ВИГАН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВИ́ГАН '''– Филиппиндеги шаар. | '''ВИ́ГАН '''– Филиппиндеги шаар. Түштүк Илокос про­виниясынын административдик борбору. Калкы 49,1 миң (2006). Лусон аралынын түштүк-батышында, Түштүк Кытай деңизинин жээгинде жайгашкан. Мани­ла шаары м-н автомагистраль аркылуу байланы­шат. Вигандан 80 ''км'' түндүктө Лаоаг эл аралык аэро­порту бар. Испандар келгенге чейин эле деңиз жээгинде тургун жайлар пайда болуп, алар Кы­тай, Малайя архипелагындагы мамлекеттер м-н соода байланышында болгон. Шаарды 1572-жылы испандар негиздеген. Колония мезгилинде өлкө­нүн Лусондун түндүгүндөгү маанилүү экономикалык ж-а саясий борбору болгон. Филиппиндеги сакталып калган колония шаары катары ''Бүткүл дүйнөлүк мурастын'' тизмесине кирген. Шаар «Индий мый­замына» ылайык курулуп, эстеликтери испан­дыктардын, кытайлардын, жергиликтүү архитектуралык салт­тарга шайкеш тургузулган. Ыйык Павел собо­ру, испан ж-а жергиликтүү аксөөктөрдүн турак жайла­ры, музей (филиал) ж. б. бар. Айыл чарба өсүмдүк­төрүн (шалы, балкамыш, жүгөрү, тамыры же­миш, жашылча, жемиш) өстүрүүчү аймактын борбору. | ||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] | [[Category: 2-том, 500-554 бб]] |
09:25, 24 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ВИ́ГАН – Филиппиндеги шаар. Түштүк Илокос провиниясынын административдик борбору. Калкы 49,1 миң (2006). Лусон аралынын түштүк-батышында, Түштүк Кытай деңизинин жээгинде жайгашкан. Манила шаары м-н автомагистраль аркылуу байланышат. Вигандан 80 км түндүктө Лаоаг эл аралык аэропорту бар. Испандар келгенге чейин эле деңиз жээгинде тургун жайлар пайда болуп, алар Кытай, Малайя архипелагындагы мамлекеттер м-н соода байланышында болгон. Шаарды 1572-жылы испандар негиздеген. Колония мезгилинде өлкөнүн Лусондун түндүгүндөгү маанилүү экономикалык ж-а саясий борбору болгон. Филиппиндеги сакталып калган колония шаары катары Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Шаар «Индий мыйзамына» ылайык курулуп, эстеликтери испандыктардын, кытайлардын, жергиликтүү архитектуралык салттарга шайкеш тургузулган. Ыйык Павел собору, испан ж-а жергиликтүү аксөөктөрдүн турак жайлары, музей (филиал) ж. б. бар. Айыл чарба өсүмдүктөрүн (шалы, балкамыш, жүгөрү, тамыры жемиш, жашылча, жемиш) өстүрүүчү аймактын борбору.