ВИТАМИНДЕР: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
(8 intermediate revisions by 4 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВИТАМИНДЕР''' (лат. vita – тиричилик) – орга­низмдеги нормалдуу зат алмашууда ж-а тири­чилик аракетинде чоң мааниси бар | '''ВИТАМИНДЕР''' (лат. vita – тиричилик) – орга­низмдеги нормалдуу зат алмашууда ж-а тири­чилик аракетинде чоң мааниси бар биологиялык ак­тивдүү заттар; тамактануунун алмаштыргыс фактору. «Витаминдер» терминин поляк окумуштуусу К. Функ 1912-жылы сунуштаган. Витаминдердин көбү фер­менттердин негизги курамына кирип, зат алма­шууну жөнгө салат, денеде болуучу химиялык реак­цияларды күчөтөт, ошондой эле ферменттердин пайда болушуна ж-а алардын функциясына катышат. Дененин тамак заттарды өздөштүрүүсүнө таасир этип, клеткалардын өсүшүнө ж-а бүтүндөй орга­низмдин өрчүшүнө түрткү берет. Адам сапаттуу ж-а түрдүүлөп тамактанганда Витаминдерди тамак-аш м-н эле жетиштүү кабыл алат. Алардын кээ бири ичегидеги пайдалуу микроорганизмдердин тири­чилигинде синтезделет, бирок алар организмдин муктаждыгын толук канааттандыра албайт. Кээ бир азыктарда витаминдер жетишсиз болот. Ошондук­тан бир өңчөй, витаминдери аз тамак-аш м-н тамактануу, ошондой эле организм витаминдерди өздөштүрө албай калгандан анын жетишсиздиги (гипо­ ж-а ''авитаминоздор'') пайда болот. Витаминдерди өтө көп кабыл алуу ''гипервитаминоз'' оорусуна алып келет. Организмдин витаминдерди кабыл алуусу анын физиологиялык абалына жараша болот. Дененин өсүү учурунда, кош бойлуу ж-а эмчек эмизген убак­та, оору абалда ж-а оорудан кийин, кара жу­муш же акыл эмгеги м-н көп иштегенде ж. б. учурда витаминдер көп өлчөмдө талап кылынат. Орга­низм карыганда витаминдерди өздөштүрүү начарлайт. Витаминдердин 30га жакын түрү белгилүү. Алардын химиялык түзүлүшүн, физиологиялык таасирин изилдөө м-н ай­рым витаминдерди синтездеп алууга мүмкүн болду. Өнөр­ жайда витаминдүү дарылар ж-а витаминделген тамак-аш продуктулары чыгарылат. Мал чар­басында да витаминдердин мааниси чоң, тоютта вита­мин жетиштүү болсо, мал ылаңга көп учурабай, кунардуу келип, андан алынган азык-түлүктүн сапаты жогорулайт А с к о р б и н к и с л о т а с ы (С витамини) өсүмдүктөрдө (айрыкча жашылча ж-а жемиште) ж-а көпчүлүк жаныбарларда (при­маттар, деңиз чочкосу ж-а кишиден башка) син­тезделет. Ал организмдеги окистенүү-калыбы­на келүү, зат алмашуу, айрыкча белок алма­шууда мааниси чоң. Организмдин жакшы же­тилүүсүнө түрткү болот, чөйрө шартына турук­туулугун жогорулатат. Ал жемиште, жашыл­чада, мөмөдө, айрыкча ит мурун м-н чычырка­нак ашында, кызыл калемпирде, апельсин, лимондо көп. Анын жетишсиздиги цинга оору­суна алып келет. Т и а м и н – В<sub>1 </sub>витаминин өсүмдүктөр ж-а кээ бир микроорганизмдер син­тездешет. Организмдеги углевод алмашууга ка­тышат. Ал ачыткыда, айрыкча кургак пиво ачыткычы м-н нан квасында көп. В<sub>1 </sub>витамини чанактуу ж-а дан өсүмдүктөрүндө, акшакта (ка­ра күрүч, сулу акшагы) арбын. Р и б о ф л а ­в и н (В<sub>2 </sub>витамини), микроорганизмдер ж-а өсүмдүктөр синтездешет, киши ж-а жаныбар тамак-аш, тоют м-н алат. Организмдин өсүүсүнө таасир тийгизет, өсүү фактору болуп эсептелет. Белок, май, углевод алмашууга катышат. Жа­ранын айыгышына түрткү берет, борбордук нерв сис­темасынын абалын жөнгө салат, көздүн тунук челиндеги, чечекейдеги ж-а тор кабыкчасында­гы зат алмашуу процессине таасир этип, жа­рык көрүүнү ж-а түс ажыратууну камсыз кы­лат. Ал жумурткада, этте, боордо, жер жаңгак, соя, буурчакта, айрыкча ачыткы м-н сүттө көп болот. Н и к о т и н к и с л о т а с ы (РР витамини) көпчүлүк жаныбарлардын ичеги микрофлорасы синтездейт, клетканын дем алуусуна, белок ал­машууга катышат, карындын маңыз бөлүү ж-а жыйрылуу функциясын жөнгө салат, уйку бе­зинин маңыз бөлүүсүн жакшыртат, боор ишин оңойт. Бул витамин боор, бөйрөк, ачыткы, эт, сүт, ошондой эле буурчак өсүмдүктөрүндө, буудай унун­да, кара күрүчтө, козу карында көп. П и р и д о к с и н (В<sub>6</sub> витамини), ичеги бактериялары синтездейт. Ал белоктун негизин түзүүчү амин кислота­ларынын алмашуусуна катышат, белок ж-а майдын сиңишин камсыз кылат, зат алмашуу­да мааниси чоң. В<sub>6 </sub>витаминин өсүп жаткан бала организми, боюнда бар аялдар, түндүктө жа­шаган элдер көп талап кылат. П а н т о т е н к и с л о т а с ы (В<sub>5</sub> витамини), жалпы өсүмдүктөр, микроорганизмдер, анын ичинде ичеги микрофлорасы синтездейт. Анын зат алмашуу процессинде мааниси чоң. Табиятта кеңири таралган. Ал нерв системасына ж-а бөйрөк үстүндөгү без м-н калкан сымал бездин ишине таасир этет. Ц и а н о к о б а л а м и н (В<sub>12</sub> витамини) микрооргаизмдер синтездейт. Биологиялык өтө активдүү зат. Бул витамин бардык жаныбарга керек. Ал метио­нин, нуклеин кислоталарынын синтезине, кан пай­да болуу процессине ж. б. катышат, ошондой эле нерв талчаларынын регенарациясына таасир этет, боордун иштешин жакшыратат. Организмге тамак-аш м-н келет, ошондой эле ичеги микроорганизмдери ситездейт. В<sub>12 витамини жаныбар</sub> текүү азыктарда, айрыкча уйдун боорунда көп. Медицинада ж-а ветеринарияда колдонулат. Р е т и н о л (А витамини) табиятта кеңири таралган, деңиз балыктары ж. б. жаныбарлар­дын боорунда көп. Ал көрүү пигментинин пай­да болушуна катышат, организмдин нормалдуу өсүшүн камсыз кылат. Өсүмдүк азыктарында провитамин – каротиноид пигменттери түрүндө кездешет. Каротиноиддерге сабиз, томат, кызыл калемпир, көк пияз, козу кулак, салат, ит му­рун, чычырканак, четин ж. б. мөмөлөрү бай. К а л ь ц и ф е р о л (Д витамини) организмде кальций ж-а фосфор зат алмашууга, сөөк пай­да кылууга катышат. Эргокальциферол ж-а хо­лекальциферол түрүндө болот. Биринчиси син­тез жолу м-н алынат, экинчисин киши ж-а жаныбар организми күн нурунун таасири м-н пайда кылат. Д витамини өспүрүм балдарга, боюнда бар ж-а бала эмизген аялдарга көп ке­рек. Треска ж. б. балыктын боорунда көп болот. Т о к о ф е р о л д о р (Е витамини) 7 витаминден турган топ; өсүмдүктөр синтездейт, киши ж-а жаныбар тамак-аш, тоют м-н алат. Ал булчуңдардын иштешин ж-а жыныс безде­ринин ишин күчөтөт. Ф и л л о х и н о н (К<sub>1 </sub> витамини) – кан уюу процессинде катышуучу маанилүү фактор. Анын жетишсиздиги ар кан­дай органдардан (мурун, бүйлө, ичеги-карын) кан агууга, тукумсуздукка, булчуң дистрофиясына, анемияга (аз кандуулукка), балдардын көрүү­сүнүн бузулушуна алып келет (к. ''Авитаминоз''). К<sub>1 </sub>витамини өсүмдүктүн жашыл бөлүгүндө (шпинат, капуста, чалкан ж. б.), ошондой эле сабиз, то­матта болот. Медицинада синтез жолу м-н алынган түрү – викасол ж-а синкавит колдо­нулат.<br><br>Ад.: ''Романовский В. Е.'' Витамины и витаминоте­рапия. Ростов-на-Дону, 2000; ''Спиричев В. Б.'' Вита­мины, витаминоподобные и минеральные вещества. М., 2004. | ||
Алардын кээ бири ичегидеги пайдалуу микроорганизмдердин тири­чилигинде синтезделет, бирок алар организмдин муктаждыгын толук канааттандыра албайт. Кээ бир азыктарда | ''Б. Бегалиева, Д. Акматова.'' | ||
А с к о р б и н к | [[Category: 2-том, 500-554 бб]] | ||
Т и а м и н – В<sub>1 </sub>витаминин өсүмдүктөр ж-а кээ бир микроорганизмдер син­тездешет. Организмдеги углевод алмашууга ка­тышат. Ал ачыткыда, айрыкча кургак пиво ачыткычы м-н нан квасында көп. В<sub>1 </sub>витамини чанактуу ж-а дан өсүмдүктөрүндө, акшакта (ка­ | |||
Р и б о ф л а­в и н (В<sub>2 </sub>витамини), микроорганизмдер ж-а өсүмдүктөр синтездешет, киши ж-а жаныбар тамак-аш, тоют м-н алат. Организмдин өсүүсүнө таасир тийгизет, өсүү фактору болуп эсептелет. Белок, май, углевод алмашууга катышат. Жа­ранын айыгышына түрткү берет, | |||
Н и к о т и н к | |||
П и р и д о | |||
П а н т о т е н к | |||
Ц и а | |||
Р е т и н о л (А витамини) табиятта кеңири таралган, деңиз балыктары ж. б. жаныбарлар­дын боорунда көп. Ал көрүү пигментинин пай­да болушуна катышат, организмдин нормалдуу өсүшүн камсыз кылат. Өсүмдүк азыктарында провитамин – каротиноид пигменттери түрүндө кездешет. Каротиноиддерге сабиз, томат, кызыл калемпир, көк пияз, | |||
К а л ь ц и ф е р о л (Д витамини) организмде кальций ж-а фосфор зат алмашууга, сөөк пай­да кылууга катышат. Эргокальциферол ж-а хо­лекальциферол түрүндө болот. Биринчиси син­тез жолу м-н алынат, экинчисин киши ж-а жаныбар организми күн нурунун таасири м-н пайда кылат. Д витамини өспүрүм балдарга, боюнда бар ж-а бала эмизген аялдарга көп ке­рек. Треска ж. б. балыктын боорунда көп болот. | |||
Т о к о ф е р о л д о р (Е витамини) 7 витаминден турган топ; өсүмдүктөр синтездейт, киши ж-а жаныбар тамак-аш, тоют м-н алат. Ал булчуңдардын иштешин ж-а жыныс безде­ринин ишин күчөтөт. | |||
Ф и л л о х и н о н (К<sub>1 </sub> витамини) – кан уюу процессинде катышуучу маанилүү фактор. Анын жетишсиздиги | |||
<br><br> | |||
Ад.: ''Романовский В. Е.'' Витамины и витаминоте­рапия. Ростов-на-Дону, 2000; ''Спиричев В. Б.'' Вита­мины, витаминоподобные и минеральные вещества. М., 2004. ''Б. Бегалиева, Д. Акматова.'' | |||
[[Category: 2-том, 500-]] |
04:24, 4 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
ВИТАМИНДЕР (лат. vita – тиричилик) – организмдеги нормалдуу зат алмашууда ж-а тиричилик аракетинде чоң мааниси бар биологиялык активдүү заттар; тамактануунун алмаштыргыс фактору. «Витаминдер» терминин поляк окумуштуусу К. Функ 1912-жылы сунуштаган. Витаминдердин көбү ферменттердин негизги курамына кирип, зат алмашууну жөнгө салат, денеде болуучу химиялык реакцияларды күчөтөт, ошондой эле ферменттердин пайда болушуна ж-а алардын функциясына катышат. Дененин тамак заттарды өздөштүрүүсүнө таасир этип, клеткалардын өсүшүнө ж-а бүтүндөй организмдин өрчүшүнө түрткү берет. Адам сапаттуу ж-а түрдүүлөп тамактанганда Витаминдерди тамак-аш м-н эле жетиштүү кабыл алат. Алардын кээ бири ичегидеги пайдалуу микроорганизмдердин тиричилигинде синтезделет, бирок алар организмдин муктаждыгын толук канааттандыра албайт. Кээ бир азыктарда витаминдер жетишсиз болот. Ошондуктан бир өңчөй, витаминдери аз тамак-аш м-н тамактануу, ошондой эле организм витаминдерди өздөштүрө албай калгандан анын жетишсиздиги (гипо ж-а авитаминоздор) пайда болот. Витаминдерди өтө көп кабыл алуу гипервитаминоз оорусуна алып келет. Организмдин витаминдерди кабыл алуусу анын физиологиялык абалына жараша болот. Дененин өсүү учурунда, кош бойлуу ж-а эмчек эмизген убакта, оору абалда ж-а оорудан кийин, кара жумуш же акыл эмгеги м-н көп иштегенде ж. б. учурда витаминдер көп өлчөмдө талап кылынат. Организм карыганда витаминдерди өздөштүрүү начарлайт. Витаминдердин 30га жакын түрү белгилүү. Алардын химиялык түзүлүшүн, физиологиялык таасирин изилдөө м-н айрым витаминдерди синтездеп алууга мүмкүн болду. Өнөр жайда витаминдүү дарылар ж-а витаминделген тамак-аш продуктулары чыгарылат. Мал чарбасында да витаминдердин мааниси чоң, тоютта витамин жетиштүү болсо, мал ылаңга көп учурабай, кунардуу келип, андан алынган азык-түлүктүн сапаты жогорулайт А с к о р б и н к и с л о т а с ы (С витамини) өсүмдүктөрдө (айрыкча жашылча ж-а жемиште) ж-а көпчүлүк жаныбарларда (приматтар, деңиз чочкосу ж-а кишиден башка) синтезделет. Ал организмдеги окистенүү-калыбына келүү, зат алмашуу, айрыкча белок алмашууда мааниси чоң. Организмдин жакшы жетилүүсүнө түрткү болот, чөйрө шартына туруктуулугун жогорулатат. Ал жемиште, жашылчада, мөмөдө, айрыкча ит мурун м-н чычырканак ашында, кызыл калемпирде, апельсин, лимондо көп. Анын жетишсиздиги цинга оорусуна алып келет. Т и а м и н – В1 витаминин өсүмдүктөр ж-а кээ бир микроорганизмдер синтездешет. Организмдеги углевод алмашууга катышат. Ал ачыткыда, айрыкча кургак пиво ачыткычы м-н нан квасында көп. В1 витамини чанактуу ж-а дан өсүмдүктөрүндө, акшакта (кара күрүч, сулу акшагы) арбын. Р и б о ф л а в и н (В2 витамини), микроорганизмдер ж-а өсүмдүктөр синтездешет, киши ж-а жаныбар тамак-аш, тоют м-н алат. Организмдин өсүүсүнө таасир тийгизет, өсүү фактору болуп эсептелет. Белок, май, углевод алмашууга катышат. Жаранын айыгышына түрткү берет, борбордук нерв системасынын абалын жөнгө салат, көздүн тунук челиндеги, чечекейдеги ж-а тор кабыкчасындагы зат алмашуу процессине таасир этип, жарык көрүүнү ж-а түс ажыратууну камсыз кылат. Ал жумурткада, этте, боордо, жер жаңгак, соя, буурчакта, айрыкча ачыткы м-н сүттө көп болот. Н и к о т и н к и с л о т а с ы (РР витамини) көпчүлүк жаныбарлардын ичеги микрофлорасы синтездейт, клетканын дем алуусуна, белок алмашууга катышат, карындын маңыз бөлүү ж-а жыйрылуу функциясын жөнгө салат, уйку безинин маңыз бөлүүсүн жакшыртат, боор ишин оңойт. Бул витамин боор, бөйрөк, ачыткы, эт, сүт, ошондой эле буурчак өсүмдүктөрүндө, буудай унунда, кара күрүчтө, козу карында көп. П и р и д о к с и н (В6 витамини), ичеги бактериялары синтездейт. Ал белоктун негизин түзүүчү амин кислоталарынын алмашуусуна катышат, белок ж-а майдын сиңишин камсыз кылат, зат алмашууда мааниси чоң. В6 витаминин өсүп жаткан бала организми, боюнда бар аялдар, түндүктө жашаган элдер көп талап кылат. П а н т о т е н к и с л о т а с ы (В5 витамини), жалпы өсүмдүктөр, микроорганизмдер, анын ичинде ичеги микрофлорасы синтездейт. Анын зат алмашуу процессинде мааниси чоң. Табиятта кеңири таралган. Ал нерв системасына ж-а бөйрөк үстүндөгү без м-н калкан сымал бездин ишине таасир этет. Ц и а н о к о б а л а м и н (В12 витамини) микрооргаизмдер синтездейт. Биологиялык өтө активдүү зат. Бул витамин бардык жаныбарга керек. Ал метионин, нуклеин кислоталарынын синтезине, кан пайда болуу процессине ж. б. катышат, ошондой эле нерв талчаларынын регенарациясына таасир этет, боордун иштешин жакшыратат. Организмге тамак-аш м-н келет, ошондой эле ичеги микроорганизмдери ситездейт. В12 витамини жаныбар текүү азыктарда, айрыкча уйдун боорунда көп. Медицинада ж-а ветеринарияда колдонулат. Р е т и н о л (А витамини) табиятта кеңири таралган, деңиз балыктары ж. б. жаныбарлардын боорунда көп. Ал көрүү пигментинин пайда болушуна катышат, организмдин нормалдуу өсүшүн камсыз кылат. Өсүмдүк азыктарында провитамин – каротиноид пигменттери түрүндө кездешет. Каротиноиддерге сабиз, томат, кызыл калемпир, көк пияз, козу кулак, салат, ит мурун, чычырканак, четин ж. б. мөмөлөрү бай. К а л ь ц и ф е р о л (Д витамини) организмде кальций ж-а фосфор зат алмашууга, сөөк пайда кылууга катышат. Эргокальциферол ж-а холекальциферол түрүндө болот. Биринчиси синтез жолу м-н алынат, экинчисин киши ж-а жаныбар организми күн нурунун таасири м-н пайда кылат. Д витамини өспүрүм балдарга, боюнда бар ж-а бала эмизген аялдарга көп керек. Треска ж. б. балыктын боорунда көп болот. Т о к о ф е р о л д о р (Е витамини) 7 витаминден турган топ; өсүмдүктөр синтездейт, киши ж-а жаныбар тамак-аш, тоют м-н алат. Ал булчуңдардын иштешин ж-а жыныс бездеринин ишин күчөтөт. Ф и л л о х и н о н (К1 витамини) – кан уюу процессинде катышуучу маанилүү фактор. Анын жетишсиздиги ар кандай органдардан (мурун, бүйлө, ичеги-карын) кан агууга, тукумсуздукка, булчуң дистрофиясына, анемияга (аз кандуулукка), балдардын көрүүсүнүн бузулушуна алып келет (к. Авитаминоз). К1 витамини өсүмдүктүн жашыл бөлүгүндө (шпинат, капуста, чалкан ж. б.), ошондой эле сабиз, томатта болот. Медицинада синтез жолу м-н алынган түрү – викасол ж-а синкавит колдонулат.
Ад.: Романовский В. Е. Витамины и витаминотерапия. Ростов-на-Дону, 2000; Спиричев В. Б. Витамины, витаминоподобные и минеральные вещества. М., 2004.
Б. Бегалиева, Д. Акматова.