БИОНИКА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
Белги: Reverted
(Кайра 12819 жокко Kadyrm (сюзюу))
 
1 сап: 1 сап:
''' БИО&#769;НИКА''' (гр. bion – жашоо элементи) – ''к<font color='green'>и</font>бернетиканын'' бир бөлүмү. Жаӊы приборлорду, механизмдерди, системаларды түзүү үчүн тирүү организмдердин түзүлүш өзгөчөлүктөрү м-н т<font color='green'>и</font>ричилик аракетин изилдейт. Б. биология, физ<font color='green'>и</font>ка, химия, электроника, навигация ж. б. или<font color='green'>м</font>дер м-н тыгыз байланышта. Б. б-ча жүргүзүлүп жаткан иштердин негизги багыттары төмөнкү проблемаларды камтыйт: эсептөө техникасын жакшыртуу ж-а ''автоматика'' м-н ''телемехан<font color='green'>и</font>канын'' жаӊы элементтерин, түзүлүштөрүн и<font color='green'>ш</font>теп чыгуу ж-а өркүндөтүү максатында адам ж-а жаныбардын нерв системасын изилдөө, нерв клеткаларын (нейрондорду) ж-а нейрон торч<font color='green'>о</font>лорун моделдөө; жаӊы билдиргичтерди ж-а байкоо системаларын иштеп чыгуу максатында жандуу организмдердин сезүү органдарын ж. б. кабыл алуучу системаларын изилдөө; техник<font color='green'>а</font>да колдонуу үчүн ар түрдүү жаныбарлардын б<font color='green'>а</font>гыт табуу, локация ж-а навигация принципт<font color='green'>е</font>рин анализдөө; тех. ж-а ил. жаӊы идеяларды табуу максатында жандуу организмдердин мо<font color='green'>р</font>фол., физиол., биохим. өзгөчөлүктөрүн изилдөө. Нерв системасынын иштөө ж-а жандуу органи<font color='green'>з</font>мдердеги башкаруу процесстеринин өзгөчөлү<font color='green'>к</font>төрү нерв клеткаларынын структуралык өзгөчөлүктөрү м-н аныкталат. Ушунун негизинде Б-нын өнүгүшү нейрондордун тех. моделдерин түзүүдөн башталып, радиоэлектрондук элеме<font color='green'>н</font>ттерден «нерв тармактары» пайда болгон. Эсти ж-а нерв системасынын башка касиеттерин изилдөө татаал өндүрүштүк процесстерди ж-а башкарууну автоматташтыруучу, «ойлонуучу» киберн. машиналарды түзүүгө алып келди. Орг<font color='green'>а</font>низмдердин информ. системаларын: көпөлөктүн
'''БИО&#769;НИКА ''' (гр. bion – жашоо элементи) – ''кибернетиканын'' бир бөлүмү. Жаӊы приборлорду, механизмдерди, системаларды түзүү үчүн тирүү организмдердин түзүлүш өзгөчөлүктөрү менен тиричилик аракетин изилдейт. Бионика биология, физика, химия, электроника, навигация ж. б. илимдер менен тыгыз байланышта. Бионика боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин негизги багыттары төмөнкү проблемаларды камтыйт: эсептөө техникасын жакшыртуу жана ''автоматика'' менен ''телемеханиканын'' жаӊы элементтерин, түзүлүштөрүн иштеп чыгуу жана өркүндөтүү максатында адам жана жаныбардын нерв системасын изилдөө, нерв клеткаларын (нейрондорду) жана нейрон торчолорун моделдөө; жаӊы билдиргичтерди жана байкоо системаларын иштеп чыгуу максатында жандуу организмдердин сезүү органдарын ж. б. кабыл алуучу системаларын изилдөө; техникада колдонуу үчүн ар түрдүү жаныбарлардын багыт табуу, локация жана навигация принциптерин анализдөө; техникалык  жана илимий жаӊы идеяларды табуу максатында жандуу организмдердин морфологиялык, физиологиялык, биохимиялык өзгөчөлүктөрүн изилдөө. Нерв системасынын иштөө жана жандуу организмдердеги башкаруу процесстеринин өзгөчөлүктөрү нерв клеткаларынын структуралык өзгөчөлүктөрү менен аныкталат. Ушунун негизинде Биониканын өнүгүшү нейрондордун техникалык моделдерин түзүүдөн башталып, радиоэлектрондук элементтерден «нерв тармактары» пайда болгон. Эсти жана нерв системасынын башка касиеттерин изилдөө татаал өндүрүштүк процесстерди жана башкарууну автоматташтыруучу, «ойлонуучу» кибернетикалык машиналарды түзүүгө алып келди. Организмдердин информациялык системаларын: көпөлөктүн «антеннасын», балык жана сүт эмүүчүлөрдүн ультра үн байланышын, суу жаныбарларынын багыт табышын, аарынын «тилин», жарганаттардын ультраүн локациясын ж. б. изилдөө бионикада чоӊ орунду ээлейт. Табияттагы тыгыз, ийилчээк динамикалык күчкө туруктуу, тик өсүүчү конструкциялык формаларды (өсүмдүк сабагы, дарак сөӊгөгү) изилдөө менен бийик жана өтө бийик имараттардын долбоору иштелип чыгууда (Москвадагы Останкино телемунарасы ж. б.).<br/>''Ад.: Крайзмер'' Л. П., ''Сочиво'' В. П. Бионика. 2 изд., М., 1968; Нейрокомпьютеры – архитектура и реализация. М., 2000.
«антеннасын», балык ж-а сүт эмүүчүлөрдүн ультраүн байланышын, суу жаныбарларынын б<font color='green'>а</font>гыт табышын, аарынын «тилин», жарганатта<font color='green'>р</font>дын ультраүн локациясын ж. б. изилдөө Б-да
[[Category: 2-том]]
чоӊ орунду ээлейт. Табияттагы тыгыз, ийилчээк динамикалык күчкө туруктуу, тик өсүүчү констр. формаларды (өсүмдүк сабагы, дарак сөӊгөгү) изилдөө м-н бийик ж-а өтө бийик им<font color='green'>а</font>раттардын долбоору иштелип, чыгарылууда (Москвадагы Останкино телемунарасы ж. б.).
Ад.: ''Крайзмер'' Л. П., ''Сочиво'' В. П. Бионика. 2 изд., М., 1968; Нейрокомпьютеры – архитектура и реал<font color='green'>и</font>зация. М., 2000.
[[Category: 2-том, бүтө элек]]
 

06:36, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы

БИО́НИКА (гр. bion – жашоо элементи) – кибернетиканын бир бөлүмү. Жаӊы приборлорду, механизмдерди, системаларды түзүү үчүн тирүү организмдердин түзүлүш өзгөчөлүктөрү менен тиричилик аракетин изилдейт. Бионика биология, физика, химия, электроника, навигация ж. б. илимдер менен тыгыз байланышта. Бионика боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин негизги багыттары төмөнкү проблемаларды камтыйт: эсептөө техникасын жакшыртуу жана автоматика менен телемеханиканын жаӊы элементтерин, түзүлүштөрүн иштеп чыгуу жана өркүндөтүү максатында адам жана жаныбардын нерв системасын изилдөө, нерв клеткаларын (нейрондорду) жана нейрон торчолорун моделдөө; жаӊы билдиргичтерди жана байкоо системаларын иштеп чыгуу максатында жандуу организмдердин сезүү органдарын ж. б. кабыл алуучу системаларын изилдөө; техникада колдонуу үчүн ар түрдүү жаныбарлардын багыт табуу, локация жана навигация принциптерин анализдөө; техникалык жана илимий жаӊы идеяларды табуу максатында жандуу организмдердин морфологиялык, физиологиялык, биохимиялык өзгөчөлүктөрүн изилдөө. Нерв системасынын иштөө жана жандуу организмдердеги башкаруу процесстеринин өзгөчөлүктөрү нерв клеткаларынын структуралык өзгөчөлүктөрү менен аныкталат. Ушунун негизинде Биониканын өнүгүшү нейрондордун техникалык моделдерин түзүүдөн башталып, радиоэлектрондук элементтерден «нерв тармактары» пайда болгон. Эсти жана нерв системасынын башка касиеттерин изилдөө татаал өндүрүштүк процесстерди жана башкарууну автоматташтыруучу, «ойлонуучу» кибернетикалык машиналарды түзүүгө алып келди. Организмдердин информациялык системаларын: көпөлөктүн «антеннасын», балык жана сүт эмүүчүлөрдүн ультра үн байланышын, суу жаныбарларынын багыт табышын, аарынын «тилин», жарганаттардын ультраүн локациясын ж. б. изилдөө бионикада чоӊ орунду ээлейт. Табияттагы тыгыз, ийилчээк динамикалык күчкө туруктуу, тик өсүүчү конструкциялык формаларды (өсүмдүк сабагы, дарак сөӊгөгү) изилдөө менен бийик жана өтө бийик имараттардын долбоору иштелип чыгууда (Москвадагы Останкино телемунарасы ж. б.).
Ад.: Крайзмер Л. П., Сочиво В. П. Бионика. 2 изд., М., 1968; Нейрокомпьютеры – архитектура и реализация. М., 2000.