ВОТЧИНА: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВО́ТЧИНА '''– жерди (курулуш, унаа-шайманы м-н кошо) ж-а | '''ВО́ТЧИНА '''– жерди (курулуш, унаа-шайманы м-н кошо) ж-а көз каранды дыйкандарды феодалдык менчиктөөнүн, ошондой эле ал менчиктөөгө байланыш­туу укуктар комплекси. Вотчина европалык ар кайсы элде ар кандай (сеньория, манор, поместье ж. б.) аталган. Р о с с и я д а 11–18-кылымда өкүм сүргөн феодалдык жер менчигинин бир түрү да Вотчина деп атал­ган. Бул термин орусча «отчина» (ата мурас) де­генден келип чыккан. Ээси Вотчинасын сатып, ошондой эле мураска да калтыра алган. Ири Вотчиналар 15-кылымдын аягына чейин феодалдык ээлөөнүн кеңири таралган формасы болгон. Борбордошкон орус мамлекети күчөп турганда поместьелик жер ээлөө өнүгүп, княздык ж-а боярдык Вотчиналар ''опричнинанын'' кы­сымынан кедери кеткен. 16–17-кылымда Вотчина м-н поме­стье (чектелген ж-а шарттуу жер ээлөө) жакын­дашып, ал экөө Пётр Iнин жеке мурас жөнүндөгү указы боюнчача (1714) бириктирилген. | ||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] | [[Category: 2-том, 500-554 бб]] |
09:37, 3 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
ВО́ТЧИНА – жерди (курулуш, унаа-шайманы м-н кошо) ж-а көз каранды дыйкандарды феодалдык менчиктөөнүн, ошондой эле ал менчиктөөгө байланыштуу укуктар комплекси. Вотчина европалык ар кайсы элде ар кандай (сеньория, манор, поместье ж. б.) аталган. Р о с с и я д а 11–18-кылымда өкүм сүргөн феодалдык жер менчигинин бир түрү да Вотчина деп аталган. Бул термин орусча «отчина» (ата мурас) дегенден келип чыккан. Ээси Вотчинасын сатып, ошондой эле мураска да калтыра алган. Ири Вотчиналар 15-кылымдын аягына чейин феодалдык ээлөөнүн кеңири таралган формасы болгон. Борбордошкон орус мамлекети күчөп турганда поместьелик жер ээлөө өнүгүп, княздык ж-а боярдык Вотчиналар опричнинанын кысымынан кедери кеткен. 16–17-кылымда Вотчина м-н поместье (чектелген ж-а шарттуу жер ээлөө) жакындашып, ал экөө Пётр Iнин жеке мурас жөнүндөгү указы боюнчача (1714) бириктирилген.