БОЛЕРО: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
(Кайра 13281 жокко Kadyrm (сюзюу))
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

03:52, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы

БОЛЕРО́ – испан эл бийи. XVIII кылымдын аягында пайда болгон. Жеке же эки киши орто ылдамдыкта бийлейт. Болеро опера жана балетте да пайдаланылган. Адатта кастаньетта менен гитаранын үнү коштойт. Көп композиторлор Болерого кайрылып, анын ыргагында романстарды, арияларды, аспаптык пьесаларды жана симфониялык поэмаларды жаратышкан. Өзгөчө белгилүүсү М. Равелдин оркестр үчүн «Болеросу».