ВЕНЕСУЭЛАЛЫКТАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
– эл, Венесуэланын негизги калкы. Саны 35 млн. киши, а. и. Венесуэлада 33,2 млн (2010). Калктын 51%и метис, мулат, самбо, 25%и креолдор, 8%и негрлер, 15%и индейлер, 1%и «европалыктар». Испан тилинде сүйлөшөт. Көпчүлүгү католиктер, о. эле протестанттар, мормондор да бар. В. испандар, басктар, абориген индейлер (аравактар, чибча, карибдер) негрлер м-н аралашуусунун натыйжасында 20-к-да эл болуп калыптанган. Негрлер ж-а мулаттардын көпчүлүгү Маракайбо ойдуӊдарын ж-а өлкөнүн деӊиз бойлорун, метистер түн.-
'''ВЕНЕСУЭЛАЛЫКТАР ''' – эл, Венесуэланын негизги калкы. Саны 35 млн. киши, анын ичинен Венесуэлада 33,2 млн (2010). Калктын 51%и метис, мулат, самбо, 25%и креолдор, 8%и негрлер, 15%и индейлер, 1%и «европалыктар». Испан тилинде сүйлөшөт. Көпчүлүгү католиктер, ошондой  эле протестанттар, мормондор да бар. Венесуэлалыктар испандар, басктар, абориген индейлер (аравактар, чибча, карибдер) негрлер менен аралашуусунун натыйжасында 20-кылымда эл болуп калыптанган. Негрлер жана мулаттардын көпчүлүгү Маракайбо ойдуӊдарын жана өлкөнүн деӊиз бойлорун, метистер түндүк-<br/>
 
[[File:ВЕНЕСУЭЛАЛЫКТАР100.png | thumb | none]]
батыш тоолуу штаттарын, самболор Льянос аймагын мекендешкен. Дыйкандар, метистер ж-а самболор – батрактар, арендаторлор майда ж-а орто менчик ээлери негизинен дыйканчылык ж-а мал чарбачылык, метистер кол өнөрчүлүк м-н кесиптенишкен. Креолдор өнөр жайларда, финансы иштеринде иштешкен. Кыштактарда ж-а хуторлордо дыйкандардын үйлөрүнүн чатыры черепица же пальманын жалбырактары м-н жабылган, дубалы сокмо ыкмасы м-н топурактан же кыштан тургузулган. Көпчүлүгү таза абада гамакта жатып укташат. Дыйкандар башына чий калпак, ак чыт көйнөк, кенен шым, бутуна сандал, аялдары кенен, узун көйнөк кийишет. Тамак-ашы – дан, эт азыктары ж-а жашылчалар. Негизинен жүгөрүдөн жасалган нан (арепа), ботко (масаморра) ж-а альяка сыяктуу тамактар, ичкилик ичимдиги катары – чича көбүрөөк колдонулган. Улуттук майрамдары – карнавал, элдик үй-бүлөлүк майрам – тернер ж. б.
батыш тоолуу штаттарын, самболор Льянос аймагын мекендешкен. Дыйкандар, метистер жана самболор – батрактар, арендаторлор майда жана орто менчик ээлери негизинен дыйканчылык жана мал чарбачылык, метистер кол өнөрчүлүк менен кесиптенишкен. Креолдор өнөр жайларда, финансы иштеринде иштешкен. Кыштактарда жана хуторлордо дыйкандардын үйлөрүнүн чатыры черепица же пальманын жалбырактары менен жабылган, дубалы сокмо ыкмасы менен топурактан же кыштан тургузулган. Көпчүлүгү таза абада гамакта жатып укташат. Дыйкандар башына чий калпак, ак чыт көйнөк, кенен шым, бутуна сандал, аялдары кенен, узун көйнөк кийишет. Тамак-ашы – дан, эт азыктары жана жашылчалар. Негизинен жүгөрүдөн жасалган нан (арепа), ботко (масаморра) жана альяка сыяктуу тамактар, ичкилик ичимдиги катары – чича көбүрөөк колдонулган. Улуттук майрамдары – карнавал, элдик үй-бүлөлүк майрам – тернер ж. б.<br/>''Ш. Керимова.''
''Ш. Керимова.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

07:40, 23 Июль (Теке) 2024 -га соңку нускасы

ВЕНЕСУЭЛАЛЫКТАР – эл, Венесуэланын негизги калкы. Саны 35 млн. киши, анын ичинен Венесуэлада 33,2 млн (2010). Калктын 51%и метис, мулат, самбо, 25%и креолдор, 8%и негрлер, 15%и индейлер, 1%и «европалыктар». Испан тилинде сүйлөшөт. Көпчүлүгү католиктер, ошондой эле протестанттар, мормондор да бар. Венесуэлалыктар испандар, басктар, абориген индейлер (аравактар, чибча, карибдер) негрлер менен аралашуусунун натыйжасында 20-кылымда эл болуп калыптанган. Негрлер жана мулаттардын көпчүлүгү Маракайбо ойдуӊдарын жана өлкөнүн деӊиз бойлорун, метистер түндүк-

батыш тоолуу штаттарын, самболор Льянос аймагын мекендешкен. Дыйкандар, метистер жана самболор – батрактар, арендаторлор майда жана орто менчик ээлери негизинен дыйканчылык жана мал чарбачылык, метистер кол өнөрчүлүк менен кесиптенишкен. Креолдор өнөр жайларда, финансы иштеринде иштешкен. Кыштактарда жана хуторлордо дыйкандардын үйлөрүнүн чатыры черепица же пальманын жалбырактары менен жабылган, дубалы сокмо ыкмасы менен топурактан же кыштан тургузулган. Көпчүлүгү таза абада гамакта жатып укташат. Дыйкандар башына чий калпак, ак чыт көйнөк, кенен шым, бутуна сандал, аялдары кенен, узун көйнөк кийишет. Тамак-ашы – дан, эт азыктары жана жашылчалар. Негизинен жүгөрүдөн жасалган нан (арепа), ботко (масаморра) жана альяка сыяктуу тамактар, ичкилик ичимдиги катары – чича көбүрөөк колдонулган. Улуттук майрамдары – карнавал, элдик үй-бүлөлүк майрам – тернер ж. б.
Ш. Керимова.