ВОЛЮНТАРИЗМ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВОЛЮНТАРИ́ЗМ '''(лат. voluntas – эрк) терми­нин 1883- | '''ВОЛЮНТАРИ́ЗМ '''(лат. voluntas – эрк) терми­нин 1883-жылы Ф. Тённис киргизген. 1) ф и л о­с о ф и я д а: дүйнөнүн түпкү жашоо себеби адам эркинде деп жарыялаган теориялык көз караш; 2) с а я с а т т а: коомдук процесстердин кыймылдаткыч күчү эркин эрк стихиясында экенин ырастаган агым; 3) п с и х о л о г и я­д а: эркти психикалык турмуштун булагы, сезимдик аракеттердин негизи, ал эми аңсезимди эрктин туундусу катары караган окуу. Шо­пенгауэрдин окуусунда, П. Лавровдун, И. Ми­хайловскийдин социологиясында «баатырлар» эрки көпчүлүктү артынан ээрчитүүчү күчкө ээ эке­ни жарыяланган. Волюнтаризм универсалдуу көрүнүш, ал саясий, экономикалык, чарбалык, коомдук, аскердик, илимий ж. б. бардык чөйрөлөрдө учурайт. Cаясатта Валюнтаризм ''ав­торитаризмге, тоталитаризмге'' же анархизмге алып келет. Көп учурда башкаруучунун эрки көпчүлүк үчүн ''мыйзам'' болуп калат. Волюнта­ристтик көз караштар кайра куруу саясатын тездетүүдө чоң роль ойногон. Башкарууну бю­рократташтыруу, ашкере борбордошкон бийлик, плюрализмдин жоктугу Волюнтаризм үчүн жагымдуу шарт түзөт.<br> | ||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] | |||
<br> | |||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] |
09:04, 3 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
ВОЛЮНТАРИ́ЗМ (лат. voluntas – эрк) терминин 1883-жылы Ф. Тённис киргизген. 1) ф и л ос о ф и я д а: дүйнөнүн түпкү жашоо себеби адам эркинде деп жарыялаган теориялык көз караш; 2) с а я с а т т а: коомдук процесстердин кыймылдаткыч күчү эркин эрк стихиясында экенин ырастаган агым; 3) п с и х о л о г и яд а: эркти психикалык турмуштун булагы, сезимдик аракеттердин негизи, ал эми аңсезимди эрктин туундусу катары караган окуу. Шопенгауэрдин окуусунда, П. Лавровдун, И. Михайловскийдин социологиясында «баатырлар» эрки көпчүлүктү артынан ээрчитүүчү күчкө ээ экени жарыяланган. Волюнтаризм универсалдуу көрүнүш, ал саясий, экономикалык, чарбалык, коомдук, аскердик, илимий ж. б. бардык чөйрөлөрдө учурайт. Cаясатта Валюнтаризм авторитаризмге, тоталитаризмге же анархизмге алып келет. Көп учурда башкаруучунун эрки көпчүлүк үчүн мыйзам болуп калат. Волюнтаристтик көз караштар кайра куруу саясатын тездетүүдө чоң роль ойногон. Башкарууну бюрократташтыруу, ашкере борбордошкон бийлик, плюрализмдин жоктугу Волюнтаризм үчүн жагымдуу шарт түзөт.