ВИШИ ӨКМӨТҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВИШИ́ ӨКМӨТҮ''' (1940–44) 2-дүйнөлүк согуштун учурунда француз өкмөтү жайгашкан Виши | '''ВИШИ́ ӨКМӨТҮ''' (1940–44) 2-дүйнөлүк согуштун учурунда француз өкмөтү жайгашкан Виши шаарынын атынан аталган. Франциянын жеңили­ши м-н 1940-жылы 22-июнда жарашууга кол кою­луп, Франциянын түндүк бөлүгү Париж м-н бирге фашисттер тарабынан оккупацияланган. Өл­көнүн калган бөлүгү көз карандысыздыгын шарттуу түрдө сактап калып, Виши шаары мамле­кеттин борборуна айланган. 10-июлда парламент бийликти маршал А. Ф. Петенге берген. Ошен­тип Үчүнчү республика өз жашоосун токтоткон. Франция территориясынын <sup>1</sup>/3 бөлүгү бул өкмөттүн карамагында болгон. Петен өлкөнүн кыйрашынын негизги себеби катары демократиялык түзүлүштү күнөөлөп, өлкөнүн аталышындагы республика сөзүн колдонбой, өзүн «Француз мамлекетинин башчысы» деп жарыялаган. Бар­дык саясий партиялар таркатылган, профсоюз­дарга тыюу салынган. Үчүнчү республиканын көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлери сот жообуна тар­тылган, 75 миң чет элдик еврейлер нацисттерге берилген. Тышкы саясатта Петен Германия м-н кызматташууга чакырган. 1944-жылы германиялык аскерлердин өлкөнүн аймагынан чегинүүсү м-н жоюлган. | ||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] | |||
шарттуу түрдө сактап калып, Виши | |||
Франция территориясынын <sup>1</sup>/3 бөлүгү бул өкмөттүн карамагында болгон. Петен өлкөнүн кыйрашынын негизги себеби катары | |||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] |
07:55, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ВИШИ́ ӨКМӨТҮ (1940–44) 2-дүйнөлүк согуштун учурунда француз өкмөтү жайгашкан Виши шаарынын атынан аталган. Франциянын жеңилиши м-н 1940-жылы 22-июнда жарашууга кол коюлуп, Франциянын түндүк бөлүгү Париж м-н бирге фашисттер тарабынан оккупацияланган. Өлкөнүн калган бөлүгү көз карандысыздыгын шарттуу түрдө сактап калып, Виши шаары мамлекеттин борборуна айланган. 10-июлда парламент бийликти маршал А. Ф. Петенге берген. Ошентип Үчүнчү республика өз жашоосун токтоткон. Франция территориясынын 1/3 бөлүгү бул өкмөттүн карамагында болгон. Петен өлкөнүн кыйрашынын негизги себеби катары демократиялык түзүлүштү күнөөлөп, өлкөнүн аталышындагы республика сөзүн колдонбой, өзүн «Француз мамлекетинин башчысы» деп жарыялаган. Бардык саясий партиялар таркатылган, профсоюздарга тыюу салынган. Үчүнчү республиканын көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлери сот жообуна тартылган, 75 миң чет элдик еврейлер нацисттерге берилген. Тышкы саясатта Петен Германия м-н кызматташууга чакырган. 1944-жылы германиялык аскерлердин өлкөнүн аймагынан чегинүүсү м-н жоюлган.