ГЕТЕРОЦИКЛДҮҮ БИРИКМЕЛЕР: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГЕТЕРОЦИКЛДҮҮ БИРИКМЕЛЕР — ''' циклинде көмүртек атому м-н катар башка элементтердин бир же бир нече атому (гетероатомдору) бар органикалык бирикмелер. Гетероциклдүү бирикмелер – органикалык бирикмелердин өтө көп кездешүүчү классы. Алар өсүмдүк ж-а жаныбарлардын тиричилигинде негизги роль ойнойт. Элементтердин мезгилдик системасындагы валенттүүлүгү экиден кем эмес элементтердин бардыгы | '''ГЕТЕРОЦИКЛДҮҮ БИРИКМЕЛЕР — ''' циклинде көмүртек атому м-н катар башка элементтердин бир же бир нече атому (гетероатомдору) бар органикалык бирикмелер. Гетероциклдүү бирикмелер – органикалык бирикмелердин өтө көп кездешүүчү классы. Алар өсүмдүк ж-а жаныбарлардын тиричилигинде негизги роль ойнойт. Элементтердин мезгилдик системасындагы валенттүүлүгү экиден кем эмес элементтердин бардыгы гетероциклдүү бирикмелерди пайда кыла алат. Бирок, алардын ичинен N, О, S айрыкча N м-н O атомдору бар гетероциклдүү бирикмелер жаратылышта ''алкалоиддер, витаминдер,'' пигменттер түрүндө өтө кеӊири тарап, биологиялык процесстерде мааниси өтө чоӊ. Жаратылышта кезигүүчү заттардын көпчүлүгү – гетероциклдүү бирикмелер; аларга өсүмдүк хлорофилли, кандын геми, ''нуклеин кислоталары, алкалоиддердин'' дээрлик бардыгы, пеницилин, РР, В, В<sub>6</sub>, В<sub>12</sub> витаминдери, медицинада колдонулуучу дары-дармектердин болжол м-н жарымы, индиго ж. б. тиешелүү. Гетероциклдүү бирикмелер өтө эле ар түрдүү. Алар бири биринен циклдеги атомдордун саны, гетероатомдордун табияты, циклде жөнөкөй ж-а кош байланыштардын бардыгы м-н айырмаланат. Булар гетероциклдеги суутектин атомдору башка атомдор ж-а атомдордун топтору м-н орун алмашуусунан, гетероядролордун ароматтык ядролор м-н конденсацияланышынан да пайда болот. Азыркы мезгилде гетероциклдүү бирикмелерди синтездеп алуунун көп методдору сунуш кылынган. Гетероциклдүү бирикмелер курамына ж-а молекулаларынын түзүлүшүнө карата айырмаланат. Булардын ичинен 5 ж-а 6 мүчөлүү бирикмелердин мааниси чоӊ. | ||
<br/><center>'''Сурот бар.'''</center> | <br/><center>'''Сурот бар.'''</center> | ||
Беш мүчөлүү бир гетероатомдуу | Беш мүчөлүү бир гетероатомдуу гетероциклдүү бирикмелерге фуган (1), тиофен (2), пиррол (3) ж. б. кирет. Эки гетероатомдуу бирикмелерге пиразол (4), оксазол (5), тиазол (6) ж. б. таандык. Бензолдун ядросу м-н конденсацияланган гетероциклдүү бирикмелер да чоӊ мааниге ээ. Алар бензофуран (7), бензотиофен (8), бензотиазол (9). Алты мүчөлүү 1 же 2 гетероатомдуу бирикмелер пиридин, оксазин ж. б. Кээ бири медицинада дары-дармек заттар катары колдонулат. Айрымдары (пиримидин негиздери) ДНК м-н РНКнын курамында кездешет. Беш ж-а алты мүчөлүү гетероциклдүү бирикмелердин химиялык касиеттери ачык чынжырлуу ''аминдерге, эфирлерге'' ж-а сульфиддерге окшош. Гетероциклдүү бирикмелерден өнөр жайда дары-дармектер, синтездик чайырлар алынат. | ||
<br />Ад.: ''Ивановский В. И.'' Химия гетероциклических соединений. М., 1978; ''Наметкин С. С.'' Гетероциклические соединения. М., 1975. ''С. Адылов.'' | <br />Ад.: ''Ивановский В. И.'' Химия гетероциклических соединений. М., 1978; ''Наметкин С. С.'' Гетероциклические соединения. М., 1975. ''С. Адылов.'' | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] |
04:40, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ГЕТЕРОЦИКЛДҮҮ БИРИКМЕЛЕР — циклинде көмүртек атому м-н катар башка элементтердин бир же бир нече атому (гетероатомдору) бар органикалык бирикмелер. Гетероциклдүү бирикмелер – органикалык бирикмелердин өтө көп кездешүүчү классы. Алар өсүмдүк ж-а жаныбарлардын тиричилигинде негизги роль ойнойт. Элементтердин мезгилдик системасындагы валенттүүлүгү экиден кем эмес элементтердин бардыгы гетероциклдүү бирикмелерди пайда кыла алат. Бирок, алардын ичинен N, О, S айрыкча N м-н O атомдору бар гетероциклдүү бирикмелер жаратылышта алкалоиддер, витаминдер, пигменттер түрүндө өтө кеӊири тарап, биологиялык процесстерде мааниси өтө чоӊ. Жаратылышта кезигүүчү заттардын көпчүлүгү – гетероциклдүү бирикмелер; аларга өсүмдүк хлорофилли, кандын геми, нуклеин кислоталары, алкалоиддердин дээрлик бардыгы, пеницилин, РР, В, В6, В12 витаминдери, медицинада колдонулуучу дары-дармектердин болжол м-н жарымы, индиго ж. б. тиешелүү. Гетероциклдүү бирикмелер өтө эле ар түрдүү. Алар бири биринен циклдеги атомдордун саны, гетероатомдордун табияты, циклде жөнөкөй ж-а кош байланыштардын бардыгы м-н айырмаланат. Булар гетероциклдеги суутектин атомдору башка атомдор ж-а атомдордун топтору м-н орун алмашуусунан, гетероядролордун ароматтык ядролор м-н конденсацияланышынан да пайда болот. Азыркы мезгилде гетероциклдүү бирикмелерди синтездеп алуунун көп методдору сунуш кылынган. Гетероциклдүү бирикмелер курамына ж-а молекулаларынын түзүлүшүнө карата айырмаланат. Булардын ичинен 5 ж-а 6 мүчөлүү бирикмелердин мааниси чоӊ.
Беш мүчөлүү бир гетероатомдуу гетероциклдүү бирикмелерге фуган (1), тиофен (2), пиррол (3) ж. б. кирет. Эки гетероатомдуу бирикмелерге пиразол (4), оксазол (5), тиазол (6) ж. б. таандык. Бензолдун ядросу м-н конденсацияланган гетероциклдүү бирикмелер да чоӊ мааниге ээ. Алар бензофуран (7), бензотиофен (8), бензотиазол (9). Алты мүчөлүү 1 же 2 гетероатомдуу бирикмелер пиридин, оксазин ж. б. Кээ бири медицинада дары-дармек заттар катары колдонулат. Айрымдары (пиримидин негиздери) ДНК м-н РНКнын курамында кездешет. Беш ж-а алты мүчөлүү гетероциклдүү бирикмелердин химиялык касиеттери ачык чынжырлуу аминдерге, эфирлерге ж-а сульфиддерге окшош. Гетероциклдүү бирикмелерден өнөр жайда дары-дармектер, синтездик чайырлар алынат.
Ад.: Ивановский В. И. Химия гетероциклических соединений. М., 1978; Наметкин С. С. Гетероциклические соединения. М., 1975. С. Адылов.