ВЕКТОР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''ВЕ́КТОР ''' (лат. vector – алып жүрүүчү, бир жерден экинчи жерге которуучу) – багытталган кесинди; анын башталыш ж-а акыркы чекити көрсөтүлөт. Аны англ. математик У. Гамильтон (1845) киргизген. Ал сан маани м-н эле эмес, багыт м-н да мүнөздөлөт, мисалы, ылдамдык, ылдамдануу, күч ж. б. Вектор  жоон латын тамгалары '''''а, b,'' '''... м-н, же кадимки алфавит тамгаларынын үстүнө сызыкча же жебе коюлуп: ''a, b'', башталышы ''А'', аягы ''В'' чекиттери болгон вектор ''АВ'' деп белгиленет. ''A'' В-унун узундугуна барабар оӊ сан анын модулу делет ж-а ''a'' аркылуу белгиленет. Эгер экөөнүн багыттары бирдей, модулдары барабар болсо, анда ал В-лор барабар же эркин (материалдык чекиттин кыймылынын ылдамдыгы) деп аталат. Бир түз сызыкта жаткан барабар эки вектор  жылышма вектор  (абсолюттук  катуу нерсеге таасир эткен күч) деп аталат. Эгер вектордун башталышы м-н аягы дал келишсе, ал нөл вектор  деп аталып, 0 м-н белгиленип, нөл векторго каалаган багыт туура келет ж-а модулу 0гө барабар болот. Бардык нөл векторлор барабар. ''ВА'' ж-а ''АВ'' карама- каршы векторлор, мында ''АВ = a'' болсо, ''ВА =– a'' га барабар. Узундугу 1ге барабар болсо, бирдик вектор же орт деп аталат. Эки вектор  бир түз сызыкта же параллель түз сызыктарда жатышса, коллинеардуу, эгер бир тегиздикте же жарыш тегиздиктерде жатышса, компланардуу деп аталат. Вектор түшүнүгү чоӊдукту ж-а багытты мүнөздөөчү объектилердин матемактикалык абстракциясы катары пайда болгон.  
'''ВЕ&#769;КТОР ''' (лат. vector – алып жүрүүчү, бир жерден экинчи жерге которуучу) – багытталган кесинди; анын башталыш жана акыркы чекити көрсөтүлөт. Аны англиялык математик У. Гамильтон (1845) киргизген. Ал сан маани менен эле эмес, багыт менен да мүнөздөлөт, мисалы, ылдамдык, ылдамдануу, күч жана башка. Вектор  жоон латын тамгалары '''''а, b,'' '''... менен, же кадимки алфавит тамгаларынын үстүнө сызыкча же жебе коюлуп: ''a, b'', башталышы ''А'', аягы ''В'' чекиттери болгон вектор ''АВ'' деп белгиленет. ''A'' Векторунун узундугуна барабар оӊ сан анын модулу делет жана ''a'' аркылуу белгиленет. Эгер экөөнүн багыттары бирдей, модулдары барабар болсо, анда ал Векторлор барабар же эркин (материалдык чекиттин кыймылынын ылдамдыгы) деп аталат. Бир түз сызыкта жаткан барабар эки вектор  жылышма вектор  (абсолюттук  катуу нерсеге таасир эткен күч) деп аталат. Эгер вектордун башталышы менен аягы дал келишсе, ал нөл вектор  деп аталып, 0 менен белгиленип, нөл векторго каалаган багыт туура келет жана модулу 0гө барабар болот. Бардык нөл векторлор барабар, ''ВА'' жана ''АВ'' карама- каршы векторлор, мында ''АВ = a'' болсо, ''ВА =– a'' га барабар. Узундугу 1ге барабар болсо, бирдик вектор же орт деп аталат. Эки вектор  бир түз сызыкта же параллель түз сызыктарда жатышса, коллинеардуу, эгер бир тегиздикте же жарыш тегиздиктерде жатышса, компланардуу деп аталат. Вектор түшүнүгү чоӊдукту жана багытты мүнөздөөчү объектилердин математикалык абстракциясы катары пайда болгон. <br/>''Б. Э. Канетов.''
<br/>''Б. Э. Канетов.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

07:56, 10 Июль (Теке) 2024 -га соңку нускасы

ВЕ́КТОР (лат. vector – алып жүрүүчү, бир жерден экинчи жерге которуучу) – багытталган кесинди; анын башталыш жана акыркы чекити көрсөтүлөт. Аны англиялык математик У. Гамильтон (1845) киргизген. Ал сан маани менен эле эмес, багыт менен да мүнөздөлөт, мисалы, ылдамдык, ылдамдануу, күч жана башка. Вектор жоон латын тамгалары а, b, ... менен, же кадимки алфавит тамгаларынын үстүнө сызыкча же жебе коюлуп: a, b, башталышы А, аягы В чекиттери болгон вектор АВ деп белгиленет. A Векторунун узундугуна барабар оӊ сан анын модулу делет жана a аркылуу белгиленет. Эгер экөөнүн багыттары бирдей, модулдары барабар болсо, анда ал Векторлор барабар же эркин (материалдык чекиттин кыймылынын ылдамдыгы) деп аталат. Бир түз сызыкта жаткан барабар эки вектор жылышма вектор (абсолюттук катуу нерсеге таасир эткен күч) деп аталат. Эгер вектордун башталышы менен аягы дал келишсе, ал нөл вектор деп аталып, 0 менен белгиленип, нөл векторго каалаган багыт туура келет жана модулу 0гө барабар болот. Бардык нөл векторлор барабар, ВА жана АВ карама- каршы векторлор, мында АВ = a болсо, ВА =– a га барабар. Узундугу 1ге барабар болсо, бирдик вектор же орт деп аталат. Эки вектор бир түз сызыкта же параллель түз сызыктарда жатышса, коллинеардуу, эгер бир тегиздикте же жарыш тегиздиктерде жатышса, компланардуу деп аталат. Вектор түшүнүгү чоӊдукту жана багытты мүнөздөөчү объектилердин математикалык абстракциясы катары пайда болгон.
Б. Э. Канетов.