ВИРГИН АРАЛДАРЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВИРГИ́Н АРАЛДАРЫ ''', В ё р ж и н (Virgin Islands) – ''Вест-Индиядагы'' шуру рифинен түзүлгөн майда аралдар тобу (100дөн ашык). ''Кичи Антил аралдары'' архипелагынын | '''ВИРГИ́Н АРАЛДАРЫ ''', В ё р ж и н (Virgin Islands) – ''Вест-Индиядагы'' шуру рифинен түзүлгөн майда аралдар тобу (100дөн ашык). ''Кичи Антил аралдары'' архипелагынын түндүк бөлүгүндө, Пуэрто-Рико аралынан чыгышта жайгаш­кан. Атлантика океаны ж-а Кариб деңизи м-н чулганат. Жалпы аянты 0,5 миң ''км''<sup>2</sup>ден ашык. Мезозой-кайнозой заманынын акиташ тегинен түзүлгөн. Ири аралдарында (Сент-Томас, Торто­ла ж. б.) байыркы кристаллдык ж-а жанар тоо массивдери кездешет. Бийиктиги 527 ''м''ге чейин (Тортола аралындагы Род-Таун чокусу). Климаты тропиктик, пассаттык, ысык (айлык орт. темп­расы 24°–26°С), дайыма нымдуу (жылдык жаан-чачыны 1000–1500 ''мм''); тез-тез ''ураган'' (ка­туу шамал) болуп турат. Тортола аралында гана агын суу бар. Ферралит топурагы басымдуу. Дайыма жашыл нымдуу токоюнун <sup>2</sup>/<sub>3</sub> бөлүгү айыл чарба жерлерине айландырылган. Виргин аралдары 1493-жылы Х. Колумб тарабынан ачылган. Аралдын ба­тыш бөлүгү АКШга, чыгышы Улуу Британияга таандык. В и р г и н а р а л д а р ы АКШнын инкорпо­рацияланбаган (курамына кирбеген) аймагы. 68 аралды камтыйт (анын ичинде 65и майда ээн арал). Жал­пы аянты 352 ''км''<sup>2</sup>. Калкы 112,3 миң (2006). Ири аралдары: Санта-Крус (Сент-Круа; аянты 212 ''км''<sup>2</sup>; калкы 54,7 миң), Сент-Томас (80 ''км''<sup>2</sup>; 52,9 миң), Сент-Жон (49 ''км''<sup>2</sup>; 4,7 миң). Административдик борбору – Шарлотта-Амалия (Сент-Томас аралында; калкы 10,4 миң). Расмий тили – англис тили. Акча бирдиги – АКШ доллары. Ички дүң продукция­сы 2,5 млрд долларды (АКШ; киши башына бөлүштүргөндө 17,2 миң; 2002) түзөт. ИДПде тейлөө чөйрөсү 80%ти түзүп, эмгекке жарамдуу калктын 80% ушул чөйрөдө, 19% өнөр жай м-н курулушта, 1% айыл чарбасында эмгектенет. Экономика­сынын негизин чет өлкөлүк туризм түзөт (ИДП- нин 70%). Жыл сайын 2 млнго жакын турист келет (негизинен АКШдан). Офшордук кызмат көрсөткөн банк-финансы сектору тез темп м-н өнүгүүдө. Өнөр жай ишканалары негизинен Сан­та-Крус аралында топтолгон. Нефть ажыратуучу ж-а глинозём ири заводдору, электрондук прибор­лор, пластмасса, медикаменттер, кыл торко кийимдер, импорт компоненттерден саат жасоо­чу өнөр жайлары иштейт. Кустардык кол өнөрчү­лүгү (жыгачтан буюм жасоо) өнүккөн. Азык­ түлүк негизинен сырттан алынат. Аймагынын 12%ин айдоо аянты, 3%ин көп жылдык өсүм­дүктөр ээлейт. Ак жүгөрү, бал камыш, жашылча ж-а жемиштер өстүрүлөт. Санта-Крус аралында мал асыралат. Автомобиль жолунун узундугу 1,26 миң ''км''. Ири порттору – Кристианстед, Фредерикстед (Санта-Крус аралында), Шарлотта-Амалия (Сент-Томас аралында), Крус-Бей (Сент-Жон аралында). Па­ром аркылуу Британиялык Виргин аралдары м-н байланышат. Эки эл аралык аэропорту бар. Сырткы соодасын АКШ ж-а Пуэрто-Рико м-н жүргүзөт. Сыртка негизинен нефть продукция­сын чыгарат. Сырттан чийки нефть, азык-түлүк, күндөлүк керектелүүчү товарларды ж-а курулуш материалдарын алат. | ||
Б р и т а н и я л ы к В и р г и н а р а л д а­р ы Улуу Британиянын океан мейкиндигинде­ги алыскы аймагы. Жалпы аянты 153,4 ''км''<sup>2 </sup>бол­гон 40 аралды камтыйт (анын ичинде 20га жакыны ээн арал). Калкы 22 миң (2006; 80% иммигранттар). Ири аралдары: Тортола (аянты 59,2 ''км''<sup>2</sup>; калкы 18 миң), Анегада (38,6 ''км''<sup>2</sup>), Вержин-Горда (21,2 ''км''<sup>2</sup>). Административдик борбору – Род-Таун (Тортола аралында; калкы 8,6 миң). Расмий тили – англис тили. Акча бирдиги – АКШ доллары. Ички дүң про­дукциясынын көлөмү 12,5 млрд долларды түзөт (киши башына бөлүштүргөндө 38,5 миң доллар). Экономикасынын негизин тейлөө чөйрөсү (ИДП- нин 90%; калктын 90% иштейт), ошондой эле туризм, финансы кызматы түзөт. Жыл сайын 500 миң­ге жакын турист келет (негизинен АКШдан). 1980-жылдын орто ченинен дүйнөлүк масштаб­дагы офшор борборуна айланган; негизинен офшордук фирмаларды каттоо м-н алектенет. 350 миңге жакын коммерциялык, 400гө жакын камсыздандыруу компаниялары, 2,6 миңден ашык пай фонддору бар (2002). Туз, кум ж-а шагыл казылып алынат. Ром өндүрүшү, куру­луш материалдар, кийим-кечек, сейилдөөчү ке­мелерди куруу ишканалары иштейт. Топурагы­нын күрсүздүгүнөн айыл чарбасы жакшы өнүккөн эмес; азык-түлүккө болгон муктаждыктын <sup>9</sup>/<sub>10</sub> бөлү­гүн гана камсыз кылат. Үй куштары, бодо мал асыралат. Жашылча-жемиш, бал камыш, банан, кокос жаңгагы өстүрүлөт. Балык кармалат (жы­лына миң т). Автомобиль жолунун узундугу 177 ''км'' (2002). Аралдар ортосунда ж-а АКШнын Вир­гин аралдары м-н паром аркылуу байланышы бар. Биф-Айленд аралында (Тортола аралы м-н көпүрө аркылуу байланышат) эл аралык аэропорту бар. Импортко караганда экспорт басымдуу. Негиз­ги соода шериктери – Пуэрто-Рико, АКШнын Виргин аралдары, АКШ.<br><br>Ад.: Виргинские острова // Большая Российская энциклопедия. Т. 5. М., 2006. | |||
В и р г и н а р а л д а р ы | |||
''Р. Карачалова.'' | |||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] | |||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] |
04:13, 29 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ВИРГИ́Н АРАЛДАРЫ , В ё р ж и н (Virgin Islands) – Вест-Индиядагы шуру рифинен түзүлгөн майда аралдар тобу (100дөн ашык). Кичи Антил аралдары архипелагынын түндүк бөлүгүндө, Пуэрто-Рико аралынан чыгышта жайгашкан. Атлантика океаны ж-а Кариб деңизи м-н чулганат. Жалпы аянты 0,5 миң км2ден ашык. Мезозой-кайнозой заманынын акиташ тегинен түзүлгөн. Ири аралдарында (Сент-Томас, Тортола ж. б.) байыркы кристаллдык ж-а жанар тоо массивдери кездешет. Бийиктиги 527 мге чейин (Тортола аралындагы Род-Таун чокусу). Климаты тропиктик, пассаттык, ысык (айлык орт. темпрасы 24°–26°С), дайыма нымдуу (жылдык жаан-чачыны 1000–1500 мм); тез-тез ураган (катуу шамал) болуп турат. Тортола аралында гана агын суу бар. Ферралит топурагы басымдуу. Дайыма жашыл нымдуу токоюнун 2/3 бөлүгү айыл чарба жерлерине айландырылган. Виргин аралдары 1493-жылы Х. Колумб тарабынан ачылган. Аралдын батыш бөлүгү АКШга, чыгышы Улуу Британияга таандык. В и р г и н а р а л д а р ы АКШнын инкорпорацияланбаган (курамына кирбеген) аймагы. 68 аралды камтыйт (анын ичинде 65и майда ээн арал). Жалпы аянты 352 км2. Калкы 112,3 миң (2006). Ири аралдары: Санта-Крус (Сент-Круа; аянты 212 км2; калкы 54,7 миң), Сент-Томас (80 км2; 52,9 миң), Сент-Жон (49 км2; 4,7 миң). Административдик борбору – Шарлотта-Амалия (Сент-Томас аралында; калкы 10,4 миң). Расмий тили – англис тили. Акча бирдиги – АКШ доллары. Ички дүң продукциясы 2,5 млрд долларды (АКШ; киши башына бөлүштүргөндө 17,2 миң; 2002) түзөт. ИДПде тейлөө чөйрөсү 80%ти түзүп, эмгекке жарамдуу калктын 80% ушул чөйрөдө, 19% өнөр жай м-н курулушта, 1% айыл чарбасында эмгектенет. Экономикасынын негизин чет өлкөлүк туризм түзөт (ИДП- нин 70%). Жыл сайын 2 млнго жакын турист келет (негизинен АКШдан). Офшордук кызмат көрсөткөн банк-финансы сектору тез темп м-н өнүгүүдө. Өнөр жай ишканалары негизинен Санта-Крус аралында топтолгон. Нефть ажыратуучу ж-а глинозём ири заводдору, электрондук приборлор, пластмасса, медикаменттер, кыл торко кийимдер, импорт компоненттерден саат жасоочу өнөр жайлары иштейт. Кустардык кол өнөрчүлүгү (жыгачтан буюм жасоо) өнүккөн. Азык түлүк негизинен сырттан алынат. Аймагынын 12%ин айдоо аянты, 3%ин көп жылдык өсүмдүктөр ээлейт. Ак жүгөрү, бал камыш, жашылча ж-а жемиштер өстүрүлөт. Санта-Крус аралында мал асыралат. Автомобиль жолунун узундугу 1,26 миң км. Ири порттору – Кристианстед, Фредерикстед (Санта-Крус аралында), Шарлотта-Амалия (Сент-Томас аралында), Крус-Бей (Сент-Жон аралында). Паром аркылуу Британиялык Виргин аралдары м-н байланышат. Эки эл аралык аэропорту бар. Сырткы соодасын АКШ ж-а Пуэрто-Рико м-н жүргүзөт. Сыртка негизинен нефть продукциясын чыгарат. Сырттан чийки нефть, азык-түлүк, күндөлүк керектелүүчү товарларды ж-а курулуш материалдарын алат.
Б р и т а н и я л ы к В и р г и н а р а л д ар ы Улуу Британиянын океан мейкиндигиндеги алыскы аймагы. Жалпы аянты 153,4 км2 болгон 40 аралды камтыйт (анын ичинде 20га жакыны ээн арал). Калкы 22 миң (2006; 80% иммигранттар). Ири аралдары: Тортола (аянты 59,2 км2; калкы 18 миң), Анегада (38,6 км2), Вержин-Горда (21,2 км2). Административдик борбору – Род-Таун (Тортола аралында; калкы 8,6 миң). Расмий тили – англис тили. Акча бирдиги – АКШ доллары. Ички дүң продукциясынын көлөмү 12,5 млрд долларды түзөт (киши башына бөлүштүргөндө 38,5 миң доллар). Экономикасынын негизин тейлөө чөйрөсү (ИДП- нин 90%; калктын 90% иштейт), ошондой эле туризм, финансы кызматы түзөт. Жыл сайын 500 миңге жакын турист келет (негизинен АКШдан). 1980-жылдын орто ченинен дүйнөлүк масштабдагы офшор борборуна айланган; негизинен офшордук фирмаларды каттоо м-н алектенет. 350 миңге жакын коммерциялык, 400гө жакын камсыздандыруу компаниялары, 2,6 миңден ашык пай фонддору бар (2002). Туз, кум ж-а шагыл казылып алынат. Ром өндүрүшү, курулуш материалдар, кийим-кечек, сейилдөөчү кемелерди куруу ишканалары иштейт. Топурагынын күрсүздүгүнөн айыл чарбасы жакшы өнүккөн эмес; азык-түлүккө болгон муктаждыктын 9/10 бөлүгүн гана камсыз кылат. Үй куштары, бодо мал асыралат. Жашылча-жемиш, бал камыш, банан, кокос жаңгагы өстүрүлөт. Балык кармалат (жылына миң т). Автомобиль жолунун узундугу 177 км (2002). Аралдар ортосунда ж-а АКШнын Виргин аралдары м-н паром аркылуу байланышы бар. Биф-Айленд аралында (Тортола аралы м-н көпүрө аркылуу байланышат) эл аралык аэропорту бар. Импортко караганда экспорт басымдуу. Негизги соода шериктери – Пуэрто-Рико, АКШнын Виргин аралдары, АКШ.
Ад.: Виргинские острова // Большая Российская энциклопедия. Т. 5. М., 2006.
Р. Карачалова.