ВАВИЛОН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(6 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ВАВИЛ́ОН''' (шумерче Кадингирра, аккадча Бабилу – «кудай дарбазасы» дегенден) – Байыркы Ж. Чыгыштагы ири шаар (б. з. ч. 3-миӊ жылдыктын экинчи жарымы – б. з. ч. 4-к.). Месопотамияда Евфрат д-нын жээгинен орун алган;  
'''ВАВИЛО&#769;Н ''' (шумерче Кадингирра, аккадча Бабилу – «кудай дарбазасы» дегенден) – Байыркы Жакынкы Чыгыштагы ири шаар (биздин заманга чейинки 3-миӊ жылдыктын экинчи жарымы – биздин заманга чейинки IV кылым). Месопотамияда Евфрат дарыясынын жээгинен орун алган; <br/>
 
[[File:ВАВИЛОН3.png | thumb | Иштар дарбазасы. Вавилон, б. з. ч. VI к. Реконструкция. <br/>Мамлекеттик музей (Берлин).]]
Иштар дарбазасы. Вавилон, б. з. ч. VI к. Реконструкция.  
Вавилондун урандылары азыркы Эль-Хилла (Ирак) шаарынын жанында. Биздин заманга чейинки 2-миӊ жылдыктын башында шаар Вавилон аморей урууларына өтүп, алардын башчысы Сумуабум мында өз династиясын (I Вавилон династиясы, биздин заманга чейинки 1894–1595-жылдар) негиздеген. Династиянын алтынчы өкүлү ''Хаммурапи'' (биздин заманга чейинки 1792–1750) бүткүл Месопотамия аймагын бирдиктүү мамлекетке бириктирип, Вавилон дээрлик 1000 жыл бою анын борбору болуп турган. Биздин заманга чейинки  1595-жылы Вавилон хеттер, 1518-жылы каситтер тарабынан басып алынган. Биздин заманга чейинки  1-миӊ жылдыктын башында Вавилон Ассирия менен арамей урууларынын бири халдейлердин ортосунда талашка түшкөн. 732-жылдан Вавилон Ассирия державасынын курамына кирген. 689-жылы Ассирия падышасы Синахериб вавилондуктардын баш ийүүнү каалабагандыгы үчүн шаарды талкалоого буйрук берген. 680-жылы Синахерибдин жолун улантуучу Асархаддон тарабынан шаар кайрадан калыбына келтирилип, Вавилон Жакынкы Чыгыштагы бай жана чоӊ шаарлардын бирине айланган. Шаардын түндүк-батыш тарабында падышанын Чоӊ ак сарайы курулуп, ага жанаша атактуу ''Семирамиданын асма багы'' жайгашкан. Биздин заманга чейинки 539-жылы Вавилонду Персия падышасы Кир II караткан. V кылымдын экинчи жарымында Вавилондо болуп кеткен Геродот: «Мен билген шаарлардын эӊ чоӊу гана эмес, эӊ ажайып көркөмү да»,– деп жазган. 331-жылы шаарды Александр Македонский басып алат. 312-жылы                      А. Македонскийдин кол башчысы Селевк I Никатор каратат да, шаар калкынын көп бөлүгүн Вавилондон анча алыс эмес жерге курдурган жаӊы борбор – Селевкияга көчүрөт. Ошондон кийин Вавилон кедеринен кетип, биздин замандын II кылымында тарыхый ролун жоготот. Шаар жайгашкан жерде чакан кыштак гана калып, 624-жылы Кош-Өзөн аймагы арабдар тарабынан каратылган соӊ, ал да жок болгон. Кийинчерээк байыркы Вавилон шаары жайгашкан жердин өзү да унутулган.<br/>Ад.: ''Геродот.'' История в девяти книгах. Л., 1972; ''Кленгель-Брандт Э.'' Путешествие в Древний Вавилон. М., 1979.
Мамлекеттик музей (Берлин).
В-дун урандылары азыркы Эль-Хилла (Ирак) ш-нын жанында. Б. з. ч. 2-миӊ жылдыктын башында шаар В. аморей урууларына өтүп, алардын башчысы Сумуабум мында өз династиясын (I Вавилон династиясы, б. з. ч. 1894–1595-ж.) негиздеген. Династиянын алтынчы өкүлү ''Хаммурапи'' (б. з. ч. 1792–50) бүткүл Месопотамия аймагын бирдиктүү мамлекетке бириктирип, В. дээрлик 1000 жыл бою анын борбору болуп турган. Б. з. ч. 1595-ж. В. хеттер, 1518-ж. каситтер тарабынан басып алынган. Б. з. ч. 1-миӊ жылдыктын башында В. Ассирия м-н арамей урууларынын бири халдейлердин ортосунда талашка түшкөн. 732-жылдан В. Ассирия державасынын курамына кирген. 689-ж. Ассирия падышасы Синахериб вавилондуктардын баш ийүүнү каалабагандыгы үчүн шаарды талкалоого буйрук берген. 680-ж. Синахерибдин жолун улантуучу Асархаддон тарабынан шаар кайрадан калыбына келтирилип, В. Ж. Чыгыштагы бай ж-а чоӊ шаарлардын бирине айланган. Шаардын түн.-батыш тарабында падышанын Чоӊ ак сарайы курулуп, ага жанаша атактуу ''Семирамиданын асма багы'' жайгашкан. Б. з. ч. 539-ж. В-ду Персия падышасы Кир II караткан. 5-к-дын экинчи жарымында В-до болуп кеткен Геродот: «Мен билген шаарлардын эӊ чоӊу гана эмес, эӊ ажайып көркөмү да»,– деп жазган. 331-ж. шаарды Александр Македонский басып алат. 312-ж. А. Македонскийдин кол башчысы Селевк I Никатор каратат да, шаар калкынын көп бөлүгүн В-дон анча алыс эмес жерге курдурган жаӊы борбор – Селевкияга көчүрөт. Ошондон кийин В. кедеринен кетип, б. з. 2-к-нда тарыхый ролун жоготот. Шаар жайгашкан жерде чакан кыштак гана калып, 624-ж. Кош-Өзөн аймагы арабдар тарабынан каратылган соӊ, ал да жок болгон. Кийинчерээк байыркы В. шаары жайгашкан жердин өзү да унутулган.
Ад.: ''Геродот.'' История в девяти книгах. Л., 1972; ''Кленгель-Брандт Э.'' Путешествие в Древний Вавилон. М., 1979.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

10:15, 5 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы

ВАВИЛО́Н (шумерче Кадингирра, аккадча Бабилу – «кудай дарбазасы» дегенден) – Байыркы Жакынкы Чыгыштагы ири шаар (биздин заманга чейинки 3-миӊ жылдыктын экинчи жарымы – биздин заманга чейинки IV кылым). Месопотамияда Евфрат дарыясынын жээгинен орун алган;

Иштар дарбазасы. Вавилон, б. з. ч. VI к. Реконструкция.
Мамлекеттик музей (Берлин).

Вавилондун урандылары азыркы Эль-Хилла (Ирак) шаарынын жанында. Биздин заманга чейинки 2-миӊ жылдыктын башында шаар Вавилон аморей урууларына өтүп, алардын башчысы Сумуабум мында өз династиясын (I Вавилон династиясы, биздин заманга чейинки 1894–1595-жылдар) негиздеген. Династиянын алтынчы өкүлү Хаммурапи (биздин заманга чейинки 1792–1750) бүткүл Месопотамия аймагын бирдиктүү мамлекетке бириктирип, Вавилон дээрлик 1000 жыл бою анын борбору болуп турган. Биздин заманга чейинки 1595-жылы Вавилон хеттер, 1518-жылы каситтер тарабынан басып алынган. Биздин заманга чейинки 1-миӊ жылдыктын башында Вавилон Ассирия менен арамей урууларынын бири халдейлердин ортосунда талашка түшкөн. 732-жылдан Вавилон Ассирия державасынын курамына кирген. 689-жылы Ассирия падышасы Синахериб вавилондуктардын баш ийүүнү каалабагандыгы үчүн шаарды талкалоого буйрук берген. 680-жылы Синахерибдин жолун улантуучу Асархаддон тарабынан шаар кайрадан калыбына келтирилип, Вавилон Жакынкы Чыгыштагы бай жана чоӊ шаарлардын бирине айланган. Шаардын түндүк-батыш тарабында падышанын Чоӊ ак сарайы курулуп, ага жанаша атактуу Семирамиданын асма багы жайгашкан. Биздин заманга чейинки 539-жылы Вавилонду Персия падышасы Кир II караткан. V кылымдын экинчи жарымында Вавилондо болуп кеткен Геродот: «Мен билген шаарлардын эӊ чоӊу гана эмес, эӊ ажайып көркөмү да»,– деп жазган. 331-жылы шаарды Александр Македонский басып алат. 312-жылы А. Македонскийдин кол башчысы Селевк I Никатор каратат да, шаар калкынын көп бөлүгүн Вавилондон анча алыс эмес жерге курдурган жаӊы борбор – Селевкияга көчүрөт. Ошондон кийин Вавилон кедеринен кетип, биздин замандын II кылымында тарыхый ролун жоготот. Шаар жайгашкан жерде чакан кыштак гана калып, 624-жылы Кош-Өзөн аймагы арабдар тарабынан каратылган соӊ, ал да жок болгон. Кийинчерээк байыркы Вавилон шаары жайгашкан жердин өзү да унутулган.
Ад.: Геродот. История в девяти книгах. Л., 1972; Кленгель-Брандт Э. Путешествие в Древний Вавилон. М., 1979.