ВЕЛАСКЕС: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
(4 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ВЕЛА́СКЕС''' , Родригес де Сильва Веласкес Диего (4 же 5.6.1599, Севилья – 6.8.1660, Мадрид) – испан живописчиси. Севильяда 1623-ж. чейин иштеп, элдин турмуш-тиричилигин сүрөттөгөн чыгармаларды («Эртеӊ мененки тамак», 1617-ж.  
'''ВЕЛА&#769;СКЕС''' , Родригес де Сильва Веласкес Диего (4 же 5.6.1599, Севилья – 6.8.1660, Мадрид) – испан живописчиси. Севильяда 1623-жылга чейин иштеп, элдин турмуш-тиричилигин сүрөттөгөн чыгармаларды («Эртеӊ мененки тамак», 1617-жыл<br/>
 
[[File:ВЕЛАСКЕС68.png | thumb | Д. Веласкес. «Эртеӊ мененки тамак». Эрмитаж.]]
Д. Веласкес. «Эртеӊ мененки тамак». Эрмитаж.
чен, Ленинград, Эрмитаж) жараткан. Веласкес фигураларды контрасттуу чагылтууга, натуранын тышкы өзгөчөлүктөрүн өзүндөй так тартууга кызыккан. Веласкес 1623-жылдан Мадридде жашап, падыша бийлигинин сүрөтчүсү болгон. Италиялык сүрөт искусствосу (асыресе, ''Тициандын'' чыгармалары) менен таанышканы, ошондой эле П. П. ''Рубенске'' жолукканы Веласкестин чеберчилигин арттырган. Буга анын реалдуу турмуштан алынып тартылган «Вакх триумфу» (1628), «Жанар тоо уюгу» (1630, Прадо) деген сүрөттөрү мисал. Веласкестин «Бреданы тапшыруу» (1634) картинасы баталдык жанрдын үлгүсү болгон. Веласкес портреттердин («Оливарес», «Хуан Матеос», «Желпигич кармаган айым» жана башкалар) да автору. Веласкестин «Лас Менинас» (1656), «Жип ийрүүчүлөр» (1657) деген айтылуу сүрөттөрү өмүрүнүн акыркы жылдары тартылган. Анын чыгармачылыгына чындыкты бүткүл карама-каршылыгы менен тереӊ изилдеп, образдуу, чебер чагылдыруу мүнөздүү болгон. Веласкестен мурас калган чыгармалар – XVII кылымдагы испан сүрөт өнөрү менен дүйнөлүк реалисттик искусствонун эӊ мыкты үлгүлөрүнөн болуп эсептелет.<br/>Ад.: ''Кеменев В. С.'' Картины Веласкеса. М., 1969; ''Каптерева Т. П.'' Веласкес. М., 2004.
чен, Ленинград, Эрмитаж) жараткан. В. фигураларды контрасттуу чагылтууга, натуранын тышкы өзгөчөлүктөрүн өзүндөй так тартууга кызыккан. В. 1623-жылдан Мадридде жашап, падыша бийлигинин сүрөтчүсү болгон. Итал. сүрөт иск-восу (асыресе, ''Тициандын'' чыгармалары) м-н таанышканы, о. эле П. П. ''Рубенске'' жолукканы В-тин чеберчилигин арттырган. Буга анын реалдуу турмуштан алынып тартылган «Вакх триумфу» (1628), «Жанар тоо уюгу» (1630, Прадо) деген сүрөттөрү мисал. В-тин «Бреданы тапшыруу» (1634) картинасы баталдык жанрдын үлгүсү болгон. В. портреттердин («Оливарес», «Хуан Матеос», «Желпигич кармаган айым» ж. б.) да автору. В-тин «Лас Менинас» (1656), «Жип ийрүүчүлөр» (1657) деген айтылуу сүрөттөрү өмүрүнүн акыркы жылдары тартылган. Анын чыг-лыгына чындыкты бүткүл карама-каршылыгы м-н тереӊ изилдеп, образдуу, чебер чагылдыруу мүнөздүү болгон. В-тен мурас калган чыгармалар – 17-к-дагы испан сүрөт өнөрү м-н дүйнөлүк реалисттик иск-вонун эӊ мыкты үлгүлөрүнөн болуп эсептелет.
Ад.: ''Кеменев В. С.'' Картины Веласкеса. М., 1969; ''Каптерева Т. П.'' Веласкес. М., 2004.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

09:54, 12 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы

ВЕЛА́СКЕС , Родригес де Сильва Веласкес Диего (4 же 5.6.1599, Севилья – 6.8.1660, Мадрид) – испан живописчиси. Севильяда 1623-жылга чейин иштеп, элдин турмуш-тиричилигин сүрөттөгөн чыгармаларды («Эртеӊ мененки тамак», 1617-жыл

Д. Веласкес. «Эртеӊ мененки тамак». Эрмитаж.

чен, Ленинград, Эрмитаж) жараткан. Веласкес фигураларды контрасттуу чагылтууга, натуранын тышкы өзгөчөлүктөрүн өзүндөй так тартууга кызыккан. Веласкес 1623-жылдан Мадридде жашап, падыша бийлигинин сүрөтчүсү болгон. Италиялык сүрөт искусствосу (асыресе, Тициандын чыгармалары) менен таанышканы, ошондой эле П. П. Рубенске жолукканы Веласкестин чеберчилигин арттырган. Буга анын реалдуу турмуштан алынып тартылган «Вакх триумфу» (1628), «Жанар тоо уюгу» (1630, Прадо) деген сүрөттөрү мисал. Веласкестин «Бреданы тапшыруу» (1634) картинасы баталдык жанрдын үлгүсү болгон. Веласкес портреттердин («Оливарес», «Хуан Матеос», «Желпигич кармаган айым» жана башкалар) да автору. Веласкестин «Лас Менинас» (1656), «Жип ийрүүчүлөр» (1657) деген айтылуу сүрөттөрү өмүрүнүн акыркы жылдары тартылган. Анын чыгармачылыгына чындыкты бүткүл карама-каршылыгы менен тереӊ изилдеп, образдуу, чебер чагылдыруу мүнөздүү болгон. Веласкестен мурас калган чыгармалар – XVII кылымдагы испан сүрөт өнөрү менен дүйнөлүк реалисттик искусствонун эӊ мыкты үлгүлөрүнөн болуп эсептелет.
Ад.: Кеменев В. С. Картины Веласкеса. М., 1969; Каптерева Т. П. Веласкес. М., 2004.