БУХГАЛТЕРИЯЛЫК ЭCЕП: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''БУХГАЛТЕРИЯЛЫК ЭCЕП ''' – ''ишкананын'' финансылык ж-а чарбалык ишмердигинин натыйжаларын эсептөө ''системасы.'' Рыноктук мамилелерге өтүү учурунда ишканадагы Б. э-тин абалына ж-а уюштурууга анын менчик ээси же менчик ээсине мүлк ж-а ''милдеттенмелер'' б-ча‚ о. эле ишкананын кирешелүүлүгү үчүн жооп берүүчү жетекчи жоопкер болот. Анын жардамы м-н ишкананын өздүк мүлкү‚ финансылык милдеттенмелери ж-а ''пайдасы‚'' о. эле ''тобокелчилик ж-а капиталдык салымдан'' күтүлүүчү ''киреше'' бааланат. ''Бухгалтериялык баланста'' накта мүлк‚ өздүк каражаттар фонду ж-а карыз каражаттар чагылдырылууга тийиш. Бүгүнкү күндө Б. э. Ишкананын ж-а анын ээсинин ички иши болуудан калды. Кырг-нда да ''бухгалтериялык отчёттуулуктун'' тууралыгын текшерүү үчүн мыйзамга ылайык иш жүргүзүүчү аудитордук коммерциялык конторалар ж-а фирмалар түзүлгөн (к. ''Аудит'').
'''БУХГАЛТЕРИЯЛЫК ЭCЕП ''' – ''ишкананын'' финансылык жана чарбалык ишмердигинин натыйжаларын эсептөө ''системасы.'' Рыноктук мамилелерге өтүү учурунда ишканадагы Бухгалтериялык эсептин абалына жана уюштурууга анын менчик ээси же менчик ээсине мүлк жана ''милдеттенмелер'' боюнча‚ ошондой эле ишкананын кирешелүүлүгү үчүн жооп берүүчү жетекчи жоопкер болот. Анын жардамы менен ишкананын өздүк мүлкү‚ финансылык милдеттенмелери жана ''пайдасы‚'' ошондой эле ''тобокелчилик жана капиталдык салымдан'' күтүлүүчү ''киреше'' бааланат. ''Бухгалтериялык баланста'' накта мүлк‚ өздүк каражаттар фонду жана карыз каражаттар чагылдырылууга тийиш. Бүгүнкү күндө Бухгалтериялык эсеп ишкананын жана анын ээсинин ички иши болуудан калды. Кыргызстанда да ''бухгалтериялык отчёттуулуктун'' тууралыгын текшерүү үчүн мыйзамга ылайык иш жүргүзүүчү аудитордук коммерциялык конторалар жана фирмалар түзүлгөн (к. ''Аудит'').
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

09:59, 16 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

БУХГАЛТЕРИЯЛЫК ЭCЕП ишкананын финансылык жана чарбалык ишмердигинин натыйжаларын эсептөө системасы. Рыноктук мамилелерге өтүү учурунда ишканадагы Бухгалтериялык эсептин абалына жана уюштурууга анын менчик ээси же менчик ээсине мүлк жана милдеттенмелер боюнча‚ ошондой эле ишкананын кирешелүүлүгү үчүн жооп берүүчү жетекчи жоопкер болот. Анын жардамы менен ишкананын өздүк мүлкү‚ финансылык милдеттенмелери жана пайдасы‚ ошондой эле тобокелчилик жана капиталдык салымдан күтүлүүчү киреше бааланат. Бухгалтериялык баланста накта мүлк‚ өздүк каражаттар фонду жана карыз каражаттар чагылдырылууга тийиш. Бүгүнкү күндө Бухгалтериялык эсеп ишкананын жана анын ээсинин ички иши болуудан калды. Кыргызстанда да бухгалтериялык отчёттуулуктун тууралыгын текшерүү үчүн мыйзамга ылайык иш жүргүзүүчү аудитордук коммерциялык конторалар жана фирмалар түзүлгөн (к. Аудит).