ГЕРАКЛ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by the same user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
''' | '''ГЕРАКЛ'''(Геркулес) – грек мифологиясындагы каарман, Зевс менен Алкменанын уулу. Гераклдын эрдиктери жөнүндө көп уламыштар бар. Алардын эӊ белгилүүсү Гераклдын 12 эрдиги: немей арстанын, жети баштуу лерней ажыдаарын, эриманф жапайы каманын, стимфалий желмогуз куштарын өлтүргөн, падыша Диомеддин аттарын жана кериней бугусун кармаган, амазонкаларды жеӊип, алардын ханышасы Ипполитанын курун алган, үч баштуу дөө Гериондун өгүздөрүн айдап кеткен, Гесперид багынан алтын алмаларды алып келген, тозок дөбөтү Церберди уурдап, крит букасын жеӊген жана Авгий атканасын тазарткан. Башка уламыштар боюнча Антейди жеӊген, ''Прометейди'' бошоткон, ошондой эле кентаврлар менен салгылашкан, дагы ушул сыяктуу көп эрдиктерди көрсөткөн. Грек эли Гераклды абдан кастарлаган, италиялыктар Геркулес деп урматтаган. Антикалык доордогу авторлордун чыгармаларында («Илиада»; Софокл, «Трахиниялык аялдар»; Еврипид, «Геракл» жана башкаларда), пластикада, кийин жаӊы живописте (П. Веронезе, П. Рубенс, Г. Рени, Я. Тинторетто жана башкалар) Геракл жөнүндөгү ар кандай мифтердин варианттары чагылдырылган. | ||
[[Файл:Геракл.jpg|left|thumb]] | [[Файл:Геракл.jpg|left|thumb]] | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] |
10:30, 21 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы
ГЕРАКЛ(Геркулес) – грек мифологиясындагы каарман, Зевс менен Алкменанын уулу. Гераклдын эрдиктери жөнүндө көп уламыштар бар. Алардын эӊ белгилүүсү Гераклдын 12 эрдиги: немей арстанын, жети баштуу лерней ажыдаарын, эриманф жапайы каманын, стимфалий желмогуз куштарын өлтүргөн, падыша Диомеддин аттарын жана кериней бугусун кармаган, амазонкаларды жеӊип, алардын ханышасы Ипполитанын курун алган, үч баштуу дөө Гериондун өгүздөрүн айдап кеткен, Гесперид багынан алтын алмаларды алып келген, тозок дөбөтү Церберди уурдап, крит букасын жеӊген жана Авгий атканасын тазарткан. Башка уламыштар боюнча Антейди жеӊген, Прометейди бошоткон, ошондой эле кентаврлар менен салгылашкан, дагы ушул сыяктуу көп эрдиктерди көрсөткөн. Грек эли Гераклды абдан кастарлаган, италиялыктар Геркулес деп урматтаган. Антикалык доордогу авторлордун чыгармаларында («Илиада»; Софокл, «Трахиниялык аялдар»; Еврипид, «Геракл» жана башкаларда), пластикада, кийин жаӊы живописте (П. Веронезе, П. Рубенс, Г. Рени, Я. Тинторетто жана башкалар) Геракл жөнүндөгү ар кандай мифтердин варианттары чагылдырылган.
