ВИЛЬСОН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВИ́ЛЬСОН ''', У и л с о н Томас Вудро (28.12.1856, Стантон – 3.2.1924, Вашингтон) – АКШнын 28- президенти. | '''ВИ́ЛЬСОН ''', У и л с о н Томас Вудро (28.12.1856, Стантон – 3.2.1924, Вашингтон) – АКШнын 28- президенти. | ||
[[File:ВИЛЬСОН17.png | thumb | none]] | [[File:ВИЛЬСОН17.png | thumb | none]] | ||
Принстон | Принстон университетин бүтүргөн (1879). 1883-жылы илимий карьерасын баштап, 1886-жылы фило­софия доктору наамын алган. 1890–1902-жылдарда профессор, 1902–10-жылдарда Принстон университетинин президен­ти, 1910–12-жылдарда Нью-Жерси штатынын губернатору . 1913–21-жылдарда Демократиялык парти­ядан АКШнын Президент­тигине шайланган. «Жаңы эркиндиктер» деп аталган программасын иштеп чы­гып, анда атаандаштыкты колдонуу, коррупция м-н күрөшүүнү күчөткөн. Тыш­кы саясатта алгач бейтарап абалды сактоону жактап, кийин Германияга каршы согушка катышуу чечимине келген. 1917-жылы 6-апрелде АКШ Германияга каршы со­гуш жарыялаган. Ушундан тарта Вильсон согуштан кийинки дүйнөлүк тартип орнотуунун негизги принциптерин камтыган «14 пункт» деп атал­ган программасын иштеп чыккан. Анын бир пунктунда камтылган эл аралык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча мамлекеттер аралык уюм­ду – Улуттар Лигасын түзүү идеясы согуштан кийинки Париж тынчтык конференциясында ишке ашкан, бирок, анын бул идеясын АКШнын Се­наты колдобой, ''Версаль тынчтык келишимин (1919)'' ратификациялоодон баш тарткан. Пре­зиденттик мөөнөтү аяктаган соң, Вильсон саясий иш­мердүүлүгүн токтоткон. | ||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] | [[Category: 2-том, 500-554 бб]] |
09:17, 28 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ВИ́ЛЬСОН , У и л с о н Томас Вудро (28.12.1856, Стантон – 3.2.1924, Вашингтон) – АКШнын 28- президенти.

Принстон университетин бүтүргөн (1879). 1883-жылы илимий карьерасын баштап, 1886-жылы философия доктору наамын алган. 1890–1902-жылдарда профессор, 1902–10-жылдарда Принстон университетинин президенти, 1910–12-жылдарда Нью-Жерси штатынын губернатору . 1913–21-жылдарда Демократиялык партиядан АКШнын Президенттигине шайланган. «Жаңы эркиндиктер» деп аталган программасын иштеп чыгып, анда атаандаштыкты колдонуу, коррупция м-н күрөшүүнү күчөткөн. Тышкы саясатта алгач бейтарап абалды сактоону жактап, кийин Германияга каршы согушка катышуу чечимине келген. 1917-жылы 6-апрелде АКШ Германияга каршы согуш жарыялаган. Ушундан тарта Вильсон согуштан кийинки дүйнөлүк тартип орнотуунун негизги принциптерин камтыган «14 пункт» деп аталган программасын иштеп чыккан. Анын бир пунктунда камтылган эл аралык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча мамлекеттер аралык уюмду – Улуттар Лигасын түзүү идеясы согуштан кийинки Париж тынчтык конференциясында ишке ашкан, бирок, анын бул идеясын АКШнын Сенаты колдобой, Версаль тынчтык келишимин (1919) ратификациялоодон баш тарткан. Президенттик мөөнөтү аяктаган соң, Вильсон саясий ишмердүүлүгүн токтоткон.