ВОЛГА: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |

1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВО́ЛГА ''', Э д и л (байыркы аты – Ра, | '''ВО́ЛГА ''', Э д и л (байыркы аты – Ра, орто кылым­да – Итил) – Европадагы эң ири дарыя. Россия­нын европалык бөлүгүндө. Узундугу 3530 ''км'', алабынын | ||
[[File:ВОЛГА45.png | thumb | Волганын ортоңку агымы.]] | [[File:ВОЛГА45.png | thumb | Волганын ортоңку агымы.]] | ||

аянты 1360 миң ''км''2. Валдай дөңсөөсүнөн баш­талып, Казан шаарына чейин кеңдик, андан кийин меридиан багыттарында агат. Каспий деңизине куярда чоң дельтаны пайда кылат (19 миң ''км''2). Волганын 200дөй куймасы бар; ирилери: Ока, Сура, Свияга (оң), Молога, Ветлуга, Бейшлот, ортоң­ку ж-а төмөнкү агымында Кама, Самара, Чоң Ыргыз (сол). Волга жогорку бөлүгүндө Жогорку Волга көлдөрү аркылуу агып, агымы суу сакта­гычтуу ГЭС каскаддары м-н жөнгө салынат. Ири ГЭСтери: Чебоксары, Волга (Куйбышев суу сак­тагычы), Волга (Волгоград суу сактагычы) ж. б. Волгоград шаары тушта суунун орточо чыгымы 724 ''м''3/''сек'', чатында 7710 ''м''3/''сек''. Ноябрдын аягы – декабрдын башынан апрелге чейин, төмөнкү агымында марттын ортосуна чейин тоңот. Волга Волга-Балтика суу жолу аркылуу Балтика де­ңизи, Түндүк Двина суу системасы ж-а Ак деңиз – Балтика каналы аркылуу Ак деңиз, Волга-Дон кеме жүрүүчү каналы аркылуу Азов ж-а Кара деңиздер, Москва атындагы канал аркылуу Москва дарыясы м-н туташат. Суусу калкты суу м-н камсыз кылууга ж-а сугатка пайдаланылат. Балыктын 70тей түрү (анын 40 промыселдик) бар. Ржев шаарынан баштап кеме жүрөт (3256 ''км''). Негизги өнөр жай борборлору ж-а порттору: Тверь, Ярос­лавль, Нижний Новгород, Казан, Ульяновск, Са­мара, Саратов, Волгоград, Астрахань. Волганын алабында – Волга-Кама, Жигули, Астрахань ко­руктары, Самара Лукасы улуттук паркы бар. Антропогендик таасирден дарыя алабында экологиялык кескин терс кырдаал түзүлгөн.

Ад.: ''Львович М. И''. Реки СССР. М., 1971; Воды России. Екатеринбург, 2000; Природно-ресурсные, экологические и социально-экономические проблемы окружающей среды в крупных речных бассейнах. М., 2005. | ||
аянты 1360 миң ''км''2. Валдай дөңсөөсүнөн баш­талып, Казан | [[Category: 2-том, 500-554 бб]] | ||

Ад.: ''Львович М. И''. Реки СССР. М., 1971; Воды России. Екатеринбург, 2000; Природно-ресурсные, экологические и социально-экономические проблемы окружающей среды в крупных речных бассейнах. М., 2005. | |||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] |
05:38, 31 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ВО́ЛГА , Э д и л (байыркы аты – Ра, орто кылымда – Итил) – Европадагы эң ири дарыя. Россиянын европалык бөлүгүндө. Узундугу 3530 км, алабынын

аянты 1360 миң км2. Валдай дөңсөөсүнөн башталып, Казан шаарына чейин кеңдик, андан кийин меридиан багыттарында агат. Каспий деңизине куярда чоң дельтаны пайда кылат (19 миң км2). Волганын 200дөй куймасы бар; ирилери: Ока, Сура, Свияга (оң), Молога, Ветлуга, Бейшлот, ортоңку ж-а төмөнкү агымында Кама, Самара, Чоң Ыргыз (сол). Волга жогорку бөлүгүндө Жогорку Волга көлдөрү аркылуу агып, агымы суу сактагычтуу ГЭС каскаддары м-н жөнгө салынат. Ири ГЭСтери: Чебоксары, Волга (Куйбышев суу сактагычы), Волга (Волгоград суу сактагычы) ж. б. Волгоград шаары тушта суунун орточо чыгымы 724 м3/сек, чатында 7710 м3/сек. Ноябрдын аягы – декабрдын башынан апрелге чейин, төмөнкү агымында марттын ортосуна чейин тоңот. Волга Волга-Балтика суу жолу аркылуу Балтика деңизи, Түндүк Двина суу системасы ж-а Ак деңиз – Балтика каналы аркылуу Ак деңиз, Волга-Дон кеме жүрүүчү каналы аркылуу Азов ж-а Кара деңиздер, Москва атындагы канал аркылуу Москва дарыясы м-н туташат. Суусу калкты суу м-н камсыз кылууга ж-а сугатка пайдаланылат. Балыктын 70тей түрү (анын 40 промыселдик) бар. Ржев шаарынан баштап кеме жүрөт (3256 км). Негизги өнөр жай борборлору ж-а порттору: Тверь, Ярославль, Нижний Новгород, Казан, Ульяновск, Самара, Саратов, Волгоград, Астрахань. Волганын алабында – Волга-Кама, Жигули, Астрахань коруктары, Самара Лукасы улуттук паркы бар. Антропогендик таасирден дарыя алабында экологиялык кескин терс кырдаал түзүлгөн.
Ад.: Львович М. И. Реки СССР. М., 1971; Воды России. Екатеринбург, 2000; Природно-ресурсные, экологические и социально-экономические проблемы окружающей среды в крупных речных бассейнах. М., 2005.