БИОХИМИЯ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
Белги: Undo |
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
|
13:36, 12 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БИОХИ́МИЯ, б и о л о г и я л ы к х и м и я – организмдин курамына кирген заттардын химиялык түзүлүшүн, алардын тиричилигиндеги зат алмашууну изилдөөчү илим. Изилдөө объектисине жараша адамдын, жаныбар, өсүмдүк жана микроорганизмдер биохимиясы болуп бөлүнөт. Бардык организмдер биохимиялык жагынан бирдей болгону менен өсүмдүк жана жаныбарлардын зат алмашуусунда айырмачылык бар. Биохимия өзүнчө илим катары 19–20-кылымдарда пайда болгон. Анын калыптанышы органикалык химия, физиология жана медицина илимдеринин жетишкендиктери менен тыгыз байланыштуу. 19-кылымдын башында өсүмдүк менен жаныбар клеткаларынын химиялык курамын изилдөө жүргүзүлгөн. 1928-жылы Ф. Велер мочевинаны синтездеген. 19-кылымдын 2-чи жарымында амин кислоталарынын, углеводдордун, майлардын түзүлүшү аныкталган. Изилдөөлөрдүн натыйжасында ар түрдүү организмдердин зат алмашуусунун бирдиги аныкталган. 20-кылымдын башында тамак-аштын жетишпегендигинен түрдүү оорулардын пайда болушу, витамин жана гормондор, алардын организмдеги ролу, ачуу процесси, биологиялык кычкылдануу механизмдери белгилүү болду. Азыркы биохимиялык изилдөөлөрдүн багыты – нуклеин кислоталарынын, белок биосинтезинин механизмдери, гормондордун таасири, клетканын ультраструктурасы, клеткада энергиянын пайда болушу ж. б. Биохимия биологиянын көп тармактарына – генетика, адам, жаныбар, өсүмдүк физиологиясына, микробиология, вирусология, биотехнология, ген инженериясы жана биофизикага таасир тийгизет. Ошондой эле, анын медицинага, айыл чарбасына, тамак-аш өндүрүшүнө, фармакологияга салымы чоӊ.
Ад.: Ленинжер А. Биохимия, М., 1985; Современные воззрения в биохимии / Пер. с англ., М., 1986.
М. А. Шерова.