ВОЛЬТА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВО́ЛЬТА '''(Volta) Алессандро (18.2.1745, Комо – 5. 3. 1827, ошол эле жерде) – | '''ВО́ЛЬТА '''(Volta) '''Алессандро''' (18.2.1745, Комо – 5. 3. 1827, ошол эле жерде) – италиялык физик ж-а физиолог, электр жөнүндөгү илимди негиздөөчүлөр­дүн бири. Лондон королдук коомуна мүчө (1791). Комо шаарындагы гимназияда физика мугалими (1774–79), Павия университетинде профессор (1779), Падуян университетинин философия факеультетинде директор (1815–19). Вольтанын негизги эмгектери электр тогунун жан­дуу организмге тийгизген таасирине, ар түрдүү металлдарды бири бирине беттештиргенде пай­да болуучу контакттуу электр тогуна (1795) ар­налган. Ошондой эле электрофор (1775), сезгич электро­скоп (1781), конденсатор (1783), электрометр ж. б. физикалык приборлорду ойлоп тапкан. Абанын жы­луулук кеңейүүсүн ж-а диффузия кубулушун изил­деген (1790), от жалынынын электр өткөрүмдүү­лүгүн аныктаган (1787). Электр чыңалуусунун бир­диги Вольтанын ысмынан ''вольт'' деп аталган. <br><br>Ад.: ''Околотин В. С.'' Вольта. М., 1986. | ||
<br><br>Ад.: ''Околотин В. С.'' Вольта. М., 1986. | [[Category: 2-том, 500-554 бб]] | ||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] |
05:41, 3 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
ВО́ЛЬТА (Volta) Алессандро (18.2.1745, Комо – 5. 3. 1827, ошол эле жерде) – италиялык физик ж-а физиолог, электр жөнүндөгү илимди негиздөөчүлөрдүн бири. Лондон королдук коомуна мүчө (1791). Комо шаарындагы гимназияда физика мугалими (1774–79), Павия университетинде профессор (1779), Падуян университетинин философия факеультетинде директор (1815–19). Вольтанын негизги эмгектери электр тогунун жандуу организмге тийгизген таасирине, ар түрдүү металлдарды бири бирине беттештиргенде пайда болуучу контакттуу электр тогуна (1795) арналган. Ошондой эле электрофор (1775), сезгич электроскоп (1781), конденсатор (1783), электрометр ж. б. физикалык приборлорду ойлоп тапкан. Абанын жылуулук кеңейүүсүн ж-а диффузия кубулушун изилдеген (1790), от жалынынын электр өткөрүмдүүлүгүн аныктаган (1787). Электр чыңалуусунун бирдиги Вольтанын ысмынан вольт деп аталган.
Ад.: Околотин В. С. Вольта. М., 1986.