ВЕНА КОНГРЕССИ (1814–15): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВЕ́НА КОНГРЕССИ (1814–15)''' – Наполеон жеӊилгенден кийин Европадагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн өткөрүлгөн эл аралык тынчтык | '''ВЕ́НА КОНГРЕССИ (1814–15) ''' – Наполеон жеӊилгенден кийин Европадагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн өткөрүлгөн эл аралык тынчтык конференциясы. 1814-жылы сентябрь – 1815-жылы июнда Венада өткөн. Вена конгрессине Европа өлкөлөрүнүн бардыгы (Түркиядан башка) катышкан. Конгрессте Россия (Александр I), Улуу Британия (Каслри), Австрия (Меттерних), Пруссия (Фридрих Вильгельм III) чоӊ роль ойногон. Анда ''Француз революциясынын'' жана Наполеон согушунун учурунда жоюлган феодалдык тартипти, кулаган династияларды кайра калыбына келтирүү, революциялык жана улуттук-боштондук кыймылдарга каршы күрөшүү, Наполеонду бийликке кайра келтирбөө жана жеӊген державалардын аймактык таламдарын канааттандыруу маселелери каралган. Падыша өкмөтү Польшаны бүт Россияга кошуп алуу маселесин койгон. Буга Франция, Улуу Британия менен Австрия каршы турган. 1815-жылы 3-январда жеӊилген Франциянын атынан атайын өкүл катары конгресске катышкан Ш. М. Талейран күч алып бараткан Россия менен Пруссияга каршы Улуу Британия жана Австрия менен жашыруун келишимге кол койгон. Конгресстин чечими боюнча Россияга Польшанын бир бөлүгү (Варшава менен чогуу Польша падышалыгы деп аталган); Пруссияга Польшадагы жана Саксониядагы айрым аймактар, Вестфалия жана Рейн провинциялары; Австрияга Ломбардия, Тироль, Далмация, Венеция; Улуу Британияга стратегиялык маанидеги Гельголанд, Мальта, Ионика жана Цейлон, ошондой эле Африканын түштүгүндөгү Кап колониясы да өткөн. Франция Саар облусунан жана бир нече чек ара чептеринен айрылган, контрибуция төлөөгө милдеттенген жана аймагында 5 жылга оккупациялык аскерлер калтырылган. Германиянын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Франциянын түндүк чек арасында Голландия менен Бельгиянын аймагынын эсебинен Нидерланд королдугу түзүлгөн. Жалпысынан, Вена конгресси Европада стабилдүүлүктү орноткон. Вена конгресси кабыл алган чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөөнү камсыз кылуу үчүн Россиянын, Австриянын жана Пруссиянын монархтары 1815-жылы сентябрда ''Ыйык союзду'' түзүшкөн. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
09:48, 11 Июль (Теке) 2024 -га соңку нускасы
ВЕ́НА КОНГРЕССИ (1814–15) – Наполеон жеӊилгенден кийин Европадагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн өткөрүлгөн эл аралык тынчтык конференциясы. 1814-жылы сентябрь – 1815-жылы июнда Венада өткөн. Вена конгрессине Европа өлкөлөрүнүн бардыгы (Түркиядан башка) катышкан. Конгрессте Россия (Александр I), Улуу Британия (Каслри), Австрия (Меттерних), Пруссия (Фридрих Вильгельм III) чоӊ роль ойногон. Анда Француз революциясынын жана Наполеон согушунун учурунда жоюлган феодалдык тартипти, кулаган династияларды кайра калыбына келтирүү, революциялык жана улуттук-боштондук кыймылдарга каршы күрөшүү, Наполеонду бийликке кайра келтирбөө жана жеӊген державалардын аймактык таламдарын канааттандыруу маселелери каралган. Падыша өкмөтү Польшаны бүт Россияга кошуп алуу маселесин койгон. Буга Франция, Улуу Британия менен Австрия каршы турган. 1815-жылы 3-январда жеӊилген Франциянын атынан атайын өкүл катары конгресске катышкан Ш. М. Талейран күч алып бараткан Россия менен Пруссияга каршы Улуу Британия жана Австрия менен жашыруун келишимге кол койгон. Конгресстин чечими боюнча Россияга Польшанын бир бөлүгү (Варшава менен чогуу Польша падышалыгы деп аталган); Пруссияга Польшадагы жана Саксониядагы айрым аймактар, Вестфалия жана Рейн провинциялары; Австрияга Ломбардия, Тироль, Далмация, Венеция; Улуу Британияга стратегиялык маанидеги Гельголанд, Мальта, Ионика жана Цейлон, ошондой эле Африканын түштүгүндөгү Кап колониясы да өткөн. Франция Саар облусунан жана бир нече чек ара чептеринен айрылган, контрибуция төлөөгө милдеттенген жана аймагында 5 жылга оккупациялык аскерлер калтырылган. Германиянын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Франциянын түндүк чек арасында Голландия менен Бельгиянын аймагынын эсебинен Нидерланд королдугу түзүлгөн. Жалпысынан, Вена конгресси Европада стабилдүүлүктү орноткон. Вена конгресси кабыл алган чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөөнү камсыз кылуу үчүн Россиянын, Австриянын жана Пруссиянын монархтары 1815-жылы сентябрда Ыйык союзду түзүшкөн.