ГРАФИКА 1: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(19 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГРА́ФИКА ''' (гр. graphik – линиялуу, түз сызыктуу, grfpho – жазам, тартам) – сүрөт | '''ГРА́ФИКА ''' (гр. graphik – линиялуу, түз сызыктуу, grfpho – жазам, тартам) – сүрөт искусствосунун бир түрү. Буга ''сүрөт, гравюра, литография'' жана башкалар кирет. «Графика» термини алгач жазууга, каллиграфияга карата колдонулган. Техникалык каражаттар боюнча Графика сүрөттүн бардык түрлөрүн ичине камтыйт. Графика көп учурда кагазда, башка материалдарда (мисалы, жибек кездемеде, пергаментте) аткарылат. Мазмуну жана милдети боюнча Графика төрткө бөлүнөт: 1) станок Графикасы – өзүнүн мазмунун ачып көрсөтүү үчүн сөзсүз бир адабий текст менен байланышпаган, аны талап кылбаган, белгилүү бир практикалык милдетти көздөбөгөн өз алдынча чыгармаларды ичине камтыйт; 2) китеп, журнал, гезит Графикасынын адабий же коштоп жүрүүчү тексти бар жана аны менен идеялык 65 көркөм биримдикти | ||
[[File:ГРАФИКА 168.png | thumb | В. Г. Рогачёв «Кубаныч». 1967.]] | [[File:ГРАФИКА 168.png | thumb | В. Г. Рогачёв «Кубаныч». 1967.]] | ||
[[File:ГРАФИКА 12.png | thumb | А. А. Сгибнев. «Долинка». 1963.]] | [[File:ГРАФИКА 12.png | thumb | А. А. Сгибнев. «Долинка». 1963.]] | ||
түзөт, ошону менен бирге бир эле учурда китепти, журналды жана башкаларды көркөм жасалгалоого ылайыкташат; 3) плакат Графикасы – сүрөт искусствосунун көркөм каражаттарды пайдалануу менен саясий үгүт жүргүзүүчү эӊ массалык түрлөрүнүн бири; 4) көркөм өндүрүштүк же күндөлүк колдонулуучу Графика (этикетка, мактоо баракчалары, почта маркалары жана башкалар). Живопись менен скульптурага салыштырмалуу Графика өзүнүн ыкчамдыгы менен айырмаланат. XIX кылымдын аягы – XX кылымдын башында полиграфиянын өсүшүнө жана китепке, журналга фотомеханикалык түрдө басууга ылайыктуу, каллиграфиялык жактан даана сызыктуу сүрөттүн кеӊири жайылышына байланыштуу Графика жаӊы мааниге ээ болгон. Ал учурда Графика сызык өнөрү же ак менен каранын өнөрү деп аталган. Графикада контур сызык, штрих, так, ошондой эле ак кагаз түсүнө айкалышкан контрасттуу сызыктар да колдонулат. Графика жанры негизинен мезгилдин эӊ актуалдуу окуяларына чукул кайрылып, ойду ырааттуу ачып бергендиги жана тиражынын көптүгү менен айырмаланат. Техникалык жагынан с ү р ө т жана б а с м а Графикасы деп бөлүнөт. Графиканын эӊ байыркы түрү – сүрөт; анын башаты аскага түшүрүлгөн байыркы сүрөттөрдөн, антикалык кумура сыяктуу буюмдардагы жазуулардан башталат. Полиграфиянын азыркы өсүшү пайда кылып жаткан мүмкүнчүлүктөр Графика искусствосунун улам жаӊы түрлөрүнүн пайда болушуна шарт түзүүдө. Ал коомдук турмушка активдүү катышуу менен анда болуп жаткан жаӊы көрүнүштөргө жана талаптарга өтө тездик менен ыӊгайлашат. Графика чыгармалары музейлерде жана көргөзмөлөрдө гана көрсөтүүгө багытталбастан, биринчи кезекте массалык аудиторияга гезит, журнал, китеп, атайын альбом, плакат продукциясынын көп түрү, акча бирдиктери, марка, этикетка жана башка түрүндө таралат. Кыргыз Графика искусствосунун чеберлерине А. Осташев, В. Рогачёв, Б. Жумабаев, А. Турумбеков, О. Абсатаров, А. Касымалиев жана башкалар кирет. | |||
Ад.: ''Варшавский Л. Р.'' История графических искусств народов СССР. М., 1960. | |||
hello Ад.: ''Варшавский Л. Р.'' История графических искусств народов СССР. М., 1960. | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
05:57, 10 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку нускасы
ГРА́ФИКА (гр. graphik – линиялуу, түз сызыктуу, grfpho – жазам, тартам) – сүрөт искусствосунун бир түрү. Буга сүрөт, гравюра, литография жана башкалар кирет. «Графика» термини алгач жазууга, каллиграфияга карата колдонулган. Техникалык каражаттар боюнча Графика сүрөттүн бардык түрлөрүн ичине камтыйт. Графика көп учурда кагазда, башка материалдарда (мисалы, жибек кездемеде, пергаментте) аткарылат. Мазмуну жана милдети боюнча Графика төрткө бөлүнөт: 1) станок Графикасы – өзүнүн мазмунун ачып көрсөтүү үчүн сөзсүз бир адабий текст менен байланышпаган, аны талап кылбаган, белгилүү бир практикалык милдетти көздөбөгөн өз алдынча чыгармаларды ичине камтыйт; 2) китеп, журнал, гезит Графикасынын адабий же коштоп жүрүүчү тексти бар жана аны менен идеялык 65 көркөм биримдикти


түзөт, ошону менен бирге бир эле учурда китепти, журналды жана башкаларды көркөм жасалгалоого ылайыкташат; 3) плакат Графикасы – сүрөт искусствосунун көркөм каражаттарды пайдалануу менен саясий үгүт жүргүзүүчү эӊ массалык түрлөрүнүн бири; 4) көркөм өндүрүштүк же күндөлүк колдонулуучу Графика (этикетка, мактоо баракчалары, почта маркалары жана башкалар). Живопись менен скульптурага салыштырмалуу Графика өзүнүн ыкчамдыгы менен айырмаланат. XIX кылымдын аягы – XX кылымдын башында полиграфиянын өсүшүнө жана китепке, журналга фотомеханикалык түрдө басууга ылайыктуу, каллиграфиялык жактан даана сызыктуу сүрөттүн кеӊири жайылышына байланыштуу Графика жаӊы мааниге ээ болгон. Ал учурда Графика сызык өнөрү же ак менен каранын өнөрү деп аталган. Графикада контур сызык, штрих, так, ошондой эле ак кагаз түсүнө айкалышкан контрасттуу сызыктар да колдонулат. Графика жанры негизинен мезгилдин эӊ актуалдуу окуяларына чукул кайрылып, ойду ырааттуу ачып бергендиги жана тиражынын көптүгү менен айырмаланат. Техникалык жагынан с ү р ө т жана б а с м а Графикасы деп бөлүнөт. Графиканын эӊ байыркы түрү – сүрөт; анын башаты аскага түшүрүлгөн байыркы сүрөттөрдөн, антикалык кумура сыяктуу буюмдардагы жазуулардан башталат. Полиграфиянын азыркы өсүшү пайда кылып жаткан мүмкүнчүлүктөр Графика искусствосунун улам жаӊы түрлөрүнүн пайда болушуна шарт түзүүдө. Ал коомдук турмушка активдүү катышуу менен анда болуп жаткан жаӊы көрүнүштөргө жана талаптарга өтө тездик менен ыӊгайлашат. Графика чыгармалары музейлерде жана көргөзмөлөрдө гана көрсөтүүгө багытталбастан, биринчи кезекте массалык аудиторияга гезит, журнал, китеп, атайын альбом, плакат продукциясынын көп түрү, акча бирдиктери, марка, этикетка жана башка түрүндө таралат. Кыргыз Графика искусствосунун чеберлерине А. Осташев, В. Рогачёв, Б. Жумабаев, А. Турумбеков, О. Абсатаров, А. Касымалиев жана башкалар кирет.
hello Ад.: Варшавский Л. Р. История графических искусств народов СССР. М., 1960.