БЫРРАНГА ТООЛОРУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''БЫРРАНГА ТООЛОРУ ''' – дүйнөнүн эӊ түндүгүндө жайгашкан материктик тоо системасы. Краснояр крайында (Россия), Ортонку Сибирдин түндүгүндө, Таймыр ж. а-нда. Түш.-батышта Кара (Карск) деӊизинин Енисей булуӊунан түн.-чыгышта, Лаптевдер деӊизине чейин 1100 ''км''ге созулат. Жазылыгы 200 ''км''ге чейин. Бири-бирине жарыш же кулиса сымал созулуп жаткан жапыз тоо жалдарынан (бийикт. 250–400 ''м''), кырка тоолордон ж-а жазы платолордон (500–700 ''м''ге чейин) туруп, бири-биринен дөбөлүү түздүктөр, тепши сымал өтмө өрөөндөр ж-а тереӊ (700 ''м''ге чейин) шаӊшаарлар (каньондор) м-н бөлүнгөн. Б. т. бири-биринен обочолонгон төмөнкү тоо түйүндөрүнө бөлүнөт: батыш (Енисей булуӊу м-н Пясина д-нын өрөөнүнүн аралыгы), борбордук (Пясина м-н Төмөнкү Таймыр д-нын аралыгы), Б. т-нун эӊ бийик (1125 ''м'') ж-а мөӊгүлүү бөлүгү (мөӊгүнүн жалпы аянты 30,5 ''км''<sup>2</sup>) – түн.-батыш (Лаптевдер деӊизинин жээгине чейин). Б. т-ндагы мөӊгүлөрдүн жалпы саны 96 (а. и. эӊ ириси – Неожиданный, аянты 4,3 ''км''2); алар негизинен Жданов, Преградный, Холодный ж. б. дарыялардын башаттарында жайгашкан. Мөӊгүлөрдүн этектери деӊиз деӊг. 900–600 ''м'' бийиктикке чейин түшөт. Бардык жеринде көп жылдык тоӊ ж-а аны м-н байланыштуу солюфлюкция процесстери, о. эле рельефтин тоӊдон пайда болгон формалары (корумдары, дөбө-дөӊдөр ж. б.) кездешет. Б. т. кембрийге чейин ж-а палеозойдо пайда болгон тоо тектерден турат; аларга ''траптар'' мүнөздүү. Климаты катаал, арктикалык. Жазы 2,5 айга гана созулуп, жай мезгили дээрлик болбойт; сентябрда эле кар түшүп, кышы узакка созулат; кар аралаш бороон-чапкын шамалы согуп турат. Январдын орт. темп-расы –35°С, июлдуку 4°С. Жаан-чачынынын жылдык орточо өлчөмү 100–400 ''мм''. Эӊ ири көлү – Таймыр. Түш. капталдарында ж-а тоо этектей мамык чөп-эӊилчектүү, айрым жерлеринде бадалчалуу тундра таралган; түн. капталдарында арктика тундурасынын суйдаӊ өсүмдүктөрү 500–700 ''м'' бийиктиктен жогору арктика чөлү ж-а нивалдык-гляциалдык ландшафттар м-н алмашат. Айбанаттардан карышкыр, түндүк түлкүсү, лемминг, о. эле арыс, ак коён, кой бука ж. б. мекендейт; өрдөк, каз, дудук каз, чулдук ж. б. куштар көп. Тоо этектеринде ж-а өрөөндөрүндө бугу чарбасы өнүккөн. Б. т-нун чегинде Чоӊ Арктика коругунун бир бөлүгү жайгашкан. Батыш ж-а чыгыш бөлүктөрүндө лыжа ж-а тоо туризм (Волнорез, Кашолот, Сэрэген чокуларына чыгуу), о. эле дарыяларда (Подкаменный, Жданов, Холодный ж. б.) сүзүү өнүккөн.  
'''БЫРРАНГА ТООЛОРУ ''' – дүйнөнүн эӊ түндүгүндө жайгашкан материктик тоо системасы. Краснояр крайында (Россия), Ортонку Сибирдин түндүгүндө, Таймыр жарым аралында. Түштүк-батышта Кара (Карск) деӊизинин Енисей булуӊунан түндүк-чыгышта, Лаптевдер деӊизине чейин 1100 ''км''ге созулат. Жазылыгы 200 ''км''ге чейин. Бири-бирине жарыш же кулиса сымал созулуп жаткан жапыз тоо жалдарынан (бийиктиги 250–400 ''м''), кырка тоолордон жана жазы платолордон (500–700 ''м''ге чейин) туруп, бири-биринен дөбөлүү түздүктөр, тепши сымал өтмө өрөөндөр жана тереӊ (700 ''м''ге чейин) шаӊшаарлар (каньондор) менен бөлүнгөн. Бырранга тоолору бири-биринен обочолонгон төмөнкү тоо түйүндөрүнө бөлүнөт: батыш (Енисей булуӊу менен Пясина дарыясынын өрөөнүнүн аралыгы), борбордук (Пясина менен Төмөнкү Таймыр дарыяларынын аралыгы), Бырранга тоолорунун эӊ бийик (1125 ''м'') жана мөӊгүлүү бөлүгү (мөӊгүнүн жалпы аянты 30,5 ''км''<sup>2</sup>) – түндүк-батыш (Лаптевдер деӊизинин жээгине чейин). Бырранга тоолорундагы мөӊгүлөрдүн жалпы саны 96 (анын ичинен эӊ ириси – Неожиданный, аянты 4,3 ''км''2); алар негизинен Жданов, Преградный, Холодный ж. б. дарыялардын башаттарында жайгашкан. Мөӊгүлөрдүн этектери деӊиз деӊгээлинен 900–600 ''м'' бийиктикке чейин түшөт. Бардык жеринде көп жылдык тоӊ жана аны менен байланыштуу солюфлюкция процесстери, ошондой эле рельефтин тоӊдон пайда болгон формалары (корумдары, дөбө-дөӊдөр ж. б.) кездешет. Бырранга тоолору кембрийге чейин жана палеозойдо пайда болгон тоо тектерден турат; аларга ''траптар'' мүнөздүү. Климаты катаал, арктикалык. Жазы 2,5 айга гана созулуп, жай мезгили дээрлик болбойт; сентябрда эле кар түшүп, кышы узакка созулат; кар аралаш бороон-чапкын шамалы согуп турат. Январдын орточо температурасы –35°С, июлдуку 4°С. Жаан-чачынынын жылдык орточо өлчөмү 100–400 ''мм''. Эӊ ири көлү – Таймыр. Түштүк капталдарында жана тоо этектей мамык чөп-эӊилчектүү, айрым жерлеринде бадалчалуу тундра таралган; түндүк капталдарында арктика тундурасынын суйдаӊ өсүмдүктөрү 500–700 ''м'' бийиктиктен жогору арктика чөлү жана нивалдык-гляциалдык ландшафттар менен алмашат. Айбанаттардан карышкыр, түндүк түлкүсү, лемминг, ошондой эле арыс, ак коён, кой бука ж. б. мекендейт; өрдөк, каз, дудук каз, чулдук ж. б. куштар көп. Тоо этектеринде жана өрөөндөрүндө бугу чарбасы өнүккөн. Бырранга тоолорунун чегинде Чоӊ Арктика коругунун бир бөлүгү жайгашкан. Батыш жана чыгыш бөлүктөрүндө лыжа жана тоо туризм (Волнорез, Кашолот, Сэрэген чокуларына чыгуу), ошондой эле дарыяларда (Подкаменный, Жданов, Холодный ж. б.) сүзүү өнүккөн. <br/>Ад.: ''Трифонов Е. В.'' Таймыр. Региональная география. Норильск, 1999; о ш о н у к у э л е. Таймыр Физическая география. Норильск, 2003.
<br/>Ад.: ''Трифонов Е. В.'' Таймыр. Региональная география. Норильск, 1999; о ш о н у к у э л е. Таймыр Физическая география. Норильск, 2003.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

03:09, 17 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

БЫРРАНГА ТООЛОРУ – дүйнөнүн эӊ түндүгүндө жайгашкан материктик тоо системасы. Краснояр крайында (Россия), Ортонку Сибирдин түндүгүндө, Таймыр жарым аралында. Түштүк-батышта Кара (Карск) деӊизинин Енисей булуӊунан түндүк-чыгышта, Лаптевдер деӊизине чейин 1100 кмге созулат. Жазылыгы 200 кмге чейин. Бири-бирине жарыш же кулиса сымал созулуп жаткан жапыз тоо жалдарынан (бийиктиги 250–400 м), кырка тоолордон жана жазы платолордон (500–700 мге чейин) туруп, бири-биринен дөбөлүү түздүктөр, тепши сымал өтмө өрөөндөр жана тереӊ (700 мге чейин) шаӊшаарлар (каньондор) менен бөлүнгөн. Бырранга тоолору бири-биринен обочолонгон төмөнкү тоо түйүндөрүнө бөлүнөт: батыш (Енисей булуӊу менен Пясина дарыясынын өрөөнүнүн аралыгы), борбордук (Пясина менен Төмөнкү Таймыр дарыяларынын аралыгы), Бырранга тоолорунун эӊ бийик (1125 м) жана мөӊгүлүү бөлүгү (мөӊгүнүн жалпы аянты 30,5 км2) – түндүк-батыш (Лаптевдер деӊизинин жээгине чейин). Бырранга тоолорундагы мөӊгүлөрдүн жалпы саны 96 (анын ичинен эӊ ириси – Неожиданный, аянты 4,3 км2); алар негизинен Жданов, Преградный, Холодный ж. б. дарыялардын башаттарында жайгашкан. Мөӊгүлөрдүн этектери деӊиз деӊгээлинен 900–600 м бийиктикке чейин түшөт. Бардык жеринде көп жылдык тоӊ жана аны менен байланыштуу солюфлюкция процесстери, ошондой эле рельефтин тоӊдон пайда болгон формалары (корумдары, дөбө-дөӊдөр ж. б.) кездешет. Бырранга тоолору кембрийге чейин жана палеозойдо пайда болгон тоо тектерден турат; аларга траптар мүнөздүү. Климаты катаал, арктикалык. Жазы 2,5 айга гана созулуп, жай мезгили дээрлик болбойт; сентябрда эле кар түшүп, кышы узакка созулат; кар аралаш бороон-чапкын шамалы согуп турат. Январдын орточо температурасы –35°С, июлдуку 4°С. Жаан-чачынынын жылдык орточо өлчөмү 100–400 мм. Эӊ ири көлү – Таймыр. Түштүк капталдарында жана тоо этектей мамык чөп-эӊилчектүү, айрым жерлеринде бадалчалуу тундра таралган; түндүк капталдарында арктика тундурасынын суйдаӊ өсүмдүктөрү 500–700 м бийиктиктен жогору арктика чөлү жана нивалдык-гляциалдык ландшафттар менен алмашат. Айбанаттардан карышкыр, түндүк түлкүсү, лемминг, ошондой эле арыс, ак коён, кой бука ж. б. мекендейт; өрдөк, каз, дудук каз, чулдук ж. б. куштар көп. Тоо этектеринде жана өрөөндөрүндө бугу чарбасы өнүккөн. Бырранга тоолорунун чегинде Чоӊ Арктика коругунун бир бөлүгү жайгашкан. Батыш жана чыгыш бөлүктөрүндө лыжа жана тоо туризм (Волнорез, Кашолот, Сэрэген чокуларына чыгуу), ошондой эле дарыяларда (Подкаменный, Жданов, Холодный ж. б.) сүзүү өнүккөн.
Ад.: Трифонов Е. В. Таймыр. Региональная география. Норильск, 1999; о ш о н у к у э л е. Таймыр Физическая география. Норильск, 2003.