ВЕНЕЦИЯ МЕКТЕБИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
(4 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ВЕНЕ́ЦИЯ МЕКТЕБИ''' – Италиянын Венеция ш-нда негизделген сүрөт мектептеринин бири. В. м-не гражд. оптимисттик башталма, дүйнө, адам ж-а жаратылышты поэтикалуу кабылдоо, түстөрдү кылдат айкалыштыруу мүнөздүү. Венеция живописи (14-к.) боёктордун шаӊдуулугу, кооз оймо-чиймелери, готикалык ж-а византиялык салттары м-н өзгөчөлөнгөн. ''Кайра жаралуу'' доорунда бир туугандар Виваринилер  
'''ВЕНЕ&#769;ЦИЯ МЕКТЕБИ ''' – Италиянын Венеция шаарында негизделген сүрөт мектептеринин бири. Венеция мектебине граждандык оптимисттик башталма, дүйнө, адам жана жаратылышты поэтикалуу кабылдоо, түстөрдү кылдат айкалыштыруу мүнөздүү. Венеция живописи (XIV кылым) боёктордун шаӊдуулугу, кооз оймо-чиймелери, готикалык жана византиялык салттары менен өзгөчөлөнгөн. ''Кайра жаралуу'' доорунда бир туугандар Виваринилер <br/>
 
[[File:ВЕНЕЦИЯ МЕКТЕБИ105.png | thumb | Ф. Гварди. «Венециядагы Лидо көлүндөгү майрам». <br/>Фрагмент. 1763–70. Лувр (Париж).]]
Ф. Гварди. «Венециядагы Лидо көлүндөгү майрам».  
Якопо жана Жентиле ''Беллинилер'', Витторе Карпаччо, Карло Кривелли жана башка ак сөөк сүрөтчүлөр пайда болгон. Алар диндик каада-салттарды сюжет катары чечмелеп, Венециянын күнүмдүк турмушун сүрөткө түшүргөн. XVI кылымдын 1-жарымында ''Жоржоне'' жана ''Тициандын'' чыгармачылыгы Венеция мектебинде живописти калыптандырган. Жоржоненин лирикалык жанры – пейзаждык станоктук композициялары гармониялык образдар, жумшак түстөгү гамма композициялык ритмдеги музыкалуулукту, поэтикалык ойду бийик көрсөткөн. Тициандын чыгармачылыгы Венеция мектебине таандык көркөм сезимталдыкты тартуулайт. Венеция мектебинде Тициандын портреттери өзгөчө орунду ээлеген. XVI кылымдын 2-жарымындагы чеберлердин чыгармаларында түстүү боёкторду виртуоздуу пайдаланып, жаратылыштын сулуулугун, адамдардын акыл-ойлорундагы умтулууларды чагылдырышкан. XVI кылымдагы Венеция искусствосундагы жаӊычыл принциптер Европа искусствосуна таасирин тийгизип, жаӊы жанрлар – тарыхый жанр, баталдык жанр, топтук портреттер жаралган. XVIII кылымда Венеция мектебинде гүлдөө мезгили башталган. Монумент жасалга живописи менен жеӊил колорит айкалышкан чыгармалар жаралган (Ж. Б. Тьеполо, Ж. А. Каналетто, Б. Белотто). Венециянын архитектуралык ансамблдери менен эстеликтери чагылдырылган пейзаж-панорамалар пайда болгон. Венециялык живописчилер ачык асман астында, жарык менен абанын таасиринде табигый шарттарды ''пленэрдик'' натыйжаларда окуп үйрөнүшкөн жана изденишкен. <br/>''Н. Жылдызова.''
Фрагмент. 1763–70. Лувр (Париж).
Якопо ж-а Жентиле ''Беллинилер'', Витторе Карпаччо, Карло Кривелли ж. б. ак сөөк сүрөтчүлөр пайда болгон. Алар диндик каада-салттарды сюжет катары чечмелеп, Венециянын күнүмдүк турмушун сүрөткө түшүргөн. 16-к-дын 1-жарымында ''Жоржоне'' ж-а ''Тициандын'' чыг-лыгы В. м-нде живописти калыптандырган. Жоржоненин лирикалык жанры – пейзаждык станоктук композициялары гармониялык образдар, жумшак түстөгү гамма композициялык ритмдеги музыкалуулукту, поэтикалык ойду бийик көрсөткөн. Тициандын чыг-лыгы В. м-не таандык көркөм сезимталдыкты тартуулайт. В. м-нде Тициандын портреттери өзгөчө орунду ээлеген. 16-к-дын
2-жарымындагы чеберлердин чыгармаларында түстүү боёкторду виртуоздуу пайдаланып, жаратылыштын сулуулугун, адамдардын акыл-ойлорундагы умтулууларды чагылдырышкан. 16-к-дагы Венеция иск-восундагы жаӊычыл принциптер Европа иск-восуна таасирин тийгизип, жаӊы жанрлар – тарыхый жанр, баталдык жанр, топтук портреттер жаралган. 18-к-да В. м-нде гүлдөө мезгили башталган. Монумент жасалга живописи м-н жеӊил колорит айкалышкан чыгармалар жаралган (Ж. Б. Тьеполо, Ж. А. Каналетто, Б. Белотто). Венециянын арх-ралык ансамблдери м-н эстеликтери чагылдырылган пейзаж-панорамалар пайда болгон. Венециялык живописчилер ачык асман астында, жарык м-н абанын таасиринде табигый шарттарды ''пленэрдик'' натыйжаларда окуп үйрөнүшкөн ж-а изденишкен.  
''Н. Жылдызова.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

10:39, 12 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы

ВЕНЕ́ЦИЯ МЕКТЕБИ – Италиянын Венеция шаарында негизделген сүрөт мектептеринин бири. Венеция мектебине граждандык оптимисттик башталма, дүйнө, адам жана жаратылышты поэтикалуу кабылдоо, түстөрдү кылдат айкалыштыруу мүнөздүү. Венеция живописи (XIV кылым) боёктордун шаӊдуулугу, кооз оймо-чиймелери, готикалык жана византиялык салттары менен өзгөчөлөнгөн. Кайра жаралуу доорунда бир туугандар Виваринилер

Ф. Гварди. «Венециядагы Лидо көлүндөгү майрам».
Фрагмент. 1763–70. Лувр (Париж).

Якопо жана Жентиле Беллинилер, Витторе Карпаччо, Карло Кривелли жана башка ак сөөк сүрөтчүлөр пайда болгон. Алар диндик каада-салттарды сюжет катары чечмелеп, Венециянын күнүмдүк турмушун сүрөткө түшүргөн. XVI кылымдын 1-жарымында Жоржоне жана Тициандын чыгармачылыгы Венеция мектебинде живописти калыптандырган. Жоржоненин лирикалык жанры – пейзаждык станоктук композициялары гармониялык образдар, жумшак түстөгү гамма композициялык ритмдеги музыкалуулукту, поэтикалык ойду бийик көрсөткөн. Тициандын чыгармачылыгы Венеция мектебине таандык көркөм сезимталдыкты тартуулайт. Венеция мектебинде Тициандын портреттери өзгөчө орунду ээлеген. XVI кылымдын 2-жарымындагы чеберлердин чыгармаларында түстүү боёкторду виртуоздуу пайдаланып, жаратылыштын сулуулугун, адамдардын акыл-ойлорундагы умтулууларды чагылдырышкан. XVI кылымдагы Венеция искусствосундагы жаӊычыл принциптер Европа искусствосуна таасирин тийгизип, жаӊы жанрлар – тарыхый жанр, баталдык жанр, топтук портреттер жаралган. XVIII кылымда Венеция мектебинде гүлдөө мезгили башталган. Монумент жасалга живописи менен жеӊил колорит айкалышкан чыгармалар жаралган (Ж. Б. Тьеполо, Ж. А. Каналетто, Б. Белотто). Венециянын архитектуралык ансамблдери менен эстеликтери чагылдырылган пейзаж-панорамалар пайда болгон. Венециялык живописчилер ачык асман астында, жарык менен абанын таасиринде табигый шарттарды пленэрдик натыйжаларда окуп үйрөнүшкөн жана изденишкен.
Н. Жылдызова.