Колдонуучу:Тест макаласы: нускалардын айырмасы
м (Lera moved page Лера:ГОНКОНГ to Колдонуучу:Тест макаласы) |
No edit summary |
||
(3 intermediate revisions by the same user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БИОЛОГИЯЛЫК ТАЗАЛОО''' – тиричиликтен ж-а | |||
өндүрүштөн чыккан булганч сууларды тазалоо ыкмасы. Булганч орг. заттарды (эриген ж-а эри­беген) биохим. жактан бөлүп ажыратуучу (ми­нералга айландыруучу) микроорганизмдердин иш-аракетинин негизинде жүрөт. Бул заттар микроорганизмдердин (бактериялардын) жашоо­тиричилиги үчүн керектүү азык ж-а энергия була­гы. Микроорганизмдердин демалуу процессинде орг. заттар кычкылданып, алардын тиричили­гине керектүү энергия бөлүнүп чыгат. Бул энер­гиянын бир бөлүгү клетка заттарын синтездөөгө, | |||
б. а. бактериялардын, кыймылдуу чөгүндүлөр­дүн ж-а тазалоочу курулмалардагы суу бетин­деги организмдердин санынын көбөйүшүнө жум­шалат. Булганч суулардагы орг. бирикмелерди минералга айландырууда бактериялар катышат. Алар кычкылтекти пайдалануусуна жараша 2 топко бөлүнөт: ''аэробдор'' (демалганда сууда эри­ген кычкылтекти пайдалануучу) ж-а ''анаэроб­дор'' (эркин кычкылтек болбогон шартта жашо­очу). Булганч сууларда эриген орг. заттардан тышкары, калкып жүргөн заттар, чайырлар, майлар кездешет. Б. т-нун алдында тор, кум­тоскучтар, тундургучтар аркылуу ал заттардан сууну арылтуу зарыл. Аэробдуу Б. т. сугат жер­лерде, чыпкалоочу талааларда, биол. көлмө­лөрдө, аэротенктерде, аэрочыпкаларда жүргүзү­лөт. Мындай шарттарда микроорганизмдердин жашоо тиричилиги жогору болот. Анаэробдуу тазалоодо метатенктер (жасалма чөйрө) колдо­нулат. Тазалоочу курулмалар суунун булгануу мүнөзүнө, өлчөмүнө, жерг. шарттарга, суунун тазалык сапаттарына ж. б. жараша тандалып алынат. Толук тазалоонун натыйжасында био­хим. жактан кычкылдануучу орг. заттар сууда дээрлик калбайт. Натыйжада суунун бактерия­лык булгануусу төмөндөп, тунуктуулугу артат. Микроорганизмдердин жашоо-тиричилиги үчүн жетиштүү сандагы биол. элементтери (азот, фос­фор, калий) бар булганч суулар Б. т-дон өткөрү­лөт. Б. т-нун алдында айрым учурларда бул­ганч сууларга биогендик элементтер туздардын эритмеси түрүндө кошулат. | |||
Ад.: Канализация / Под. ред. А. И. Жукова. 4 изд. М., 1969. | |||
<p align='right'>''Э. Ахматбекова.'' </p> |
09:31, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БИОЛОГИЯЛЫК ТАЗАЛОО – тиричиликтен ж-а өндүрүштөн чыккан булганч сууларды тазалоо ыкмасы. Булганч орг. заттарды (эриген ж-а эрибеген) биохим. жактан бөлүп ажыратуучу (минералга айландыруучу) микроорганизмдердин иш-аракетинин негизинде жүрөт. Бул заттар микроорганизмдердин (бактериялардын) жашоотиричилиги үчүн керектүү азык ж-а энергия булагы. Микроорганизмдердин демалуу процессинде орг. заттар кычкылданып, алардын тиричилигине керектүү энергия бөлүнүп чыгат. Бул энергиянын бир бөлүгү клетка заттарын синтездөөгө, б. а. бактериялардын, кыймылдуу чөгүндүлөрдүн ж-а тазалоочу курулмалардагы суу бетиндеги организмдердин санынын көбөйүшүнө жумшалат. Булганч суулардагы орг. бирикмелерди минералга айландырууда бактериялар катышат. Алар кычкылтекти пайдалануусуна жараша 2 топко бөлүнөт: аэробдор (демалганда сууда эриген кычкылтекти пайдалануучу) ж-а анаэробдор (эркин кычкылтек болбогон шартта жашоочу). Булганч сууларда эриген орг. заттардан тышкары, калкып жүргөн заттар, чайырлар, майлар кездешет. Б. т-нун алдында тор, кумтоскучтар, тундургучтар аркылуу ал заттардан сууну арылтуу зарыл. Аэробдуу Б. т. сугат жерлерде, чыпкалоочу талааларда, биол. көлмөлөрдө, аэротенктерде, аэрочыпкаларда жүргүзүлөт. Мындай шарттарда микроорганизмдердин жашоо тиричилиги жогору болот. Анаэробдуу тазалоодо метатенктер (жасалма чөйрө) колдонулат. Тазалоочу курулмалар суунун булгануу мүнөзүнө, өлчөмүнө, жерг. шарттарга, суунун тазалык сапаттарына ж. б. жараша тандалып алынат. Толук тазалоонун натыйжасында биохим. жактан кычкылдануучу орг. заттар сууда дээрлик калбайт. Натыйжада суунун бактериялык булгануусу төмөндөп, тунуктуулугу артат. Микроорганизмдердин жашоо-тиричилиги үчүн жетиштүү сандагы биол. элементтери (азот, фосфор, калий) бар булганч суулар Б. т-дон өткөрүлөт. Б. т-нун алдында айрым учурларда булганч сууларга биогендик элементтер туздардын эритмеси түрүндө кошулат.
Ад.: Канализация / Под. ред. А. И. Жукова. 4 изд. М., 1969.
Э. Ахматбекова.