БОЙЛЬ-МАРИОТТ ЗАКОНУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
Белги: Undo |
(One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
|
03:58, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
БОЙЛЬ-МАРИО́ТТ ЗАКОНУ – газдын негизги закондорунун бири. Бул закон боюнча туруктуу температурада (Т), берилген массадагы идеалдык газдын көлөмү (V) анын басымына (Р) тескери пропорциялаш, башкача айтканда PV=const. Законду бир бири менен байланышсыз англис жана француз окумуштуулары Р. Бойль (1662-жыл) менен Э. Мариотт (1676-жыл) аныкташкан. Бул законго ылайык жүрүүчү процесс изотерма процесси деп аталат. Закон идеалдык газ үчүн так аткарылат.