊызын, жайгашкан ордун, пайдаланылышын чагылдыруучу тобу берилет. Активде негизги фонддор, материалдар запасы, отун, бүтө элек өндүрүштүн көлөмү, даяр продукция, түшүрүлгөн товарлар, кассадагы жана эсеп счётундагы акча каражаттарынын калдыгы, дебитордук карыз тууралуу маалымат камтылат. Активде чагылдырылган ресурстарды калыптандырууда пайдаланылган финансы булактары, банкка (алган ссудалары боюнча), жумушчуларга жана кызматкерлерге (эмгек акысы боюнча), профсоюзга (социалдык камсыздандырууга чегерүү боюнча), башка ишканаларга карыздары көрсөтүлөт. Пассивде ишкананын өздүк каражаттары (уставдык фонд), пайда, амортизациялык фонд ж. б. берилет. Позицияларынын ар түрдүүлүгүнө карабастан активде жа пассивде бирдей эле ресурстар каралат, ошондуктан Бухгалтериялык баланстагы активдүү жана пассивдүү бөлүктөрдүн жыйынтыгы сөзсүз дал келет.