ГЕГЕЛЬ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary

1 сап: 1 сап:
'''ГЕ́ГЕЛЬ ''' (Hegel) '''Георг Вильгельм Фридрих''' (27.8.1770, Штутгарт – 14.11.1831, Берлин) – немец классикалык философиясынын улуу өкүлү, диалектика системасынын теориясын, «абсолюттуу идеализмди» жаратуучу. Анын борбордук түшүнүгү – өнүгүү жөнүндөгү гениалдуу мүнөздөмөсү. Ал биринчи жолу бүткүл табигый, тарыхый ж-а рухий дүйнөнү түбөлүк кыймылда, үзгүлтүксүз өнүгүү, өзгөрүү, кыйроо, кайра жаралуу түрүндө түшүнүүгө ж-а бул чексиз, учу-кыйырсыз процесстердин ички карама-каршылыктуу

[[File:ГЕГЕЛЬ96.png | thumb | none]]
[[File:ГЕГЕЛЬ96.png | thumb | none|354x354px]]
айланыштарын – диалектиканын закондорун ачкан. Гегель үчүн «Абсолюттуу Рух» (Жогорку Акыл-Эс) – бул «Абсолюттуу дүйнөнүн» башатын, өзөгүн түзгөн философиялык изилдөө айдыӊы. Гегель өзүнө чейинки философиядагы абалга токтолуп, анда (философия маселелеринде): 1) илимийликтин жетишпегендигин көрсөткөн; 2) чыныгы билимге умтулбай, карандай эле ой жүгүртүү м-н гана алектенип келишкенин айткан; 3) метафизикадан (дүйнөгө илимий-теориялык көз караш боюнча) философияны талдоого алууга эч кандай түшүнүгү жок далбастаган түркөйлөрдүн көбөйүп баратышына кыжырданган ж-а философияны, башкача айтканда бул улуу ойлор булагын кол жеткис илим чокусуна айландырууга аракеттенген. Ал өзү иштеп чыккан окуусунун бардык тармактарын камтыган универсалдуу ж-а эӊ жыйнактуу эмгегин «Философиялык илимдердин энциклопедиясын» жаратып, адам акылынын теӊдешсиз бийиктигин, рухий зээндин учу-кыйырсыз тереӊдигин ачып бере алган. Гегелдин адамзат акыл казынасына салган эбегейсиз зор илимий салымы – «Логика илими» (1712–16) китебинде өнүктүрүлгөн д и а л е к т и к а жөнүндөгү улуу окуусу. Бул эмгеги «Болмуш жөнүндөгү окуу», «Маӊыз тууралуу окуу», «Түшүнүк жөнүндө» деген өз алдынча таанып-билүү тармагын түзгөн бөлүктөрдөн турат. «Логика илиминде» сандык өзгөрүүлөрдүн сапаттык касиетке өтүү законун, ар кандай өнүгүүлөрдүн кыймылдаткыч күчү – карама-каршылыктардын эч бүтпөс күрөшү жөнүндөгү окууну, ар кандай өнүгүүлөрдүн түбөлүктүү багыты – жөнөкөйдөн татаалга, конкреттүүлүктөн абстракциялуулукка, өткөндөн учурга, учурдан келечекти карай өсүп-өтүүчү (тезис – антитезис – синтез сымал баскычтарды) универсалдуу танууну тануу законун ачкан. Бүтүн м-н бөлүктүн диалектикасын негиздеген, ошондой эле мүмкүндүк м-н чындык, зарылдык м-н кокустук, маӊыз м-н көрүнүш, мазмун м-н форма, себеп м-н натыйжа, логикалык м-н тарыхыйлык сыяктуу материалдык ж-а рухий дүйнөнүн жалпы баарына тийиштүү философиялык категориялардын диалектикасын классикалык философиянын үлгүсүндө иштеп чыккан. Болмуш теориясы боюнча окуусунда Гегель карандай болмуштан эчтемеге, кайра жаралып калыптануудан өзүнүн тикелей карама-каршысына – жаӊы түргө, сандык өлчөмдөрдөн сапаттык өзгөрүүлөргө чейинки процесстердеги түшүнүм түйүндөрүндө катталган өнүгүүнүн диалектикалык кыймылын көрсөткөн. Гегелдин негизги эмгектери: «Рух феноменологиясы» (1807), «Логика илими» (1812–16), «Философия илимдердин энциклопедиясы» (1817), «Укук философиясынын негиздери» (1821), «Тарых философиясы», «Эстетика»,«Дин философиясы», «Философиянын тарыхы» ж. б.

Ад.: ''Ленин В. И.'' Философиялык дептерлер//Чыг., кыргызча 1-бас., 38-т. Ф., 1961; ''Власов А. Д.'' Словарь по философии Гегеля. Т. 1–2. М., 1997–2000.
''Т. Абдылдабеков.''

[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

09:55, 20 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы

ГЕ́ГЕЛЬ (Hegel) Георг Вильгельм Фридрих (27.8.1770, Штутгарт – 14.11.1831, Берлин) – немец классикалык философиясынын улуу өкүлү, диалектика системасынын теориясын, «абсолюттуу идеализмди» жаратуучу. Анын борбордук түшүнүгү – өнүгүү жөнүндөгү гениалдуу мүнөздөмөсү. Ал биринчи жолу бүткүл табигый, тарыхый ж-а рухий дүйнөнү түбөлүк кыймылда, үзгүлтүксүз өнүгүү, өзгөрүү, кыйроо, кайра жаралуу түрүндө түшүнүүгө ж-а бул чексиз, учу-кыйырсыз процесстердин ички карама-каршылыктуу

айланыштарын – диалектиканын закондорун ачкан. Гегель үчүн «Абсолюттуу Рух» (Жогорку Акыл-Эс) – бул «Абсолюттуу дүйнөнүн» башатын, өзөгүн түзгөн философиялык изилдөө айдыӊы. Гегель өзүнө чейинки философиядагы абалга токтолуп, анда (философия маселелеринде): 1) илимийликтин жетишпегендигин көрсөткөн; 2) чыныгы билимге умтулбай, карандай эле ой жүгүртүү м-н гана алектенип келишкенин айткан; 3) метафизикадан (дүйнөгө илимий-теориялык көз караш боюнча) философияны талдоого алууга эч кандай түшүнүгү жок далбастаган түркөйлөрдүн көбөйүп баратышына кыжырданган ж-а философияны, башкача айтканда бул улуу ойлор булагын кол жеткис илим чокусуна айландырууга аракеттенген. Ал өзү иштеп чыккан окуусунун бардык тармактарын камтыган универсалдуу ж-а эӊ жыйнактуу эмгегин «Философиялык илимдердин энциклопедиясын» жаратып, адам акылынын теӊдешсиз бийиктигин, рухий зээндин учу-кыйырсыз тереӊдигин ачып бере алган. Гегелдин адамзат акыл казынасына салган эбегейсиз зор илимий салымы – «Логика илими» (1712–16) китебинде өнүктүрүлгөн д и а л е к т и к а жөнүндөгү улуу окуусу. Бул эмгеги «Болмуш жөнүндөгү окуу», «Маӊыз тууралуу окуу», «Түшүнүк жөнүндө» деген өз алдынча таанып-билүү тармагын түзгөн бөлүктөрдөн турат. «Логика илиминде» сандык өзгөрүүлөрдүн сапаттык касиетке өтүү законун, ар кандай өнүгүүлөрдүн кыймылдаткыч күчү – карама-каршылыктардын эч бүтпөс күрөшү жөнүндөгү окууну, ар кандай өнүгүүлөрдүн түбөлүктүү багыты – жөнөкөйдөн татаалга, конкреттүүлүктөн абстракциялуулукка, өткөндөн учурга, учурдан келечекти карай өсүп-өтүүчү (тезис – антитезис – синтез сымал баскычтарды) универсалдуу танууну тануу законун ачкан. Бүтүн м-н бөлүктүн диалектикасын негиздеген, ошондой эле мүмкүндүк м-н чындык, зарылдык м-н кокустук, маӊыз м-н көрүнүш, мазмун м-н форма, себеп м-н натыйжа, логикалык м-н тарыхыйлык сыяктуу материалдык ж-а рухий дүйнөнүн жалпы баарына тийиштүү философиялык категориялардын диалектикасын классикалык философиянын үлгүсүндө иштеп чыккан. Болмуш теориясы боюнча окуусунда Гегель карандай болмуштан эчтемеге, кайра жаралып калыптануудан өзүнүн тикелей карама-каршысына – жаӊы түргө, сандык өлчөмдөрдөн сапаттык өзгөрүүлөргө чейинки процесстердеги түшүнүм түйүндөрүндө катталган өнүгүүнүн диалектикалык кыймылын көрсөткөн. Гегелдин негизги эмгектери: «Рух феноменологиясы» (1807), «Логика илими» (1812–16), «Философия илимдердин энциклопедиясы» (1817), «Укук философиясынын негиздери» (1821), «Тарых философиясы», «Эстетика»,«Дин философиясы», «Философиянын тарыхы» ж. б.

Ад.: Ленин В. И. Философиялык дептерлер//Чыг., кыргызча 1-бас., 38-т. Ф., 1961; Власов А. Д. Словарь по философии Гегеля. Т. 1–2. М., 1997–2000.
Т. Абдылдабеков.