ВОРОШИЛОВ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВОРОШИ́ЛОВ ''' | '''ВОРОШИ́ЛОВ Климент Ефремович''' [(4.2.1881, Бахмут уезди, Верхний кыштагы (азыркы Украи­на, Луганский облусу – 2. 12. 1969, Москва)] – советтик мамлекеттик ж-а аскер ишмери. Советтер Союзунун Мар­шалы (1935), эки жолку Советтер Союзунун Баатыры (1956, 1968), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1960). 1918- жылдан советтик | ||
[[File:ВОРОШИЛОВ61.png | thumb | none]] | [[File:ВОРОШИЛОВ61.png | thumb | none]] | ||
Армиянын катарында. | Армиянын катарында. Граждандык согуш жылдары бир катар командалык жогор­ку кызматтарды аткарган. 1-Атчандар армия­сын уюштургандардын бири ж-а анын Аскердик революци­ячыл кеңешинин мүчөсү. 1924–25-жылдарда Москва аскер ок­ругунун командачысы ж-а СССР аскер революциячыл кеңе­шинин мүчөсү. 1925–34-жылдарда Аскер ж-а Деңиз иштери боюнча эл комиссары ж-а СССР аскер революциячыл кеңешинин төрагасы. 1934–40-жылдарда СССР коргоо эл комиссары, 1940-жылдан СССР ЭКСтин төрагасынын орун басары ж-а СССР ЭКСтин алдындагы коргоо комитетинин төрагасы. Улуу Ата Мекендик согуш жылдары Мамлекеттик коргоо комитети­нин мүчөсү, Түндүк-Батыш багытындагы аскерлерге башкы командачы, Ленинград фронтунун аскер­леринин командачысы, партизан кыймылынын башкы командачысы. 1946-жылдан СССР Ми­нистрлер Советинин төрагасынын орун басары. 1953–60-жылдары СССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы. МЭРдин Баатыры. 8 Ленин, 6 Кызыл Туу, 1-даражадагы Суворов ор­дендери, Өзбек, Тажик ССРлеринин, ЗСФСРдин Кызыл Туу ордендери, чет өлкөлүк ордендер ж-а медалдар м-н сыйланган. Сөөгү Москвада Кызыл Аянтка коюлган. Бишкекте Ворошилов атындагы кө­чө бар. | ||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] | [[Category: 2-том, 500-554 бб]] |
09:23, 3 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
ВОРОШИ́ЛОВ Климент Ефремович [(4.2.1881, Бахмут уезди, Верхний кыштагы (азыркы Украина, Луганский облусу – 2. 12. 1969, Москва)] – советтик мамлекеттик ж-а аскер ишмери. Советтер Союзунун Маршалы (1935), эки жолку Советтер Союзунун Баатыры (1956, 1968), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1960). 1918- жылдан советтик

Армиянын катарында. Граждандык согуш жылдары бир катар командалык жогорку кызматтарды аткарган. 1-Атчандар армиясын уюштургандардын бири ж-а анын Аскердик революциячыл кеңешинин мүчөсү. 1924–25-жылдарда Москва аскер округунун командачысы ж-а СССР аскер революциячыл кеңешинин мүчөсү. 1925–34-жылдарда Аскер ж-а Деңиз иштери боюнча эл комиссары ж-а СССР аскер революциячыл кеңешинин төрагасы. 1934–40-жылдарда СССР коргоо эл комиссары, 1940-жылдан СССР ЭКСтин төрагасынын орун басары ж-а СССР ЭКСтин алдындагы коргоо комитетинин төрагасы. Улуу Ата Мекендик согуш жылдары Мамлекеттик коргоо комитетинин мүчөсү, Түндүк-Батыш багытындагы аскерлерге башкы командачы, Ленинград фронтунун аскерлеринин командачысы, партизан кыймылынын башкы командачысы. 1946-жылдан СССР Министрлер Советинин төрагасынын орун басары. 1953–60-жылдары СССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы. МЭРдин Баатыры. 8 Ленин, 6 Кызыл Туу, 1-даражадагы Суворов ордендери, Өзбек, Тажик ССРлеринин, ЗСФСРдин Кызыл Туу ордендери, чет өлкөлүк ордендер ж-а медалдар м-н сыйланган. Сөөгү Москвада Кызыл Аянтка коюлган. Бишкекте Ворошилов атындагы көчө бар.