БОДУН: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
02:42, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
БОДУН – кыргыз, түрк ж-а уйгур мамлекеттериндеги социалдык катмар. Орхон-Енисей ж-а Турфан жазууларында «калк»; «букара»; «эл», о. эле «калайык калк» ж-а «карапайым калк» деген да маанисин туюнтат. Күлтегин эстелигинде: «түрк бектери жана бодун (карапайым калк) аны уккула», – деп айтылат. Руникалык эстеликтерде байкалгандай Б. аталышы этностук топту белгилеш үчүн да пайдаланылган. Ошол эле Күлтегин эстелигинде «Өзүм тардуш бодун [га] (элине) шад болчумун», – деп айтылат. Айрым жазма булактарда «бодун будун» деп, кош аталыш түрүндө жазылат ж-а ал «тургундар» маанисин туюнтат. Кыргыздарга тиешелүү рун эстеликтеринде «будун» деген аталышта кездешет. Мындан тышкары кыргыз эпитафияларында «кара будун» аталышы арбын колдонулуп, ал элди үндөө же чакырык маанисинде айтылчу «калайык калк»; «жумурай журт» деген түшүнүктөргө дал келет. М. Кожобеков.