ВЕНА КОНВЕНЦИЯСЫ (1961): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ВЕ́НА КОНВЕНЦИЯСЫ (1961)''' – эл аралык дипл. байланыштар ж-а дипл. өкүлчүлүктөрдүн укуктук негиздери тууралуу конвенция. 1961-ж. 18-апрелде Вена ш-нда кабыл алынган. В. к. дипл. байланыштарды түзүү ж-а токтотуунун тартиби, дипл. өкүлчүлүктөрдү ачуу ж-а алардын функциялары тууралуу маселелерди жөнгө салат, конвенцияда дипл. өкүлчүлүктүн башчысы ж-а анын кызматкерлерин аккредитациялоо эрежеси, дипл. иммунитеттердин көлөмү ж-а артыкчылыктары аныкталган. Конвенция б-ча дипл. өкүлчүлүк жайгашкан имарат ж-а андагы кызматкерлер өз өлкөсүнүн гана мыйзамдарына баш ийишет. Жерг. мамлекет башчылары элчилик орун алган имаратка элчинин уруксаты м-н гана кирүүгө укугу бар. Азыркы учурда В. к-на дүйнөнүн 170тен ашык мамлекети мүчө.
'''ВЕ́НА КОНВЕНЦИЯСЫ (1961) ''' – эл аралык дипломатиялык байланыштар жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн укуктук негиздери тууралуу конвенция. 1961-жылы 18-апрелде Вена шаарында кабыл алынган. Вена конвенциясы дипломатиялык байланыштарды түзүү жана токтотуунун тартиби, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү ачуу жана алардын функциялары тууралуу маселелерди жөнгө салат, конвенцияда дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысы жана анын кызматкерлерин аккредитациялоо эрежеси, дипломатиялык иммунитеттердин көлөмү жана артыкчылыктары аныкталган. Конвенция боюнча дипломатиялык өкүлчүлүк жайгашкан имарат жана андагы кызматкерлер өз өлкөсүнүн гана мыйзамдарына баш ийишет. Жергиликтүү мамлекет башчылары элчилик орун алган имаратка элчинин уруксаты менен гана кирүүгө укугу бар. Азыркы учурда Вена конвенциясына дүйнөнүн 170тен ашык мамлекети мүчө.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

09:18, 11 Июль (Теке) 2024 -га соңку нускасы

ВЕ́НА КОНВЕНЦИЯСЫ (1961) – эл аралык дипломатиялык байланыштар жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн укуктук негиздери тууралуу конвенция. 1961-жылы 18-апрелде Вена шаарында кабыл алынган. Вена конвенциясы дипломатиялык байланыштарды түзүү жана токтотуунун тартиби, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү ачуу жана алардын функциялары тууралуу маселелерди жөнгө салат, конвенцияда дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысы жана анын кызматкерлерин аккредитациялоо эрежеси, дипломатиялык иммунитеттердин көлөмү жана артыкчылыктары аныкталган. Конвенция боюнча дипломатиялык өкүлчүлүк жайгашкан имарат жана андагы кызматкерлер өз өлкөсүнүн гана мыйзамдарына баш ийишет. Жергиликтүү мамлекет башчылары элчилик орун алган имаратка элчинин уруксаты менен гана кирүүгө укугу бар. Азыркы учурда Вена конвенциясына дүйнөнүн 170тен ашык мамлекети мүчө.