БИОТЕХНОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
1 сап: 1 сап:
''' БИОТЕХНОЛОГИЯ''' 229</ph>
'''БИОТЕХНОЛО&#769;ГИЯ ''' (''био''ж-а ''технология'') – адамга керек баалуу продукт алуу максатында микроорганизм, өсүмдүк жана жаныбарларды технологиялык өндүрүштө пайдалануу. Микрорганизмдердин ачытуу процессинин натыйжасында нан бышыруу, шарап, сыр даярдоо, пиво кайнатуу сыяктуу биотехноллогия тармактары байыртадан белгилүү болгон. Азыр анын жардамы менен ар кандай биологиялык активдүү заттар – гормондор, ферменттер, витаминдер, антибиотиктер, дары-дармектер алынат. Биотехнология ыкмалары айлана-чөйрөнү коргоодо өнөр жай өндүрүшүнөн чыккан таштандыларды, кир сууларды тазалоодо кеӊири колдонулат. Айыл чарба өсүмдүк зыянкечтерине жана илдеттерине каршы чыгарылган биопрепараттар, энергия жана ресурстарды үнөмдөөчү өндүрүш иштери, тоютка жана тамак-аш кошунду белокторун алуу ага негизделген. Ген жана клетка инженериясынын өнүгүшүнө байланыштуу мурда алынбаган өтө баалуу дары-дармектер (интерферон, кишинин өсүү гормону ж. б.), вакцинаны синтездөө, жаӊы пайдалуу микроорганизм түрлөрүн, өсүмдүк сортун, мал породасын жаратуу, мал чарбасындагы асыл тукум ишинде клетка технологиясын колдонуу ж. б. мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Азыркы биотехнология биохимия, микробиология, молекулалык биология, генетика, иммунология, биофизика ж. б. илимдердин жетишкендиктерин пайдаланат.<br/>''Ад.:'' Сельскохозяйственная биотехнология /Под ред.акад. В.С. Шевелухи. М., 2003; ''Реннеберг Р., Реннеберг И.'' От пекарни до биофабрики. М., 1991.<br/>''Т. Дөөлөткелдиева''.
 
келүүдө. Буга өнөржайдын, энергетиканын, тра<font color='green'>н</font>спорттун чаржайыт өнүгүүсү, а. ч-нын ж-а т<font color='green'>и</font>ричиликтин химияланышы, калктын тез өсүшү, о. эле планетанын ургаалдуу урбанизациясы түрткү болууда. Мис., Жердин түпкүрүнөн ж<font color='green'>ы</font>лына 300 млрд т тоотек казып алынып, млрд т
чамасында шарттуу отун жагылат; атм-га 20
[[Category: 2-том]]
млрд т СО , 300 млн т СО, 50 млн т NO , 150 аларды курчап турган жансыз чөйрөгө тийги<font color='green'>з</font>ген таасирлеринин жыйындысы. Алар түр ичи<font color='green'>н</font>деги (демографиялык, экол. ж. б.) ж-а түр ар<font color='green'>а</font>лык (симбиоз, мутуализм, митечилик, жыр<font color='green'>т</font>кычтык ж. б.) болуп бөлүнөт. Өсүмдүктөр, жан<font color='green'>ы</font>барлар ж-а микроорганизмдердин арасындагы карым-катнаш өтө ар түрдүү болгондуктан, алар
түз (бир түрдүн организмдеринин экинчи түрдүн
2 Х
млн т SO<sub>2</sub>, 4–5 млн т H<sub>2</sub>S ж. б. зыяндуу газдар, 400 млн т күл ж-а чаӊ кошулат; гидросферага
600 млрд т өнөржай ж-а тиричилик таштанд<font color='green'>ы</font>лары төгүлүп, 10 млн т нефть ж-а нефть бири<font color='green'>к</font>мелери ташталат. Биосферага жерден казылып алынган металлдардын 50%, хим. сырьёнун 30%, жылуулук электр станцияларынын ишт<font color='green'>е</font>лип чыккан жылуулуктун 67% кошулууда. Мындан жылына биосферада мурда такыр ке<font color='green'>з</font>дешпеген ж-а зыяндуу касиеттеринен ажыраб<font color='green'>а</font>ган хим. бирикмелер (ксенобиотиктер) пайда болот. Б. б-нун масштабы өтө зор болгондо мет<font color='green'>а</font>болизмдин табигый процесстерин ж-а атм. м-н гидросферанын суюлтуу мүмкүнчүлүгү планет<font color='green'>а</font>нын айрым бөлүктөрүндө адам баласынын ча<font color='green'>р</font>балык зыяндуу таасирин жөнгө сала албай к<font color='green'>а</font>лат. Бул болсо биосферанын өзүн-өзү жөнгө с<font color='green'>а</font>луу процессине тоскоол болуп, табият систем<font color='green'>а</font>ларынын бузулушу, токой м-н а. ч. аянттар<font color='green'>ы</font>нын кыскарышы ж-а түшүмдүүлүгүнүн төмө<font color='green'>н</font>дөшү, экосистемалардын деградациясы, адамдын денсоолугунун начарлашы м-н коштолууда.
''Б. Үсөнканов.'' [[Category: 2-том, бүтө элек]]
 

06:47, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы

БИОТЕХНОЛО́ГИЯ (био… ж-а технология) – адамга керек баалуу продукт алуу максатында микроорганизм, өсүмдүк жана жаныбарларды технологиялык өндүрүштө пайдалануу. Микрорганизмдердин ачытуу процессинин натыйжасында нан бышыруу, шарап, сыр даярдоо, пиво кайнатуу сыяктуу биотехноллогия тармактары байыртадан белгилүү болгон. Азыр анын жардамы менен ар кандай биологиялык активдүү заттар – гормондор, ферменттер, витаминдер, антибиотиктер, дары-дармектер алынат. Биотехнология ыкмалары айлана-чөйрөнү коргоодо өнөр жай өндүрүшүнөн чыккан таштандыларды, кир сууларды тазалоодо кеӊири колдонулат. Айыл чарба өсүмдүк зыянкечтерине жана илдеттерине каршы чыгарылган биопрепараттар, энергия жана ресурстарды үнөмдөөчү өндүрүш иштери, тоютка жана тамак-аш кошунду белокторун алуу ага негизделген. Ген жана клетка инженериясынын өнүгүшүнө байланыштуу мурда алынбаган өтө баалуу дары-дармектер (интерферон, кишинин өсүү гормону ж. б.), вакцинаны синтездөө, жаӊы пайдалуу микроорганизм түрлөрүн, өсүмдүк сортун, мал породасын жаратуу, мал чарбасындагы асыл тукум ишинде клетка технологиясын колдонуу ж. б. мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Азыркы биотехнология биохимия, микробиология, молекулалык биология, генетика, иммунология, биофизика ж. б. илимдердин жетишкендиктерин пайдаланат.
Ад.: Сельскохозяйственная биотехнология /Под ред.акад. В.С. Шевелухи. М., 2003; Реннеберг Р., Реннеберг И. От пекарни до биофабрики. М., 1991.
Т. Дөөлөткелдиева.